New Page 1

Эй бир боорум! Менден бир нече насыйкат сурадың. Сен бир аскер болгонуң үчүн, аскердик мисалы менен айтылган сегиз чакан аңгеме менен бирге бир нече акыйкатты написим менен бирге уккун. Себеби мен написими баарынан көбүрөөк насыйкатка муктаж деп ойлоймун. Убактысы менен сегиз Аяттан пайдаланып жазган "Сегиз Сөздү" бир аз узунураак кылып написиме айткан элем. Азыр кыскача жана карапайым элдин тили менен напи-симе дагы айтамын. Ким кааласа бирге уксун.

 БИРИНЧИ СӨЗ

 

«Бисмиллах» - ар бир кайырдүү иштин башы. Биз дагы оболу аны менен баштайбыз. Эй, написим, бил! Бул мүбарак сөз -Ислам нышаны болуу менен бирге түм бар болгон нерселердин абалдарынын тили жана ар дайым айтылган сөзү, зикири.

«Бисмиллах» - кандай чоң түгөнбөгөн кубат, кандай көп бүтпөз берекет болгонун түшүнгүң келсе, бул мисал болгон чакан аңгемеге кара, кулак сал... Мындайча:

Көчмөн арабтардын чөлдөрүндө саякат эткен адамдын каракчылардын жамандыктарынан кутулуу жана керектүү нерселерди ала алуусу үчүн бир уруунун башчысынын ысымын алып, анын кара-магына кирүүсү керек, болбосо жалгыз башына чексиз көп душмандары менен муктаждыктары өңүндө бушайман болот. Мына ушундай бир саякат үчүн эки адам чөлгө кетип бара жатышат. Алардын бири кичипейил, экинчиси болсо текебердүү эле.Кичипейил болгону бир башчынын ысы-мын алды, текебердүүсү албады. Алганы бардык жерде сак-саламаттыкта кезди. Жол кескен бир каракчыга туш келсе:

«Мен палан башчынын ысымы менен кезе-мин,» - дейт. Каракчы болсо ага тийише албайт, жайына коёт. Каалаган чатырга кирсе ошол ысым аркылуу сый урматка ээ болор эле. Аркы текебердүүсү болсо, бүтүн саякатында айтып болгуз балээлерге жолугат. Ар дайым титирээр, ар дайым кайырчылык кылаар эле. Нары-бери темселеп, уят болуп жүрдү.

Мына эй, текебердүү написим! Сен ошол саякатчысың. Бул дүнүйө болсо бир чөл. Алсыздыгың менен жардылыгың чексиз. Душмандарың менен муктаж болгон нерселериңин да сону жок. Эгер ушундай болсо бул чөлдүн Сонсуз Ээсинин жана Эзели Акиминин ысымын ал... Ошондо бардык ок-уялардын каршысында титирөөдөн, бүткүл ааламдын кайырчылыгынан кутуласың...

Ооба, бул сөз сенин чексиз алсыздыгың, жардылыгың сени соңу жок кудуретке, рахметке байлап, Кадири Рахимин дергахында алсыздыкты, жардылыкты эң кабыл болгон шапаатчы кылгандыктан ушунчалык берекелүү казына болуп эсептелет. Ооба, бул сөз менен аракет эткен бирөө аскердикке алынган адамга окшойт. Ал адам өкмөт аты аркылуу аракет этет, эч кимден коркпойт. «Мыйзамын аты менен, өкмөттүн аты менен» деп, түрдүү ишти кылып, ар жаман нерсеге каршы турат.

Сөзүбуздүн башында "түм бар болгон нерселер абалынын тили менен «Бисмиллах» дейт", деп айткан элек. Ош-ондой эмеспи?

Ооба, маселен мындай болсо Жалгыз бир адам келип, бардык шаар тургундарын мажбурлап бир жерге жиберди дейли жана аларды мажбур этип иштеттирди. Эч күмөнсүз билесиң. ал адам өз аты, өз күчкубаты менен аракет этпеди. Балким ал бир аскердир. Бир өкмөт атына аракет этип, бир падышанын күчкубатына таянгандыр.

Дал ушуга окшоп, бардык ңерсе Жанабы Хактын аты аркылуу аракет этет. Ушундай болгону үчүн гана чаң сыяктуу майда уруктар үстүндө тоо сымал жыгачтарды көтөрүп турушат. Демек, ар бир жыгач «Бисмиллах» дейт, Рахмет казынасынын жемиштеринен колдоруна толтуруп, бизге тартуулайт. Ар бир бакча «Бисмиллах» дейт да Кудурет ашканасынан бир казан болуп, анда өтө көп түркүн түрдүү даамдуу татымдар бышырылат. Сыйыр, төө кой жана эчки сыяктуу ар бир берекелүү жандык «Бисмиллах» дейт, Рахметтин бе-рекетинен бир сүт булагы пайда болот. Бизге Раззак аты менен эң таттуу, эң таза тиричилик суусу сымаал татымдар тартуулайт. Ар бир өсүмдүк, тал-терек жана оттордун жибек сымал жумшак түптөрү менен тамырлары «Бисмиллах» дейт да, катуу болгон таш-топуракты жарып өтөт. «Аллахтын аты менен, Рахмандын аты менен,» - дейт, бардык нерсе аларга таа-зим кылат.

Ооба, жер үЮтүндө бутактардын жайылып таралышы жана жемиш берүүсү сыяктуу тигил катуу болгон таш менен .топуракта тамырлардын оңой гана таралуусу жана жер астында жемиш берүүсү, ары айлар бою назик, жашыл жалбырактарынын аптапка карабастан жаш калуусу - табиюндун оозуна тарс эткендей эле болот.

Көр болгур көзүнө бармагын согот да: "Тигил жибек сымал жумшак тамырлардын ар бир Мусанын асасы сыяктуу,

 

буйругуна мойун ийип таштарды жарып таштайт, демек эң ишенген катуулук жана ысыктык дагы Анын буйругу менен аракет этет," - дейт. Жанагыл сигарет кагазы сымал жука, на-зик жалбырактардын ар бири Ибрагимдин (а.с.) органдары сыяктуу от чачкан ысыктыкка каршы

аятын окууда.

Эгер чын эле бардык нерселер руханий «Бисмиллах» десе...Аллахтын аты менен Аллахтын ниметтеринен бизге алып келип сунуп жаткандыктан биз дагы «Бисмиллах» дешибиз керек. Аллахтын аты менен берип, Аллахтын аты менен алуубуз керек. Андай болсо, Аллахтын аты менен бербеген наадандардан эч нерсе албообуз керек.

Суроо: Сатуучу деп саналган кишилерге бир акы төлөйбүз. А мал-мүлктүн чыныгы ээси болгон Аллах биздин кандай акы берүүбүздү каалайт?

Жооп: Ооба, Мүними Хакики бу кым-баттуу ниметтер, мал-мүлк ордуна бизден үч гана нерсе каалайт. Бири - зикир, экинчиси - шукур, үчүнчүсү болсо - пикир.

Эң башында «Бисмиллах» зикир. акырындагы «Элхамдүлиллах» шүкүр. Ортодогу болсо, чеберчиликтин ажайып туундулары болгон бу кымбаттуу ниметтерди Эхад, Самедтин кудуретинин сыйкырдуу иши жана рахметинин сыйлыгы деп тушунуу жана ойлоо - пикир болуп эсептелет.

Белек ээсин таныбастан, бир падышанын барктуу белегин сага алып келген бечара бир адамдын бутун өбүү кандай даражада акмактык болсо, сыртынан чыныгы болуп көрүнгөн нимет берүүчүлөрдү мактап жана сүйүп, Мүними Хакикини унутуу андан миң эсе акмакчылык кылгандык болот.

Эй, напис? Мындый акмак болгуң кел-бесе Аллахтын аты менен бер... Аллахтын аты менен ал... Аллахтын аты менен баш-та... Аллахтын аты менен иш кыл. Вессалам.

 

ЭКИНЧИ СӨЗ

Ыйманда канчалык чоң бакыт жана нимет, канчалык чоң лаззат жана рахат бар экенин түшүнгүң келсе, бул мисал болгон чакан аңгемеге көз сал, тыңша...

Өткөн замандардын биринде эки адам ары рахаттануу, ары соода үчүн саякатка чыгышат. Бири менменчил, бактысыз бир тарапка, экинчиси худабин, бактыяр башка тарапка сапар тартышып, жөнөшөт. Менменчил адам ары өзүмчүл, ары ходендиш, ары үмүтсүз болгондуктан үмүтсүзүгүнүн жазасы болуп, анын оюнча өтө жаман бир өлкөгө туш келет. Караса бардык жерде алсыз бечаралар зордукчул, коркунучтуу адамдардан кордук көрүп, бузукулуктарынан запкы чегип кайгырып жүрүшөт. Барган бардык жерлерде мындай кайгылуу, аянычтуу абалды көрөт. Бүтүн өлкө орток кайгыруу жеринин кейпин алган. Өзү болсо үрөйдү учурган бул аянычтуу абалды сезбөө үчүн мас болуудан башка айла таба албайт, анткени ага чөйрө бейтааныш жана душмандай көрүнөт. Алды-аркасында коркунучтуу сандагы жаназаларды, үмүтсүздүктөн улам ыйлаган жетимдерди көрөт, абийири азап ичинде калат. Аркыеы, худабин, Аллахты сүйгөн чынчыл жана ак пейил болчу. Мындан улам өз ою боюнча өтө сонун бир өлкөгө туш келди.

Мына, бул жакшы адам келген өлкөсүндө орток кубанычтуу жагдайды көрөт. Ар тарапта шан-шөөкөт, өзүнө тар-тып турган кубаныч толо зикирканалар. Ал жердегилердин баары ага дос жана тууган болуп көрүнөт. Бүтүн өлкөдө "жашасын...", "рахмат айтабыз" ураандары менен жалпы аскердик кызматынан бошоо кубанычы өкүм сүрүп жатканын, ары такбир жана техлил менен аскердикке алуу үчүн ойнолгон добулбас менен коштолгон көңүлдүү обонун угат, көрөт.

Оболку бактысыздын ары өзүнүн, ары жалпы элдин муңу менен кайгыруусуна бедел болуп, бу бактыяр ары өзүнүн, ары жалпы элдин кубанычына орток болуп, көңүлдүү жүрөт, Ары соода-сатыктан жакшы нерселер табат, Аллаха шүкүр кылат.

Андан соң кайтып келе жатып, оболку адамга туш келет. Абалын түшүнөт. Ага мындай деп кайрылат: "Эй, сен дубана болуп калыпсың. Күлүүнү ыйлоого алмаштырып, аскердиктен бошонууну талап тоноо деп ойлогондугундан улам ичиңдеги быкы-чыкыларың тышыңда көрүнүп турат. Акылыңа кел, жүрөгүңдү тазарт. Ушул аянычтуу парда сенин көз алдыңдан кетсин, андан кийин гана сен акыйкатты көрө аласың. Анткени өтө адилеттүү, мээримдүү, кудуреттүү, тартипти сүйгөн, элдин коргоочусу болгон мээрман падышанын өлкөсү, өркүндөгөн жана теңдешсиз өнөр туундулардын чыгарган бул өлкө сенин божомолуң көрсөтүп турган абалда болуусу мүмкүн эмес. Мындан кийин тигил бактысыздын акылы башына келет. Өкүнө: "Ооба, мен мастыктан улам дубана кей-пине келдим. Тозоктук бир абалдан мени куткаргандыгың үчүн Аллах сенден ыраазы болсун," - дейт.

Эй, написим! Билип ал, оболку адам ка-пыр, же болбосо Аллахы унуткан күнөөкөр. Анын ою боюнча бул дүнүйө, жалпы кайгыруу жери. Бүткүл жандыктар - фирак жана зевал тепкисинден улам ыйлаган жетимдер. Жаныбар менен кишил-ер болсо ажал тырмагы майдалап салган коргоочусуз бузукулар. Тоолор жана деңиздер сыяктуу бар болгон чоң нерсел-ер; рухсуз, үрөйдү учурган жаназалар кейпинде. Капырдыгы жана тепетерс ойло-рундан улам ушулар сыңар дагы да аянычтуу, коркунучтуу, кыйноочу түшүнүктөр пайда болуп, аны рухий жактан азап чек-тирет.

Экинчи адам болсо - мусулман. Жанабы Халикы тааныйт жана кубаттайт. Анын оюнда бул дүнүйө Рахмандын бир зикирканасы, инсандык жана айбанатын таалимтарбия ала турган жайы, кишилер менен жиндердин ымтыхан жери. Бүтүн айбанат менен инсандыктын өлүмү болсо - аскердик кызматынан бошонуу болуп саналат. Жашоо милдетин өтөп бүткөндөр бул жалган дүйнөдөн рухий шаттык менен кубана кайгыкасиретсиз башка дүнүйөгө кетишет. Алардын жери бошолуп, жаңыдан милдеттендирилгендер келишет, ал жерде иштешет. Бардык айбанат менен инсандыгын жаралышы - аскердикке, курал алдына, милдетинин башына келүүсү демек. Бүтүн тирүү жандар - кызмат башындагы көңүлдүү аскер, туура жүргөн адил кызматкерлер. Бүтүн добуштар болсо же милдетин башталышындагы зикир жана тесбих менен бүтүшүндөгү шүкүр жана дам алууудан, же иштөө ынтаасындан пайда болгон үндөр.

Бардык тирүү жандар, ал мүминдин (момундун) көз карашынча Сейиди Керимдин жана таттуу акыйкаттар анын ыйманындан билинет жана көрүнөт.

Демек, ыйман руханий бир Тубаи Женнет данегин, капырлык болсо руханий бир Заккуму Жехеннем уругун сактоодо.

Демек саламаттык жана коопсуздук тек гана Исламда жана ыйманда. Андай болсо, биз дайыма:

 

дешибиз керек.

 

ҮЧҮНЧҮ СӨЗ

Ибадаттын кандай чоң бир соода жана бакыт, күнөө менен азгындыгын кандай чоң бир зыян жана кыйроо экенин түшүнгүң келсе, бул мисал болгон чакан аңгемеге көз сал, тыңша..

Өткөн замандардын биринде эки аскер алыскы бир шаарга барууга буйрук алышат. Жолдору экиге айрылганга чейин бирге жүрүшөт. ал жерде бир адамга жолугушат. Аларга мындай дейт: "Бул оң жактагы жолдун эч бир зыяны болбоо менен бирге, бул жолдогу жолоочулардын ондон тогузу чоң пайда жана рахат табат. Сол жактагы жол пайдасыз болуу менен бирге, бул жолдогу он жолоочудан тогузу зыян тартат. Эки жол тең ары кыска, ары узундугу бирдей. Тек гана бир айырмачылык бар: тартиби болбогон короочусуз бул жолдун жолоочусу куржунсуз, курал-жараксыз жүрөт. Сырттан ошондой көрүнгөн бир жеңилдик, жалган рахаттык көрөт. Аскерий тартипте болгон оң жолдун жолоочусу болсо, керектүү заттар толтурулган төрт оккалык бир куржун менен ар душманды жеңе турган эки киелик, аскер башчысынын сонун курал-жарагын алып жүрүүгө мажбур болот. Жолду түшүндүрүп берген адамдын сөздөрүн уккан эки аскердин бактыяры оң жолго түшөт. Бир батман оордукту желкесине жана белине жүктөйт, бирок көңүлү миңдеген батман мүшкүлдөн жана кңркуулардан кутулат. Аркы бактысыз аскер болсо аскерликти тыштайт, тартипке баш ийгиси келбейт жана сол жолго түшөт. Денеси бир батман оордуктан ку-тулат, бирок жүрөгү миңдеген батман мүшкүл алдында жана руху чексиз коркуулар ичинде эзилет. Ары ар кимден кайыр сурап, ары ар нерсе, ар окуядан коркконунан титиреп жолун улантат, жете турган жерине чейин. Ал жерде болсо баш көтөргөн жана качкын жазасына тартылат.

Аскердик тартипти сүйгөн, куржуну менен курал-жарагын сактаган жана оң жолго түшкөн аскер болсо эч кимден мүшкүл жебей, эч кимден коркпой, жүрөгү жана ынсабы рахат болуп жүрөт, бара турган шаарга чейин. Ал жерде болсо милдетин дурус аткарган намыстуу аскерге ылайык сыйлыктарга татыктуу болот.

Мына, эй, өжөр напис! Билип ал ал эки жолоочу. бири Аллахын мыйзамдарына моюн сунган, экинчиси баш көтөргөн жана написинин каалоосуна батынган кишилер. Тигил жол болсо өмүр жолу: рух ааламынан башталып, кабирден өтөт да, акыретке узанат. Тигил куржун менен курал-жарак болсо ибадат жана таква болот. Ибадаттын көрүнгүн бир оордугу бар, би-рок маңыздында ушундай бир рахат жана жеңилдик бар, аны да айтып жеткизүү мүмкүн эмес. Себеби пенде намазында мындай дейт:

 

Башкача айтканда: "Андан башка Халык жана Раззак жок! Зыян жана пайда анын колунда. Ал ары Хаким, керексиз иш кыл-байт, ары Рахим, жакшылыгы жана мээримдүүлүгү көп" - деп чын дили менен ишенгендигинден улам бардык нерседе рахмет казынасынын эшигин табат. Дубасы менен аны каккылайт. Ары бардык нер-сени өз Раббисинин буйругуна моюн сунуучу деп билет. Раббисине сыгынат. Тевеккүлгө таянып, ар түрдүү кайгыкасиреттен сактанат. Ыйманы ага толук коопсуздук сезимин берет. Ооба, ар бир чыныгы жакшылыктар сыяктуу кайраттуулуктун дагы башаты ыйман жана Аллаха пенделик этүү болуп саналат. Бардык күнөөлөр сыяктуу коркоктуктун да чыккан негизги башаты далалет ( туура жолдон четтөө) болуп саналат.

Эгер жер шаары бомба болуп жарылса да, бу журөгү нур менен толгон пендени коркутпасы толук ыктымал, балким Куду-рети Самеданиенин бул укмушун лаззатуу таң калуу менен тамаша кылаар. Бирок атактуу, акылы нурдуу деп таанылган, дили ыймансыз күнөөкөр бир философ болсо, көктө куйруктуу жылдызды көрсө, үрөйү учуп" бул тентек жылдыз жерибизге түшпөс бекен ыя" деп күмөндөнүп коркот. ( Бир замандары Америка буга окшош бир жылдыздан титиреп, көптөгөн эл үйлөрүн тыштап кетишкен болчу.)

Ооба, адам чексиз нерселерге муктаж болгон учурда, мал-мүлкү жок кейпинде... Ары чексиз көп кайгыкасиреттерге дуу-шар болгон жагдайда, күчкубаты жок кейпиндеги бир зат. Мал-мүлк менен күчкубатынын чеги колунун кай жерге жетишине чейин, бирок армандары, каалаган нерселери жана азапкордуктары менен балээлеринин чеги болсо көзү мен-ен кыялынын жете турган жерине чейин жана бара бара кеңеет. Мынчалык алсыз, күчсүз, жарды жана муктаж болгон инсан рухуна ибадат, тевеккүл, тевхид жана таслимин канчалык чоң пайда, бакыт, нимет болгонун көр болбогон бардык зат-тар көрөт, түшүнөт. Белгилүү болгондой-. зарарсыз жол, канчалык он ыктымалдан бири зарардуу болсо да, зарардуу жолдон артык көрүлөт. Ушул тапта маселеге алган убудиет (Аллаха пенделик этме) жолу зарарсыз болуу менен бирге ондон тогуз ыктымалы менен ал жолдо сонсуз бир бакыт казынасы бар. Күнөө жана азгындык жолу болсо, (күнөөкөрүн мойун алуусу менен бирге да) пайдасыз болгон абалда ондон тогуз ыктымал менен сонсуз зордук-зомбулук балекети бар экенин ижма жана таватүр даражасында, чексиз Эхли Ихтисасын жана Ахли Мүшехеденин күбө болуулары менен туруктуу жана Ахли Зевк менен Ахли Кешфтин кабарлары менен акыйкаттыр. Сонунда: Акырет сыяктуу дүнүйө бактысы да - ибадатта жана Аллаха аскер болууда жатат. Андай болсо биз дайыма,

 

дешибиз керек жана мусулман болгонубузга шүкүр этүүбүз керек.

 

ТӨРТҮНЧҮ СӨЗ

Намаз канчалык кымбат жана маанилүү, ары арзан жана аз гана чыгым менен та-была турганын, муну менен бирге намаз-сыз адамдын канчалык маң жана зыяндуу экендигин, эки жерде эки төрт дегенчелик даражада так билгиң келсе бул мисал болгон аңгемеге көз сал, тыңша.

Өткөн замандардын биринде бир чоң аким - эки кызматкеринин ар бирине жыйырма төрт алтындан берип, эки ай алыстыктагы менчиги болгон сонун жерине жашоо үчүн жөнөтүп жатып, аларга мындай деп буйрук берет. "Бул акчаны жолго жана жол акысына жумшагыла, ары ал жердеги үйүңөргө керектүү кээ бир нерселерди сатып алгыла. Бир күндүк алыстыкта бир бекет бар. Ал жерде машина да, кеме да, поезд да, учак да бар. Калган акчаңарга карап булардын бирине мингиле.

Эки кызматкер дарс алгандан кийин жолго чыгышат. Бири бактыяр эле, бекетке барганча акчасынын бир бөлүгүн каржайт жана ал чыгымын ичинде мырзасына жага турган сонун соода-сатык кылып, акчасын бирден миңге көбөйтөт.

Аркы кызматкер, бактысыз жана сол-саяк болгондугундан бекетке чейин жыйырма үч алтын сарптайт. Кумар-мумар ойноп, акчасын жок кылат. Бир гана алтыны калат. Жолдошу ага мындай дейт: "Ай, сен эми ушу алтыныңы бир билетке бер, бул жолдо жөө жана ач калбайын десең. Биздин мырзабыз - керим, балким мээримдүүлүк кылаар, кылган каталарыңды кечирээр. Сени да учакка отургузаар. Бир күндө бара турган жерибизге жетебиз. Болбосо эки айлык бир чөлдө ач, жөө, жалгыз кетүүгө мажбур болосуң. Ажеп, эгер бул адам өжөрлөнүп, ал жалгыз алтынын казынанын ачкычы болгон билетке бербей убактылуу лаззат үчүн азгындык жолуна жумшаса.. эң акылсыз адам да анын өтө акылсыз, зыяндуу жана бактысыз экенин түшүнбөйбү.

Мына, эй, намазсыз адам жана эй, намаздан кош болбогон написим! Ал аким -Раббимиз, Халыкымыз. Тигил эки кызматкер жолоочулар болсо, бири - диндар, намазын жандили менен кылат, аркысы Кудайды унуткан намазсыз адам. Ал жыйырма төрт алтын болсо жыйырма төрт саат, алкүндөлүк өмүр. Ал атайын жер болсо - Бейиш. Ал бекет болсо - кабир. Саякат болсо - кабирге, хаширге, меңгиликке кете турган адамзаттын сапары. Амалга карап, таква кубатына карап, бул узак жолду ар түрдүү даражада жүрүп өтүшөт. Таква ээси адамдардын бир бөлүгү чагылган сыяктуу - миң жылдык жолду бир күндө басып өтүшөт. Бир бөлүгү да элүү миң жылдык узактыкты кыял сыяктуу бир күндө бүтүрүшөт. Бул акыйкатка Кураны Азимушшан эки аяты менен ишарат этет. Билет болсо - Намаз. Бир гана саат беш убакыт намаз үчүн, даараты менен бирге, жеткиликтүү.

Ажеп, жыйырма үч саатын бул кыска дүнүйөлүк өмүрүнө жумшаган жана бир гана саатын да, ал узун меңгилик өмүрүнө жумшабаган адам канчалык зыян тартат, канчалык написине зулум кылат, канчалык акылга терс аракет этет. Анткени миң адам катышкан лотерея кумарында эгер акылы туура көрүп, акчасынын жарымын тиксе, чынында утуу ыктымалы миңде бир гана. Андан кийин акчасынын жыйырма төрттөн бир бөлүгүн жүздө токсон тогузунун утуу ыктымалы болгон бир меңгилик казынага бербөө - канчалык деңгээлде акылга жана хикметке терс аракет эткенин, канчалык акылдан узак болгонун өзүн акылдуумун деп ойлогон адам түшүнбөйбү?

Чындыгында намазда рухтун, журөктун жана акылдын чоң рахаты бар, ары денеге да анчалык оор бир түйшүк эмес. Ары намаз кылган кишинин мубах болгон башка дүнүйөлүк амалдары - жакшы ниет менен ибадат өкүмүн алат. Бул жол менен бүткүл өмүрүндө жыйнап-топтогонун Акыретке байлык эте алат, жалган өмүрүн бир жагынан меңгилик кылат.

 

БЕШИНЧИ СӨЗ

 

Намаз кылуу жана чоң күнөөлөрдү жасабоо - кандай даражада адамдын чыныгы милдети, кандай даражада адам жаратылышынын табигый натыйжасы экенин көргүң келсе, бул мисал болгон чакан аңгемеге көз сал, тыңша...

Согуш убагында бир бөлүмдө, бири тажрыйбалуу, милдетин сүйгөн, экинчиси тажрыйбасыз, написин жакшы көргөн эки аскер бар эле. Биринчиси таалим-тарбияга, урушууга көңүл буруп, керектүү нерселерди жана ырыскысын эч ойлобойт эле, анткени аны багуу, керектүү нерселерди берүү, ооруса даарылоо, атүгүл муктаждыгына карап тамагын оозуна салып коюу иштери - өкмөттүн милдети экенин, а өзүнүн негизги милдети болсо -таалим жана согушуу экенин ал билет болчу. Бирок кээ бир ырыскы жана керек-жарактарга байланыштуу жумуштарды жасайт эле. Тамак бышырат, идиш-аяктарды жуучу. Ага "эмне кылып жатасың деп сурашса, "өкмөттүн тегин жумушун кылып жатам" дечү. "Күнүмдүк жашоом үчүн керектүү акча үчүн" дечү эмес. Тажрыйбасыз болгон экинчи аскер болсо таалимге жана урушка көңүл бур-байт эле. "Ал өкмөттүн иши, мага ти-йиштүү эмес" дечү. ар дайым күнүмдүк оокатын ойлоп, анын артынан кубалап, бөлүмүн таштап кетип базарда алып са-тарлык кылат эле. Бир күн тажрыйбалуу жолдошу ага мындай деди: "Агайын, негизги милдетиң таалим жана согушуу. Сен ошол себептен бул жерге келти-рилгенсиң. Падышага ишен, таян, ал сени ач калтырбайт, ал падышанын милдети. Ары сен алсыз жана жардысың, кез келген жериңде өзүңдү асырай албайсың ары азыр күрөшүү жана согушуу убактысы. Сага баш көтөргөн деп жаза беришет. Ооба, көз алдыбызда эки милдет күрүнүп турат.

Бири - падышанын милдети. Кээде биз анын жумушун кылабыз, ал болсо бизди азыктандырат.

Экинчиси - өзүбүздүн милдетибиз. Падыша бизге жардам берет, ал да таалим-тарбия жана сугушуу.

Ажеп, тигил селсаяк аскер, каарман жана таалим көргөн жолдошунун сөзүнө кулак салбаса, канчалык коркунуч ичинде калар экен... Түшүнөөрсүң?

Мына, эй, жалкоо написим! Тигил толкундаган согуш майданы - бул азаптуу дүнүйө жашоосу. Бөлүмдөргө бөлүнгөн аскерлер тобу болсо - адамзат коому. Ал бөлүк болсо - бул кылымдагы Ислам коому. Эки аскердин биринчиси болсо дин парздарын билген жана орундаткан, ка-баирди тыштаган жана күнөөлөрдү жасабоо үчүн написи менен шайтанга кар-шы күрөшкөн мүттаки мусулман, экинчиси болсо Раззакы Хакикини иттихам этүү даражасында күнүмдүк оокат дартына ба-тып, парздарды орундатпаган жана тири-чилик жолунда кездешкен күнөөлөрдү жасаган, азгындык жолуна түшкөн күнөөкөр. Баягы таалим жана тарбиялар болсо - башында намаз болгон ибадат. Согуш болсо - напис менен анын каалоо-суна, жин жана киши шайтандарга каршы күрөшүп, күнөөлөрдөн жана жаман мүнөздөрдөн жүрөктү жана рухту сонсуз жок болуудан куткаруу демек. Ал эки милдет болсо - биринчиси. жашоону берип, азыктануу, экинчиси: жашоо бергенге жана асыраганга ибадат этүү, жалбаруу. Ага тевеккүл этип, ишенимдүү болуу.

Ооба, эң жаркын Самадани өнөрүнүн сыйкыры жана раббани хикметинин кере-мети болгон жашоону ким берген, жараткан болсо ырыскы менен ал жашоону азыктандырткан жана соттогон да - Ал өзү. Андан башка болбойт. Далил калайсыңбы? Эң күчсүз, эң маң айбандар жакшы багылат. (Жемиш курттары менен балыктар сыяктуу). Эң алсыз, эң назик макулук эң жакшы ырыскыны жейт (Бөбөктөр менен айбанаттын балдары сыятуу).

Ооба, адал ырыскынын келүүсүнө себеп күчкубат жана ыктыяр менен бол-богондугун, балким алсыздык менен дар-мансыздык аркылуу болгонун түшүнүү үчүн балыктар менен түлкүлөрдү, бөбөктөр менен жыртыч айбандарды, тал-терек менен жаныбарларды салыштырып көрүү жеткиликтүү. Демек, күн көрүү дарты үчүн намазын тыштаган адам таалимини жана калканын тыштап, базарда кайырчылык кылган аскерге окшойт. Бирок намазды кылгандан кийин Жанабы Раззакы Керимдин рахметинин ашканасындан ке-ректүү нерселерди издөө, башкаларга тоскоолдук кылбоо үчүн өзү арекет этсе бул жакшы, ары марттык, ары бир ибадат да болот.

Адамдын ибадат үчүн жаратылганын табияты да, руханий сезим мүлөдөрү да көрсөтүп турат. Анткени бул дүнүйөлүк жашоосуна керек болгон амал менен күчкубат жагынан эң төмөндө учкан таранчыга да жетише албайт. Бирок руханий жана Акыреттеги өмүрүнө керек болгон илим жана пакырлыгын билип, жалбаруу жана ибадат жагынан - айбанаттын сул-таны жана жол башчысы өкүмүндө болот.

Демек, эй, написим! Эгер дүнүйөлүк жашоону негизги максат этсең жана ар дайым анын үчүн аракет этсең эң төмөндө учкан бир таранчынын нөөкөрү кейпинде болосуң. Эгер Акыреттеги жашоону негизги максат этсең, бул жашоону да ага себеп жана эгиндик деп билип жана ага карап аракет этсең ошондо айбанаттын чоң бир кол башчысы жана бул дүнүйөдө Жанабы Хактын наздуу, нияздуу кулу, сыйлуу жана кадырдуу коногу болосуң.

Мына, сага эки жол... Каалаганыңды тандай аласың. Хидаят менен жардамды Архамур-рахиминден сура...

 

АЛТЫНЧЫСӨЗ

Напис менен мал-мүлкүн Жанабы Хакка сатуу жана Ага кул жана аскер болуу, канчалык пайдалуу соода, канчалык абы-ройлуу наам экенин түшүнгүң келсе, бул мисал болгон аңгемени тыңша...

Өткөн замандардын биринде бир падыша карамагындагы эки адамдын ар бирине ам-анатка, ичинде фабрика, өндүрүш машина-сы, ат, курал-жарак сыяктуу бардык нерсе бар бирден кожолук берет. Бирок өтө оор согуш мезгили болгондуктан, эч нерсе туруктуу калбайт, же жок болот, же өзгөрүп кетет. Падыша ал эки аскерине өтө мээримдүү бир жарлыгы аркылуу аларга мындай деп кайрылды: "Колуңардагы аманатымды мага саткыла. Ушинтип силерге сактап берейин. Бекерге жок болуп кетпесин. Ары согуш бүткөндөн кийин силерге мындан жакшы түрдө кай-тарып берем. Ары ал аманат силердин байлыгыңар сыяктуу, аларга өтө көп акча төлөймүн. Ары аркы өндүрүштүк машиналар жана фабрикадагы жабдыктар, менин атым менен менин жумуш ордумда иштет-тирилет. Ары баасы, ары акылары бирден миңге көтөрүлөт. Бардык пайданы силерге беремин. Ары силер алсыз жана жардысыңар, тигил чоң иштерди жүргүзүү үчүн керектүү жабдууларды таба албай-сыңар. Бардык чыгымдырды, жана ке-ректүү нерселерди алууну өз моюнума ал-амын. Бардык пайда менен байлыкты кайтарып берем. Ары аскердиктен бошогонго чейин колуңарда калтырамын. Мына беш мертебе пайда үстүнө пайда. Эгер мага сатпасаңар, ансыз деле көрүп турасыңар эч ким колундагысын сата ал-бай турат жана силердин да ошолор сыяктуу колуңардан чыгат. Ары бекер гана кетет, ары бул жогорку баадан макурум каласыңар. Ары ал назик баалуу аспаптар колдонула турган жогорку даражадагы кенч жана жумуш таппагандыгындан бүтүндөй баалуулугу түшөт. Ары башкаруу жана сактоо кыйынчылыгы, машакаты моюнуңарга жүктөлөт, ары аманатка кыянат жазасын көрөсүңөр. Мына беш мертебе зыян үстүнө зыян!.. А мага сатуу болсо - мага аскер болуп, менин атым менен үнөмдөө демек. Төмөнкү даражадагы бир туткун жана бузуку болуунун ордуна, улуу бир падышанын атайын жана эрктүү, сүйүктүү аскери болосуңар".

Алар бул илтифат менен буйрукту уккан соң, бул эки адамдан башында акылы болгону мындай дейт: "Куп болот, мен ку-бана сатамын, ары миң рахматымды да айтамын".

Экинчиси текебердүү, написи фараондошкон, өзүмчүл жана мас - өзүнчө, ал кожолукта сонсузга чейин кала турганга окшоп, дүнүйө зилзаларынан, апааттарынан кабары жок. Мындай деди: "Жок!.. Падыша ким? Мен мал-мүлкүмдү сатпайм, рахатымы бузбаймын.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин биринчи адам ушундай бир мертебеге көтөрүлдү, анын абалына бардык эл кызыгып калды. Падышанын мээримдүүлүгүнө ылайык бол-уп, атайын сарайында жашоосун улантууда. Экинчиси ушунчалык бир жагдайга туш келди, баары ага боору ачыйт, ары ушуга ылайык дейт. Себеби катасынын на-тыйжасы болуп, ары бактысы менен мал-мүлкү кетти, ары жазасын жана азабын чегүүдө.

Мына, ай кумар толо напис! Бул мисалдын дүрбүсү менен акыйкаттын жүзүнө кара. Ал падыша болсо азал-абад Султаны болгон Раббиң, Халикиң. Тигил кожолуктар, өндүрүш машиналары, аспап-тар болсо сенин жашоо чегиңин ичиндеги ээ болгон нерселериң жана алардын ичиндеги көз, тил, акыл, кыял сыяктуу сырткы жана ички сезүү мүчөлөрүң. Явары Акрам болсо - Расулу Карим, Фарманы Ахкам болсо Кураны Хаким жана ал биз баяндаган чоң сооданы мына бул Аят мен-ен жарыя кылат.

 

Тигил толкундуу салгылашуу майданы болсо, бул оомал-төкмөл дүнүйөнүн жүзү: туруктуу болбойт, тегеренет, бузулат жана ар бир адамдын акылына мына бул ойду келтирет: "Ушинтип бардык нерсе колубуздан чыгат, жок болуп жоголот. Ажеп, буларды дайыма бар кылып, соңсуз кылуунун чарасы жокпу?" Мына ушинтип ойлонулуп жаткан учурда капыстан көктөн келген Куран үнү угулат. "Ооба, бар. Ары беш мертебе пайдалуу бир жол менен сонун жана рахат чарасы бар".

Суроо: Кандай?

Жооп: Аманатты чыныгы ээсине сатуу... Мындай сатышта беш даража пайданын үсүндө пайда бар.

Биринчи пайда: Пани болгон мал-мүлк меңгиликке айланат. Анткени Каюми Баки болгон Заты Зүлжалалга берилген жана Анын жолунда сарпталган бул өтө турган жашоо меңгиликке айланат. Меңгилик жемиштерин берет. Ошол убакытта өмүр мүнөттөрү кудум уруктар, данектер сыяктуу тышкы көрүнүшүндө пани болот, чирийт, бирок Баки ааламында бакыт гүлдөрүн ачат, барпырап өсөт жана Барзах ааламында ар бири нурдуу, сүйкүмдуу көрүнүшкө айланат.

Экинчи пайда: Бейиш сыяктуу бир акы берилет.

Үчүнчү пайда.- Ар бир мүчө жана сезүү мүчөлөрүнүн баасы бирден миңге көтөрүлөт. Маселен, акыл - бир курал. Эгер аны Жанабы Хакка сатпастан, балким написиңин эсебине иштеттирсең анда бактысыз, зериктирүүчү жана кыйноочу бир курал болот, өткөн мезгилдин аянычтуу кайгы-муңун, келечек күндөрдүн коркунучтуу ал-абалын сенин бул бечара башыңа жүктөп, бактысыз жана зыяндуу курал даражасына түшөт. Мына ошондук-тан күнөөкөр адам акылдын кыйноосу жана зордоосундан кутулуу үчүн көбүнесе же мас болууга же оюн-шоокко качат. Эгер чыныгы ээсине сатылса жана анын эсебине иштеттирсең - акыл ушундай тылсымдуу бир ачкыч болот, а да бул ааламдагы чексиз рахмет байлыктарын жана хикмет казыналарын ачат. Муну менен бирге ээсини соңсуз бакытка даярдайт, өзү болсо бир Муршиди Раббани мертебе-сине чыгат.

Маселен: Көз - бир сезүү мүчөсү; рух бул ааламды ал көз терезеси аркылуу көрөт.

Эгер Жанабы Хакка сатпастан, балким напис эсебине иштеттирсең - өтүп кетчү, дайыма болбогон кээ бир сулуулуктарды, көрүнүштөрдү тамаша кылуу менен шехвет жана написин кумарлыгына бир кавват даражасындагы кызматкер болот. Эгер көздү, көздүн ээсине сатгаң, анын эсебине жана анын руксаты менен иштеттирсең -ал учурда бул көз, бул Ааламдын эң чоң китебинин бир окурманы жана бул ааламдагы Раббани кереметинин өнөрлөрүнүн бир көрөрманы, бул жер шарынын бакча-сындагы рахмет гүлдөрүнүн мүбарак бир аарысынын мертебесине чыгат.

Маселен. Тилдеги даам сезүү мүчөсүн Фатыры Хакимге сатпасаң, балким напис эсебине карың үчүн иштеттирсең ал учурда кардын фабрикасы үчүн бир күзөтчү даражасына түшөт. Эгер Раззакы Каримге сатсаң ал учурда тилдеги даам сезүү мүчөсү Илахи Рахмет казыналарынын уста күзөтчүсү жана Самадани Кудурет ашкан-аларынын шакир тергөөчүсү мертебесини чыгат.

Мына, эй, акыл! Этият бол! Бактысыз бир курал кайда. Аалам ачкычы кайда? Эй, көз, жакшылап кара. Төмөнкү даражадагы кавват кайда? Илахи китепкананын окумуштуу күзөтчүсү кайда? Жана эй, тил! Жакшылап тат. Бир фабриканын күзөтчүсү жана тыюу салуучусу кайда? Аллахтын рахметине гана тең Казынасынын кароолу кайда?

Дагы ушул сыяктуу башка куралдарды жана дене мүчөлөрүн салыштырып көрсөң, чынында эле мусулман бейишке ылайык, каапыр болсо Тозокко жарашкан касиеттерге ээ экенин түшүнөсүң. Жана алардын ар бири жогоркудай баа алуусунун себеби, мусулман ыйманы менен Халыкынын аманатын Анын аты менен жана руксаты менен колдонуусу, каапыр болсо кыянат кылып, жаман написинин эсебине иштеттирүүсу.

Төртүнчү пайда: Адам алсыз, балээлери көп,. жарды, муктаж болгон нерселери өтө көп. Дармансыз, өмүр жүгү өтө оор. Эгер Кадири Зүлжалалга таянып, тевеккүл этпесе жана ишенип таслим болбосо ынсабы дайыма азал ичинде калат. Натыйжасыз машакаттар, касиреттер, өкүнүүлөр аны тумчуктурат, араккеч же жыртыч айбанга айландырат.

Бешинчи пайда: Бүткүл дене мүчөлөрүң менен куралдарыңын ибадаты жана тасбихаты, жогорку өлчөмдөгү акылары эң муктаж болгон бир учурда, бейиш жемиштери кейпинде сага бериле тургандыгына - Ахли Зевк менен Ахли Кешф, Ахли Ихтисас менен Ахли Мүшехеде биригип, ушул чечимге келишкен.

Мына, эгер бул беш мертебе пайдалуу сооданы кылбасаң, бул пайдалардан мак-рум калгандан башка, беш даража зыян үстүндөгү зыянга туш болосуң.

Биринчи зыян: Ошончолук жакшы көргөн мал-мүлкүң, балдарың жана жакшы көргөн написиң менен кумарлык, куштар болгон жигиттик чагың менен өмүрүң жок болуп жоголот, сенин колуңдан чыгат, би-рок күнөөлөрүңдү, касиреттериңди сага калтырып, мойнуңа жүктөйт.

Экинчи зыян: Аманатка кыянат жазасын көрөсүң. Анткени эң баалуу ку-ралдары эң баасыз нерселерге чыгымдап, написиңе зулум кылдың.

Үчүнчү зыян: Адамзатын бүткүл кымбаттуу мүчөлөрүн айбандыктан да өтө төмөн даражага түшүрүп, Илахи Хикметке күнөө тагып, ага зулум кылдың.

Төртүнчү зыян: Алсыздыгың жана жардылыгың менен бирге, ал өтө оор жашоо жүгүн күчсүз белиңе жүктөп завал жана фирак топурагы алдында дайыма кайгыра ыйлайсың.

Бешинчи зыян: Меңгилик өмүрдүн негиздерин жана акырет таалайына керектүү нерселерди даярдоо үчүн берилген акыл, жүрөк, көз жана тил сыяктуу Рах-мандын сонун белектерин Тозок эшиктерин сага ачып бере турган көрксүз кейипке айландырат.

Эми сатуу маселесине келели... Ошон-чолук эле оор нерсе бекен, көпчүлүгү сатуудан качууда. Жок!.. Эч качан мүмкүн эмес. Эч бир андай оорчулугу жок. Анткени адал нерселердин чеги кең, лаззат алууга жеткиликтүү. Арамга кирүүнүн эч кандай кажети жок. Аллахтын буюрган парздары жеңил, ары аз. Аллахка кул жана аскер болуу - ушундай лаззаттуу бир абырой, аны айтып берүү мүмкүн эмес.

Милдет болсо жалгыз бир аскер сыяктуу Аллахтын аты менен иштөө, баштоо... Жана Аллахтын аты менен берүү, алуу... Дагы да Анын руксаты менен мыйзамы чегинде аракет этүү, бейпилдик табуу... Каталык жасаса Истигфар этүү: "Я Раб! Каталарыбызды кечир... Бизди өзүңө кул кабыл эт. Аманатыңды ала турган учурга чейин, бизди аманатта ишенимдүү кыл. Омин!.." деши керек жана Ага жалбаруусу тийиш..

ЖЕТИНЧИ СӨЗ

 

Бул ааламдын ачылуусу мүшкүл болгон тылсымын ачкан   

адам руху үчүн бактытаалай эшигин ачкан, канчалык баалуу эки тылсымдын мүшкүлдүгүн ачкан жана са-быр менен Халыкына тевеккүл этүү жана сыйынуу, шүгүрчүлүк менен Раззакынан собол жана дуба кылуу, канчалык пайдалуу жана тыштоога мүмкүн болбогон сыяктуу эки дары болгонун жана Куранды угуу, буйругуна моюн сунуу, намаз кылуу, кабаирди тыштоо меңгиликке кеткен жолдо канчалык маанилүү, баалуу жана сонун бир билет, бир акырет азыгы, бир кабир нуру болгонун түшүнгүң келсе, бул мисал болгон чакан аңгемеге көз сал, тыңша...

Өткөн бир мезгилде бир аскер согуш жана ымтыхан майданында, пайда менен зыяндын айлануу ишинде өтө коркунучтуу бир жагдайга дуушар болот. Мыдайча:

Оң жана сол тарабынан оор эки жара менен катуу жараланган аскердин арт жагында үрөйдү учурткан бир арстан ага кол салуу үчүн күтүп тургандай. Көз алдында бир дарга курулуп, бүтүн сүйгөндөрүн асып өлтүрүүдө жана аны күтүүдө. Муну менен бирге анын узун жолчулугу бар, сүргүн этилүүдө. Ал беча-ра бул коркуунун ичинде үмүтсүздөнүп, убайым жеп турган учурда оң жагында Кызыр сыяктуу жакшылыкты сүйгөн, нурдуу, мээримдүү бир адам пайда болот Ага мындай дейт: "Капа болбо. Сага эки тыл-сым берип үйрөтөмүн. Эгер жакшылап колдоно билсең ал арстан сага бир кызматкер атка айланат. Ары тигил дарга сен үчүн лаззат жана рахаттануу берген селкинчекке айланат. Дагы сага эки даары беремин. Жакшылап пайдалана билсең ал эки жараң жыпар жыттуу эки Мухаммади Алейхисалати вассалам деп аталган на-зик, сонун гүлгө айланат. Ары сага бир билет беремин, аны менен уча турган сыяктуу бир жылдык жолду бир күндө жүрүп өтөсүң. Мына, эгер буга ишенбесең. бираз тажрыйба жасап көр. Ошол учурда сөздөрүмүн чындык болгонуна ишенесиң. Чынында эле ал бир аз тажрыйба жасап көрдү. Туура болгонуна көзү жетти.

Ооба, мен, башкача айтканда бечара Саид да буну тасдик этемин. Себиби бир аз тажрыйба жасадым. Таптак туура деп кабыл эттим.

Мындан кийин капыстан сол жагынан шайтан сыяктуу айлакер, араккеч, алдам-чы бир адамдын көптөгөн кооз, фантази-ялык нерселер, арам ичимдиктер менен бирге келгенин көрдү. Бет маңдайына тур-уп, мындай деди-. "Эй, достум! Кел, кел, бирге олтуруп ичели, көңүл көтөрөлү. Бул сонун кыз сүрөттөрүнө карайлы. Ушул жакшы обондорду тыңшайды. Бул татту татымдарды жейли.

Суроо: Ха, ха... Оозуңда жашыруун окуп жатканың эмне?

Жооп: Бир тылсым.

- Ушул түшүнүксүз тиричиликтм тыш-та. Ушул таптагы жыргообузду бузбайлы.

Суроо. Бул беш нышаны бар кагаз, кандай кагаз?

Жооп-. Бир билет. Жайгаштыруу буйругу.

- Жыртып сал аларды. Ушул сонун жаз мезгилинде бизге сапарга аттануунун эмне кереги бар." - дейт. Ар түрдүү алдоочу аракеттер менен аны ишендирүүгө тырышат. Тигил бечара да ага бир аз көнөт. Ооба, адам алданат. Мен да ошондой бир айлакерге алдандым.

Капыстан оң тарабындан көк күркүрөөсү сыяктуу бир үн келет. Ага:

"Абайла, алданба! Ары ал айлакерге мындай де : Эгер артымдагы арстанды өлтүрүп, алдымдагы дарганы алып тыштап, оң жана сол жагымдагы жараларды даарылап, алдымдагы сапарды жок кыла турган бир чара сенде бар болсо, же тапсаң.канакей көрсөт анда, көрөлү. Андан кийин мындай де: Кел, жыргайлы. Болбосо, үнүңдү чыгарба эй селсаяк!.. Бул Кызыр сыяктуу көктүн адамы айтканын айт-сын..."- дейт.

Мына, эй, жаш чагында күлгөн, эми бол-со күлгөнү үчүн ыйлаган написим! Билип ал... Ал бечара аскер сен жана адамзат болот. Арстан болсо ажал, дарга болсо өлүм жана завал, фирак, түн менен күндүзүн алмашуусунда ар бир дос кош-тошуп кетет, жоголот. Ал эки жара болсо, бири, зериктирүүчү жана чексиз көп адамзат алсыздыгы, экинчиси аянычтуу жана чексиз адамзат жардылыгы. Сүргүн менен жолчулук болсо - рух ааламынан, эне курсагынын, балалык чактан, карылыктан, дүнүйөдөн, кабирден, барзахтан, Хаширден, Сыраттан өтө турган узак ымтыхан сапары. Жана тигил лэки тылсым болсо Аллахка жана акыретке ыйман. Ооба, ушул куттуу тылсым менен өлүм -мусулман адамды дүнүйө зынданындан бе-йиш бакчасына, Рахмандын кузуруна алып барган бир кызматкер ат жана бурак кейпин алат. Ошондуктан өлүмдүн акыйкатын көргөн камил инсандар өлүмдү жакшы көрүшкөн. Али өлүм келбестен эле өлгүлөрү келишкен.

Ары завал менен фирак, ары өлүм мен-ен ажал жана дарга болгон убакыттын өтүшү ыйман тылсымы менен Сани Зүлжалалдын жапжаңы, түрдүү-түстүү накыш кереметтерин, теңдешсиз кудуретин, рахметинин шооласын өтө сонун лаззат менен тамаша кылууга себеп болот.

Ооба, күн нурундагы түстөрдү көрсөткөн күзгүлөрдүн алмашып, жаңылануусу жана кино перделеринин ал-машуусу дагы кош, дагы сонун көрүнүштөрдү ортого чыгарат.

Ал эки даары болсо, бири, сабыр менен тевеккүл: Жаратуучунун кудуретине таянуу, хикметине ишенүү. Ошондой бу?

Ооба "Күн фаякүн" буйругуна ээ болгон бир Жихан Султанына алсыздык себеби менен таянган бир адам неге коркот? Анткени эң үрөй учурган бир касирет каршысында:

 

деп, Рахим болгон Раббына ишенимин арттырат. Ооба, олуялар дар-мансыздыктан, Аллах коркуусунан лаззат алышат. Ооба, коркууда лаззат бар. Эгер бир жаштагы наристенин акылы болсо жана андан: "Эң лаззатуу жана эң таттуу алың качан?" деп суралса, балким мындай деп жооп берет беле.- "Алсыздыгымды, дармансыздыгымды түшүнүп, энемин таттуу шапалагынан коркуп, дагы энемдин мээримдүү кучагына сыгынган кезим.". Чынчынында болсо бардык энелердин мээримдүүлүктөрү топтолсо, Рахмет көрүнүшүнүн жалгыз гана бир шооласы болот. Ошондуктан камил адамдар алсыздык-та жана Аллах коркуусунда ушунчалык лаззат табышкан жана өз күчтөрү менен кубаттарынан чечкиндүү түрдө баш тар-тышып Аллахка дармансыздыктары менен сыгынышкан. Алсыздыкты жана коркууну өздөрүнө шапаатчы кылып алышкан.

Экинчи даары болсо шүкүр менен канаат кылуу аркылуу талап этүү, дуба кылуу жана Раззакы Рахимдин рахметине ишенимин арттыруу. Ошондой эмеспи? Ооба, бүткүл жер жүзүн нимет дасторкону кылып, жаз мезгилин бир гүлдесте кылып, ал дасторкондун жанына койгон жана үстүнө чачкан Жавады Каримдин бир коногуна жардылык менен муктаждык кандайча аянычтуу жана оор боло алат.

Балким жардылыгы менен муктаждыгы кош бир иштиха кейпин алат. Иштиха сыяктуу жардылыгын да артуусу үчүн аракет этет. Ошон үчүн камил адамдар жардылыгы менен мактанышкан. (Абайла, жаңылыш түшүнүп алба. Бул мактануу -Аллахтын алдында жардылыгын сезип, жалбаруу демек. Болбосо жардылыгын эл-журтка көрсөтүп, кайырчылык жагдайына түшүү эмес).

Тигил билет менен, жайгаштыруу буй-ругу болсо, оболу намаз жана парздарды орундатуу, кабаирди тыштоо. Ошондой эмеспи? Ооба, бүткүл Ахли ихтисас менен Ахли мүшехеденын жана бүткүл Ахли завк менен Ахли Кашфтин орток бир чечимдери менен, ал узак жана караңгы болгон меңгиликке кетчү жолдо азык-оокат, нур менен бурак жалгыз гана Курандын буй-руктарына моюн сунуу жана тыюу салынгандардан качуу аркылуу гана табылышы мүмкүн.

Болбосо илим менен фалсафа, өнөр менен химмет ал жолдо беш тыйынга да арзыбайт. Алардын нурлары кабирдин эшигине чейин гана.

Мына, эй, жалкоо написим! Беш убакыт намаз кылуу, жети кабаирды кылбоо, кан-чалык аз, рахат жана жеңил экендигин, анын натыйжасы, мөмөсү жана пайдасы канчалык көп, маанилүү жана чоң экендигин эгер акылың бар болсо, бузул-баган болсо түшүнөөрсүң.

Сени күнөөгө жана азгындыкка кызык-тырып чакырган шайтанга, ары ал адамга мындай дейсиң:

"Эгер өлүмдү жок кылып, завалды дүйнөдөн жоготуунун жана алсыздык мен-ен жардылыкты адамзаттан алып салып кабир эшигин жабуунун чарасы бар болсо, айт, кулак салайын. Болбосо, оозуңду жап. Улуу аалам мечитинде, Куран ааламды окууда. Ага кулак салалы.

Ал нур менен нурданалы. Хидаяты мен-ен амел кылалы жана ал тилибиздин зики-ри болсун. Ооба, сөз - Ал жана Ага айтылат. Хак болуп, Хактан келип, Хак деген, Акыйкатты көрсөткөн жана нурдуу хик-метти жарыялаган - Ал.

 

 

 

СЕГИЗИНЧИ СӨЗ

 

Бул дүнүйөнү жана дүнүйө ичиндеги адамзат рухун, адамда диндин маңызын жана баалуулугун, эгер Хак Дин болбосо дүнүйөнүн бир зындан болушун жана дин-сиз адамдын эң бактысыз макулук болгонун, бул ааламдын тылсымын ачкан адамзат рухун караңгылыктан куткарган

   болгонун түшүнгүң келсе, бул мисал болгон чакан аңгемеге көз сал, тыңша:

Илгери өткөн заманда эки бир тууган узак бир саякатка бирге чыгышат. Жүрүп олтуруп жолдору экиге айрылат. Ал эки жолдун башында оор басырыктуу бир адамды көрүшөт жана андан: "Кайсы жол жакшы?" - деп сурашат. Ал да буларга: "Оң жактагы жолдо мыйзам менен тартпкхе моюн сунуу мажбурлугу бар. Бирок ал оо-рчулук ичинде коопсуздук менен бакыт бар. Сол жактагы жолдо болсо эркиндик менен боштондук бар. Бирок ал эркиндик ичинде коопсуздук жана азап-тозок бар. Эми тандоо ыктыяры силерде," - деп жооп берет.

Буну уккандан кийин жакшы мүнөздүү бир тууган деп оң жолго түшөт, мыйзам менен тартипке баш ийүүнү кабыл этет. Терс мүнөздүү жана селсаяк болгону тек кана эркиндик болсун деп, сол жактагы жолду тандап алат.

Көрүнүштө жеңил, бирок руханий жагынан оор жагдайда кеткен бул адамдын кыялыбызда артына түшөбүз. Мына ал ойкырдан ашып, барып олтуруп бир чөлгө туш келет. Капыстан үрейдү учурткан бир үн угат. Караса коркунучтуу бир арстан эмен талдарынын арасындан чыгып, ага каршы атырылып келе жатат. Ал болсо качат. Качып олтуруп алтымыш аршын тереңдиктеги суусуз бир кудукка туш келет. Корккондугунан өзүн анын ичине таш-тап жиберет. Жарым жолго чейин түшүп келип, колдору бир тал бутагына тийет жана ага жармашып калат. Кудуктун дубалында көгөрүп калган ал талдын эки тамыры бар эле. Бири ак, бири кара болгон эки чычкан, эки тамырга жабышып алып, аны кемирүүдө. Жогоруга караса алиги арстан күзөтчү сыяктуу кудуктун башында турат. Ылдыйга караса коркунучтуу ажыдаар кудуктун ичинде башын көтөрсө отуз аршын жогорудагы адамдын бутуна чейин жетет. Оозу кудуктун оозундай кең. Кудуктун дубалын караса, кемирүүчү зыянкеч макулуктар айланасын курчап алышыптыр. Талдын башына караса, анын инжир талы экенин көрөт. Бирок ажайып эле, башында түркүн түрдүү дарактын жемиштери - жаңгактан анарга чейин бар болчу.

Мына ошол адам ката түшүнүгүндөн, акылсыздыгындан улам мунун жай гана бир иш эмес экенин, бул иштер кокустук боло албай турганын, бул ажайып иштердин ичинде таң калаарлык сырлар жана өтө чоң иштөөчүнүн бар экенин түшүнө албады. Азыр болсо анын жүрөгү, руху жана акылы бул аянычтуу абалдан улам жашыруун өкүнүп, ыйлап жаткан жагдайда жаман написи эч нерсе болбогондой наадандык кылып, руху менен жүрөгүнүн ыйына кулагын жаап, өзүн өзү алдап, бир бакчада жүргөндөй ал бакчанын жемиштерин жей баштады. Чынчынында ал жемиштердин бир бөлүгү уулуу жана зыяндуу эле. Бир куттуу хадисте Жанабы Хак мындай деп буйруйт:

 

Башкача айтканда, "Кулум мени кандай тааныса, ага ошондой мамиле жасайм." Мына ошол бактысыз адам жаман ою мен-ен акылсыздыгындан көргөндөрүн карапайым жана акыйкаттын өзү деп кабыл этти жана ошондой мамиле көрдү, көрүүдө жана көрө берет... Же өлүп кутула албайт, же өмүр сүрө албайт, ушунтип азап чегүүдө. Биз дагы ал бактысызды бул азап ичинде калтырып, кайра кайтабыз жана экинчи бир туугандын жагдайын түшүнөбүз.

Мына, бул мүбарак, акылдуу адам бара-тат, бирок бир тууганы сыяктуу азапкордук чекпейт. Анткени жакшы мүнөздүү болгондугунан жакшы нерселерди ойлойт, сонун нерселерди кыялданат жана өзүн өзү жубатат. Ары бир тууганы сыяктуу кыйындык менен машакат көрбөйт, себеби тартипти билет, ага моюн сунат. Бейпилдик жана коопсуздук ичинде эркин кетип баратат. Мына, бир бакчага тушкелди. Ичинде сонун гүлдөр жана мөмө -жемиштер бар эле. Каралбагандыгы үчүн начар нерселер да жок эмес болчу. Бир тууганы да ушундай бир бакчага кирген, бирок начар нерселерге көз салып, көңүлүн айнытып, эч рахаттан бастан чыгып кеткен эле. Бул адам болсо "Ар нерсенин жакшысына кара" принциби мен-ен амал кылып, начар нерселерге эч көңүл бурбады. Жакшы нерселерди жакшы пайдаланды. Сонун дем алып, чыгып кетти.

Андан кийин жүрүп олтуруп, бир тууганы сыяктуу бир чоң чөлгө туш келди. Капыстан чабуулдаган бир арстандын үнүн укту. Коркту, бирок бир тууганы корккончолук эмес. Себеби жакшы ою мен-ен!" Ушун чөлдүн бир Акими бар, жана бул арстан да анын буйругундагы бир кызматкер болушу ыктымалы бар," - деп түшүнүп, өзүн жубатты. Бирок бул да качты, качып олтуруп алтымыш аршын тереңдигиндеги бир кудукка туш келди, өзүн анын ичине таштады. Бир тууганы сыяктуу ортосунда бир даракка жармашып, эки буту салбырап калды. Караса эки айбан, ал дарактын эки тамырын кемирип жатат. Жогоруга караса, арстан,- ылдыйга караса ажыдаар көрөт. Бир тууганы сыяктуу бир ажайып абалды көрдү,. Коркту. Бирок бир тууганынын коркуусундан миң эсе жеңил... Анткени жакшы мүнөзү ага жакшы пикир берген эле. Жакшы пикир болсо, ага бардык нерсенин жакшы тарабын көрсөтчү. Мына, ошол себептен мындай деп ойлоду: "Бул ажайып иштер бир-бири менен байланыштуу, ары бир буйрук менен аракеттенип жаткан сыяктанат. Андай болсо, бул иштерде бир тылсым бар. Ооба, булар жашыруун бир акимин буйругу менен аракеттенишет. Демек, мен жалгыз эмесмин, ал жашыруун Аким мага кароодо, мени сыноодо, бир максат үчүн мени бул жерге келтирип чакырып жатат. Ушул таттуу коркуу менен жакшы пикирден бир кызыгуу пайда болот: "Ажеп, мени сынап, өзүн мага тааныткысы келип жаткан жана бул ажайып жол менен бир максат үчүн келтирген ким?"

Андан соң таануу кызыгуусунан ал адамда тылсым ээсине деген махабат жана бул махабаттан тылсымды ачуу тилеги пайда болду. Ал тилектен тылсым ээсин ыраазы кыла турган, ага жага турган жакшы бир абалга келүү пикири туулду.

Андан кийин дарактын башына карап, анын инжир дарагы экенин көрдү. Бирок башында миңдеген бакдарактын мөмө-жемиши бар. Ошол учурда бардык коркуу-су кетти. Себеби чечкиндүү түрдө мындай деп түшүндү: "Бул инжир дарагы бир тиз-ме, бир корутунду, бир көргөзмө. Ал жашыруун Аким багы жана бакчасындагы мөмө-жемиштердин үлгүлдөрүнүн бир тыл-сым жана сыйкыр менен тигил даракка тагып, өз конокторуна даярдап койгон татымдарга бир-бирден белги кейпинде ал даракты безендирген болсо керек. Болбосо бир гана дарак, миңдеген бакдарактын мөмө-жемиштерин бере албайт".

Андан кийин жалбарына баштады жана тылсымдын ачкычы анын жүрөгүнө илхам болду. Бакырды:

"Эй, бул жерлердин Акими! Сенин жазмышыңа түштүм. Сага сыйынамын, сенин кызматкериңмин. Сенин ыраазы болууңду каалаймын жана сени издөөдөмүн." Бул ныяздан кийин күтпөгөн жерден кудуктун дубалы жарылып сонун, таза, кооз бир бакчага эшик ачылды. Балким ажыдардын оозу ал эшикке айланды. Арстан менен ажыдаар эки кызматкер кейпине келди жана аны ичкериге чакы-рышты, Атүгүл ал арстан өзүнө моюн ийген бир ат бейнесине кирди.

Мына, эй жалкоо написим! Жана да кы-ялымдагы достум.

Келгиле, бул эки бир туугандын жагдайларын салыштырып көрөлү. Жакшылыктын кандайча жакшылык алып келерин, жамандыктын да кандайча жамандык алып келерин көрөлү, билели.

Караңыздар: Сол жолдун бактысыз жолчусу, ар дайым ажыдаардын оозуна кирүүнү күтүп турат, титиреп жатат. Бул бактыяр болсо өзүн-өзү жубатуу, үмүт жана кызыгуу ичинде лаззат алууда. Бак-тысыз өзүн жыртыч айбандардын кол салуусуна дуушар болгон туткун өкүмүндө көрүнүүдө. Бактыяр болсо кадырлуу конок жана коногу болгон Михмандары Каримдин ажайып кызматкерлери менен достошуп, көңүл көтөрүүдө.

Тигил бактысыз болсо көрүнүштө лаззатуу, бирок руханий жагынан уулуу жемиштерди жеп, азабын ашыктырууда. Анткени алар мисал кейпиндеги жемиштер. Даамын татууга руксат бар, тээ негизгилерин талап этип, сатып алуу-чу болгонго чейин. Болбосо, айбан сыяктуу жутууга руксат жок. Мына бул бак-тыяр болсо татып көрөт, жөн-жайды билет, жешти кийинкиге калтырат жана күтүү менен лаззат алат. Бактысыз болсо өзүнө өзү зулумдук кылып, күн сыяктуу жаркыраган сонун акыйкатты жана жаркын жагдайды көрө албагандыгындан аны өзүнө караңгы күмөн бир Тозок кей-пине келтирген. Кандайча меээримдүүлүккө ылайык болот жана кимге таарынууга акысы бар?

Маселен: Бир адам кооз бакчада жолдошторунун ортосунда, жай мезгилинде кош той-тамашадагы лаззатка канаат этпей, өзүн арам ичимдиктер мен-ен мас кылып, кыштын ортосунда жырткыч айбандардын ичинде өзүн ач, жылаңач деп ойлоп, бакыра жана ыйлай баштаса кандай гана мээримдүүлүккө ылайык болот эле. Өзүнө өзү зулумдук кылууда, досторун жырткыч айбан көрүп, муңкатууда. Мына бул бактысыз бир тууган да ушундай жагдайда. Бактыяр болсо акыйкатты көрөт. Акыйкат болсо - жакшы. Акыйкаттын жакшы экендигин дурус түшүнүүсү менен акыйкат ээсинин камилдигине урмат көрсөтүүдө жана рахметине ылайык болууда. Мына, "Жамандыкты өзүңдөн, жакшылыкты Аллахтан деп бил" деген Куран буйругунун сыры көрүнүп ту-рат. Дагы да ушулар сыяктуу башка айыр-мачылыктарды салыштырып көрсөң, түшүнөсүң... Оболку бир туугандын жаман написи ага кыйыр мааниде Тозок даярдаган. Ал эми экинчисинин жакшы ниети менен жакшы ою, жакшы мүнөзү жана жакшы пикири болсо, аны чоң ыхсан жана бакыт-таалайга, жаркын касиетке жана молчулукка ылайык кылган

Эй, написим жана аны менен бирге бул аңгемени тыңшаган адам!

Эгер бактысыз бир тууган болууну каалабасаң жана бактыяр бир тууган болууну кааласаң - Куранды тыңша, өкүмүнө багын жана Ага жабыш. Аны менен бирге буйрук-тары менен амал кыл!..

Бул мисал болгон аңгемедеги акыйкат-тарды, эгер түшүнгөн болсоң аны менен дин, дүнүйө, адам жана ыйман акыйкатта-рын салыштырып, ишке ашыра аласың. Маанилүүлөрүн мен айтамын, майдаларын сен өзүң чыгарып ал.

Мына, көз сал! Тигил эки бир тууган болсо; бири мусулман рухтуу жана таза жүрөктүү. Аркысы капыр рухтуу жана түрөгү жүнөөлүү. Ал эми тигил эки жолдон, оңдогусу Куран жана ыйман жолу, солдогусу болсо азгындык жана капырлык жолу. Ал жолдогу бакча болсо, адамзат коому менен инсан маданиятынын ичиндеги жамандык менен жакшылык, таза менен ыплас нерселер бирге болгон өмүр.

Акылдуу адам   принциби менен амал кылып, жүрөк сала-маттыгы менен кетет.

Ал чөл болсо - бур жер жүзу менен дүнүйө. Арстан болсо - өлүм менен ажал. Кудук болсо - адам денеси жана өмүр за-маны. Алтымыш аршын тереңдик болсо -орточо өмүр деп саналган алтымыш жылга ишарат. Дарак болсо - өмүрдүн убактысы жана тиричиликтин өзү кара менен ак түстөгү айбандар болсо - түн жана күндүз. Ажыдаар болсо - оозу кабир болгон Барзах* жолу жана Акыретке ачылган жер - мазар. Бирок ал ооз мусул-ман үчүн зындандан бир бакчага айланган эшик. Тигил кемирүүчү, зыянкеч айбандар болсо дүнүйөдөгү кайгыкасиреттер. Би-рок мусулманга гафлет уйкусуна батып кетпөө үчүн Аллахтын таттуу эскертмелери жана Рахмандын илтыпат-тары өкүмүндө. Ал эми дарактагы жемиштер болсо дүнүйөдөгү ниметтер. Аларды Жанабы Карими Мутлак акырет ниметтеринин тизмеси, ары эске салуучу-су, ары окшоштору жана Бейиш жемиштерин сатып алуучуларды чакыруу-чу өрнөктөр кейпинде жараткан. Ал да-рактын бир гана дарак болуусу менен бирге түрдүү-түрдүү мөмө-жемиштер берүүсү болсо - Кудурети Самаданиенин сиккесине, Рубубиети Илахиенин хате-мине жана Салтанаты Улухиетин туррасына ишарат.

Анткени "бир гана нерседен бардык нерсени жаратуу, башкача айтканда топу-рактан бүткүл өсүмдүктөр менен жемиштерди жаратуу, ары бир суудан бардык айбанатты жаратуу, ары жөнөкөй эле татымдан айбандын бүткүл дене мүчөлөрүн жаратуу, муну менен бирге "бардык нерсени жалгыз гана бир нерсед-ен жаратуу" башкача айтканда тиричилик ээлерин көрөктөнгөн өтө көп түрдүү даамдардан, ал тиричилик ээлерине гана атайын жаратуу жөнөкөй гана бир терини токуу сыяктуу өнөрлөр жалгыз гана Ахад жана Самад болгон азал, абад Султанынын өзүнө гана тиешелүү сиккеси, хатеми, кайталангыз туррасы. Ооба, бир гана нер-седен бардык нерселерди жана бардык нерселерден бир гана нерсени жаратуу -жалгыз гана бардык нерселердин Жаратуучусуна тиешелүү жана бүткүл нерсеге Кадыр болгон Аллахка гана ылайык нышан, бир аят. Ал тылсым болсо -ыйман сыры менен ачылган жаратылыш хикметинин сыры жана ал ачкыч болсо

 

Ал эми ажыдаар оозунун бакча эшигине айлануусу болсо, буга ишарат этет.

Кабир - далалат менен азгындык жолундагылар үчүн коркунуч менен үмүт ичиндеги зындан сыяктуу кыйноочу, ары бир ажыдаардын карыны сыяктуу тар ма-зарга ачылган эшик богон учурда Куран шакирттери менен ыймандуулар үчүн дүнүйө зынданындан менгилик бакчага жана ымтыхан майданындан Бейиш бак-чаларына, өмүр кыйынчылыгынан Рахмандын рахметине ачылган эшик. Жана ал жапайы арстандын сүйүктүү кызматкерге айлануусу жана моюн сунуучу ат болуусу мына буга ишарат: өлүм - далалат жолундагылар үчүн бардык жакшы көргөндөрүндөн аянычтуу абалда сонсуз айрылуу. Өлүм аларды бул жалган бейиши болгон дүнүйөсүндөн чыгарып, коркуу жана жалгыздык менен мазар зынданына киргизет, ары алар үчүн түрмө саналат. Ал эми хидаят жолундагылар жана Куран шакирттери үчүн башка ааламга кеткен достору менен туугандарына жолугушуу үчүн себепчи, ары чыныгы мекендерине жана сонсуз бакыт-таалай жерине кирүүлөрү үчүн эшик. Аны менен бирге дүнүйө зынданындан бейиш бакчаларына чакыруу, Рахманы Рахимдин рахметинен өз кызматына акы алуу үчүн бакыт, бул жашоодогу милдетинин оордугундан эркиндикке чыгуу, кулчулук менен ымтых-андагы таалим менен тарбиялардын бүтүүсү.

Корутунду: Кимдеким жалган өмүрүн негизги максаты кылса, көрүнүштө сонун бейиш ичинде жүрсө да, кыйыр түрдө то-зок ичинде болот. Кимдеким меңгилик өмүрүнө чын ыкылас менен көңүл болсө эки дүнүйө бакыт-таалайына ылайык болот. Дүнүйөсү канчалык жаман жана азаптуу болсо да, аны бейишке кирүү үчүн күтө турган бөлмө деп эсептегени үчүн азапкайгыларын унутат, чыдайт жана са-быр менен шүгүрчүлүк кылат...

ТОГУЗУНЧУ СӨЗ

 

Ай, агайын! Менден Намаздын белгилүү болгон беш убакытка дайындалуусунун хикметин сурап олтурасың. Өтө көп хнк-меттеринен жалгыз гана бирөөсүнө иша-рат этебиз.

Ооба, ар бир Илахи башкаруунун күзгүсү жана ал башкаруу ичиндеги Аллахтын бардык ниметтеринин бир-бир күзгүзү болгондугундан ошол убакыттарга Кадыры Зүлжалалга көбүрөөк тасбих жана таазим кылуу, ары чексиз көп ниметтеринин эки убакыт арасындагы топ-толгондоруна шүгүрчүлүк жана хамд этүү маанисинде болгон - намаз буйрук кылынган. Бул назик жана терең маанини бир аз гана түшүнүү үчүн беш пунктту на-писиң менен бирге тыңшооң керек.

Биринчи пункт: Намаздын мааниси -Жанабы Хакка тасбих, таазим жана шүгүрчүлүк этүү. Башкача айтканда

Жалалынын алдында сөзү жана аракети менен "Субханаллах" деп такдис кылуу.. Ары Камалынын алдында сөз жана аракет менен "Аллаху Акбар" - деп таазим кылуу. Дагы да Жамалынын алдында жүрөгү, тили жана денеси менен "Алхамдүлиллах" - деп шүгүрчүлүк кылуу. Демек, Тасбих, Такбир жана Хамд - Намаздын уруктары болуп саналат. Намаздын аракеттери менен зикирлеринде бардык жерде бул үч нерсенин болушу да жогорку себептен.

Ары Намаздан кийин Намаздын маанисин күчөтүү жана кубаттандыруу үчүн ушул мубарак сөздөрдүн отуз үч жолу кайталануусу да ошол себептен. Намаздын маани-си бул түйүндөр аркылуу күчөтүлөт.

Экинчи пункт: Ибадаттын мааниси мындай: Кулдун Аллахтын кузурунда өз кемчилигин, алсыздыгын жана жардылыгын көрүп Рубубиетинин камилдиги менен Самадани Кудуретинин жана Илахи рах-меттин алдында таң калуу жана махабат менен сежде кылуусу демек. Башкача айтканда Рубубиетин салтанаты кандайча убудиетти жана багынууну талап кылса, Рубубиеттин куттуулугу, тазалыгы да кулдун өз кемчилигин көрүп, истигфар айтуу менен Раббисин бүткүл кемчилик-терден таза жана узак, далалат жолундагылардын жаңылыш пикирлеринен таптакыр алыс, ааламдын бардык каталарынан мукаддас экенин тасбих айтуу менен "Субх аналлах " аркылуу жарыялоосуну талап кылат. Ары Рубубие-тин кудуретинин камалы да кулдун өзүнүн дармансыздыгын жана макулуктардын ая-бай алсыз экенин көрүп, Самадани Куду-ретинин улуу өнөрчүүлүк чыгармаларынын алдында истихсан жана таң калуу менен "Аллаху Акбар" деп руку кылып, Ага сыгынуусун, тевеккүл этүүсүн каалайт.

Рубубиетин чексиз рахметинин казына-сы дагы кулдун өз муктаждыгын муну менен бирге бардык макулуктардын жардылыгы менен муктаждыктарын суроо жана дуба аркылуу көрсөтүп, Раббисинин жоомарттыгы менен ниметтерине шүгүрчүлүк кылып, мактоо менен "Алхамдулиллах" аркылуу кулактандыруу-сун каалайт. Демек, Намаздын аракеттери менен зикирлери, бул маанилерди өз ичине алат жана булар Аллах тарабындан коюлган.

Үчүнчү пункт: Адам-бул улуу ааламдын кичинекей бир мисалы. Фатиха сүрөсү да бул шаңы бийик болгон Курандын нурдуу өкүлү болгону сыяктуу эле намаз да ибадаттардын бүткүл түрлөрүн өз ичине алган нурдуу мазмуну жана бардык макулуктардын сыныптарынын түрдүү ибадат-тарына ишарат эткен куттуу бир картадыр.

Төртүнчү пункт: Кандайча жумалык бир сааттын секундасын, мүнөтүн, саатын жана күндөрүн көрсөткөн октору бир-бирини караса, бир-биринин мисалы болсо жана өкүмүн алса, ошол сыяктуу эле Жанабы Хактын да бир улуу сааты болгон бул дүнүйө ааламынын секундасы деп саналган түн менен күндүн айланып туруу-су... мүнөттөрү саналган жылдары... саат-тары саналган адам өмүрүнүн чактары... жана күндөрү саналган аалам өмүрүнүн доорлору да бир-бирине карашат, бир-биринин мисалы болот жана өкүмүн алат, бир-бирин эске салат.

Маселен: Багымдат убактысы - күн чыкканга чейин; эрте жаздан алгачкы күндөрүнө, ары адамдын эненин курсагына түшкөн алгачкы учурга, ары асман менен жердин алты күндө жаратылуусунун би-ринчи күнүнө окшойт, аны эске түшүрөт жана алардагы Илахи иштерди эске салат.

Күнбешим убактысы болсо ж а й мезгилинин ортосуна, ары жигиттик чак-тын толук жетилүүсүнө, ары дүнүйө өмүрүндөгү адамдын жаратылган дооруна окшойт, ага ишарат этет жана алардагы рахметтин көрүнүшү менен ниметтердин берекеттүүлүгүн эске салат.

Намаздыгер убактысы болсо - күз мезгилине, ары каарылык убактысына, ары акыр заман Пайгамбарынын Асыры Саада-тына окшойт жана алардагы Илахи иштерди, Рахмандын ниметтерин эске салат.

Шам убактысы болсо - күз мезгилинин акырында көптөгөн макулуктардын көздөн кайып болушун, ары адамдын өлүмүн, ары дүнүйөнүн кыяматы башталышындагы бу-зулушун эске салат, Жалалдын көрүнүштөрүн түшүндүрөт жана адамды гафлет уйкусунан ойготот... Эскертет.

Кечки убакыт болсо - караңгылык аала-мы, жарык ааламынын бардык эмгектерин кара кепени менен бекитүүсүн, ары кыш-тын ак кепени менен өлгөн жердин бетин жабуусун, ары кайтыш болгон адамдын ар-тында калган иштердин унутулуу пердесинин алдына кирүүсүн, ары бул ымтыхан жери болгон дүнүйөнүн толук бүтүндөй жабылуусун эске салуу менен бирге Кахх-ары Зулжалалдын сонун башкаруу иштерин жарыя кылат.

Түн убактысы болсо - ары кышты, ары кабирди, ары Барзах ааламын түшүндүрүү менен бирге адам рухунун Рахмандын рах-метине кандай даражада муктаж болгонун эске түшүрөт.

Түн ичиндеги тахажжуд намазы болсо кабир түнүндө жана Барзах караңгылыгында канчалык керектүү нур болгондугун билдирет... Ойготот жана бүткүл бул өзгөрүштөрдүн ичиндеги Жанабы Мүними Хакикинин чексиз нимет-терин эске салып, канчалык хамд менен мактоого ылайык болгонун жарыя кылат.

Эртеңки багымдат болсо - Хашир таңын эске салат. Ооба, бул түндүн таңы жана бул кыштын көктөмү кандай даражада кажет, акылга сыйымдуу жана сөзсүз түрдө боло турган болсо - Хашир таңы .да, Барзах көктөмү да ошондой даражада кажет, акылга сыйымдуу жана сөзсүз түрдө боло турган нерсе.

Демек, бул беш убакыттын ар бири бир маанилүү өзгөрүштүн башында болгону жана чоң өзгөрүштөрдү эске түшүргөнү сыяктуу, Самадани Кудуреттин күндүк улуу башкарууларынын ишараты менен ары жылда, ары кылымда, ары доордо кудуреттин көрсөткөн кереметтерин жана рахметтин берген белектерин эске түшүрөт.

Демек жаратылыштын асыл милдети, убудиеттин негизи жана милдеттүү түрдөгү карыз болгон парзнамаз, ушул убакыттарга ылайык жана жарашымдуу.

Бешинчи пункт: Адам баласы - та-биятындан алсыз. Чынчынында бардык нерселер ага тийишет, аны капа кылат жана ачууландырат. Ары ал өтө дарман-сыз. Кыйынчылыктары жана душмандары да өтө көп. Ары ал бир топ жарды. Муктаждыктары да көп. Ары жалкоо жана күчкубатсыз. Жашоонун шарттары болсо оор болот. Ары адамзаттык касиети аны аалам менен байланыштырган, а сүйгөн жана үйрөнүп көнүп калган нерселеринин андан айрылуусу, ажырап калуусу ар да-йым анын көңүлүн капа кылат. Ары акылы ага улуу максаттарды жана меңги жемиштерин көрсөтүүдө. А бирок анын колу кыска, өмүрү кыска, күчкубаты кыска жана сабыры да кыска.

Мына мындай жагдайдагы бир рухтун багымдат убактысында Кадыры Зүлжалалдын, Рахими Зүлжамалдын кузу-рунда нияз жана намаз менен муражат кылып ал-абалын айтуу, жардам жана медет тилөөсү канчалык даражада керектүү жана алдындагы күндүз ааламында башына келе турган, белини бүгө турган иштерди, милдеттерди көтөрүүгө чыдоо үчүн канчалык кажеттүү таянуу нерсеси болгондугу ачык түрдө түшүнүктүү болот.

Ал эми төмөндөгүдөй болгон күнбешим убактысында: күндүз ааламынын толуктануусу, күндүн батууга аракети жана күнүмдүк жумуштардын толук болуу убакыттары, ары алардын кыйынчылыгынан аз да болсо дем алуу убакыты жана пани дүнүйөнүн көр жана оор тиричиликтеринин берген гафлети менен кыйынчылыгынан рухтун эс алууга муктаж болгон заманы жана Илахи ниметтердин көрүнгөн көз ирмеминде адамдын руху ал кыйынчылыктан кутулуп, ал гафлеттен бошоп, маанисиз, ары баки болбогон нерселерден ай-рылып, Каюми Баки болгон Мүними Хакикинин кузуруна барып, таазим кылып, бардык ниметтерине шүкүр жана хамд этүү, жардам суроо жана Жалалы менен бийиктигинин алдында руку кылуу менен теңдешсиз Жамалынын алдында сежде кылып таң калуу, сүйүү жана кичипейилдик көрсөтүп жарыялоо мааанисинде болгон бешим намазын кылуу канчалык сонун, канчалак кош, канчалык керектүү жана ылайык болгонун түшүнбөгөн адам, адам эмес...

Намаздыгер убактысында - ал ары кайгылуу күз мезгилин, каарылыктын кас-иреттүү абалын, ары акыр замандын аянычтуу мезгилин эске салат Ары күндөлүк иштердин натыйжалануу убактысы, ары ал күндө ээ болгон ден соолук менен сала-матчылык жана кайырдуу кызмат сыяктуу Илахи ниметтердин топтоло турган улуу убактысы. Ары ал чоң күндүн батууга ар-акетинин ишараты менен адамдын кызматкер бир конок жана бардык нерсенин өтө тургандыгын, туруксуз болгонун жарыя кылуу убактысы. Ушул тапта меңгиликти каалаган жана меңгилик үчүн жаратылган, ниметтерге сүйүү көрсөткөн, ары айрылып калуудан кайгырган адам руху, туруп даа-рат алып бул убакытта намаздыгер нама-зын кылуу үчүн Кадими Баки жана Каюмы Сармадинин Самадани кузуруна мунажаатын сунуп, меңгилик жана чексиз рахметинин илтипатына сыгынып, эсепсиз ниметтеринин алдында шүкүрчүлүк жана хамд этүү менен Иззети Рубубиетинин алдында өзүн төмөн санап, руку кылып, Сар-мади Улухиетинин алдында кичипейилдик көрсөтүп сежде этип, чыныгы жубатуу, ары бир рух рахатын табып, Кибриясынын кузурунда кол байлап, ибадат этүүгө даяр туруу маанисинде болгон намаздыгер нам-азын кылуу - кандай даражада улуу милдет, кандай жарашыктуу кызмат, кандай даражада табият карызын маалында төлөө, балким кош бакыт - таалайга жетүү болгонун адам болгон түшүнөр.

Шам убактысында - ал ар кыштын баш-талышындан мурда жай менен күз ааламынын эрке жана сонун макулуктарынын кайгыра коштошуп, көздөн кайып болуу мезгилин эске түшүрөт. Ар адамдын өлүмү менен бирге бардык жакшы көргөндөрүнөн аянычтуу бир абалда айрылып, кабирге кирүү убактысын эске салат. Ары дүнүйөнүн өлүм саатындагы зилзаласынын ичинде өлүмү менен бирге бүткүл тургундарынын башка ааламдарга көчүүсүн жана бул ымтыхан жери болгон дүнүйө чырагынын өчүрүлүү убактысын эске салат, ары завалда кайып болгон досторго табынгандарды катуу эскерте турган убакыт. Мына шам намазы үчүн, ушундай бир убакытта табиятынан Жамалы Бакиге мүштак күзгү болгон адам руху бул улуу иштерди аткарган жана бул улуу ааламдарды айландырган, өзгөрткөн Кадими Ламязалдын, Баки Лаязалдын би-йик көгүнө жүзүн буруп, бул панилердин үстүндө "Аллаху Акбар" деп, алардын колдорун тартип, Мевланын кызматы үчүн кол байлап, дайым болгон Бакинин кузу-рунда туруп, "Алхамдүлиллах" деп, кемчиликсиз Камалынын, теңдешсиз Жамалынын, чексиз Рахметинин алдында хамд жана

мактоо айтып деп көмөкчүсү жок Рубубиети, шериксиз Улух-иети жана вазирсиз Салтанатынын алдында кулчулугун сунуу жана жардам тилөө, ары чексиз Кибриясынын, чексиз Кудурет-инин жана наадармансыз иззетинин алдында руку кылып, бүткүл аалам менен бирге алсыздыгын, дармансыздыгын жана жардылыгын, ары эң төмөнку даражада экенин көрсөтүп: деп Улуу Раббисин тасбих этип, ары меңгилик Жамалы Затыны, өзгөрбөй турган Куттуу сыпаттарынын, алмашпай турган Сармади Камалынын алдында сежде этип, таң калуу менен кичипейилдик ичинде бүткүл макулуктарды тыштап, ага деген махабаты менен убудиетин жарыя кылып, ар панилердин ордуна бир Жамили Бакини, бир Рахими Сармадини табып   деп, завалдан узак, кемчиликтен таза Улуу Раббин такдис этүү... Андан кийин түбөлүк кылып отуруп, бүткүл макулук-тардын мүбарак дубаларын жана салават-тарын өз эсебине, ал Жемили Ламязалга, Желили Лаязалга сыйлап, Расулы Акрамына салам берүү менен биятын таждид этүү жана амирлерине моюн сунаарын айтып, ары ыйманын таждид аркылуу нурландыруу үчүн бул аалам сарайынын хикметтүү болгон тартибин көрүп, Сании Зүлжалалдын бирлигине шахадат этүү, ары Рубубиет Салтанатынын деллалы жана марзият мүбаллиги, ары Аалам Кита-бы Аяттарынын котормочусу болгон Мух-аммади Араби Алейхиссалатү Весселамын пайгамбарлыгына шахадат этүү маани-синде болгон шам намазын кылуу - канчалык таза, маанилүү милдет, канчалык кадырдуу, лаззаттуу кызмат, канчалык жагымдуу, ары сонун убудиет, олуттуу акыйкат, ары пани мейманканада баки бир аңгемелешүү жана меңги бакыт - таалай болгонун түшүнбөгөн адам кандайча адам боло алат?..

Тун убактысында - ал жарык ааламынын көк жээкте калган акыркы эмгектери

да жок болуп, түн ааламы бүткүл ааламды каптайт жана болгон Кадири Зүлжалалдын, ал ак баракты бул кара ба-рака которуусундагы Раббани башкаруу иштери менен жаздын сонун жашыл барагын кыштын суук, ак барагына котоххо руусундагы  болгон Акими Зүлкамалдын Илахи иштерин эске салат. Ар убакыттын өтүүсү менен ка-бирдегилердин артында калган акыркы эмгектери да бул дүнүйөдөн байланышы кесилип, түгөлдөй башка ааламга өтүүлөрүндөгү "Өлүм менен Өмүрдүн Жараттуучусунун" Илахи иштерин эске түшүрөт. Ары тар, пани жана эң төмөнкү даражадагы дүнүйөнүн толук бузулуп, коркунучтуу кейипте өлүп, кең, меңги жана улуу акырет аалам ачылып өркүндөөсүндө "Жер менен Көктүн Жаратуучусунун" Жалали башкаруу иште-рин жана Жамалынын көрүнүштөрүн эске түшүрө турган, эскерте турган убакыт.

Ары бул ааламдын чыныгы Ээси менен чыныгы Башкаруучусу, чыныгы сыйына жана сүйө турганы - жалгыз гана ал боло алат; түн менен күндүздү, кыш менен жайды, дүнүйө менен акыретти бир китеп-тин барактары сыяктуу оңой гана которо турган, жаза турган, буза турган жана ал-маштыра турган,. булардын бардыгына буйрук бере турган бир Кадири Мутлак болгонун далилдеген бир жагдай болуп эсептелет жогоркулар.

Мына, чексиз даражада алсыз, дарман-сыз, ары чексиз даражада жарды, муктаж, ары соңу жок караңгылык келечекке ба-тып, ары бүтпөз - түгөнбөз окуялар ичинде чайкалып жүргөн адам руху кечки намазыны кылуу үчүн ушул мааниде болгон түн убагында Ибрахим сыяктуу деп Мабуду Лемязалдын, Махбубу Леязалдын кузуруна намаз менен сыгынып жана бул пани ааламда, пани жашоодо, караңгы дүнүйөдө, караңгы келечекте бир Сармади Бакиге мүнажаат этип, бираз гана баки аңгемелешүү, бир нече мүнөттүк баки өмүр ичинде дүнүйөсүнө нур чача турган, келечегин жаркырата турган бардык бар нерселер менен досторунун айрылуусу жана айрылуу оорусунан пайда болгон жараларына дары сүрө турган Рахманы Рахимдин рах-метинин илтипатын жана хидаят нурун көрүп суроо... Ары заман менен аны унуткан жана жашырынган дүнүйөнү ал да ун-утуп, дарттарын жүрөгүнүн ыйы менен Рахмет кузурунда төгүп... ары качан келе турганы белгисиз болгон өлүмгө окшогон уйкуга киришпей туруп, акыркы кулчулук милдетин орундатып, күндөлүк амал деп-терин жакшы аяктоо үчүн намазга туруу, башкача айтканда пани болгон бардык жакшы көргөндөрүнүн ордуна бир Мабуду Бакинин, бир Махбубу Бакинин жана бардык кайырчылык эткен алсыздардын ордуна бир Кадири Керимдин жана бардык зыяндуу нерселердин жамандыктарынан титирөөдөн кутулуу үчүн бир Хафызы Рах-имдин кузуруна чыгуу... Ары Фатиха менен баштоо, башкача айтканда эч нерсеге жарабаган жана ордунда турбаган кемчилиги көп, жарды макулуктарды орунсуз мактоодон жана миннеттар болуунун жерине бир Камили Мутлак, Ганийи Мутлак, Рахим жана Карим болгон ааламдардын Раббин мактоо жана ыраазычылык билдирүү. Ары сөзүнүн мертебесине чыгуу, башкача айтканда киши эч ким, ары коргоочусуз экендиги менен бирге, азал жана абад Султаны болгон Акирет күнүнүн Ээсине байланып, бул ааламда эрке конок жана маанилүү, милдеттүү адам даражасына көтөрүлүп,

 

деп, бүткүл макулуктардын атына ааламдын улуу жамаатынын иб-адаттарын жана дубаларын Ага сунуу...

 Ары  деп, келечек караңгылыгынын ичинде меңгилик бакыт -таалайга кеткен нурдуу жолу болгон Сы-раты Мустакимге хидаяты тилөө... Ары азыр уйкуга кеткен өсүмдүктөр менен ай-банат сыяктуу жашырынган күндөр, уйку-суз ойгоо жылдыздар бир-бир аскерге ок-шош амирине багынуучу жана бул аалам мейманканасында бир-бир жарык шамы жана кызматкери болгон Заты Зүлжалалдын Кибриясын ойлоп "Аллаху Акбар" деп руку кылуу... Ары бүткүл мак-улуктардын улуу сежделерин ойлоп, башкача айтканда бул түндө уйкуга кеткен макулуктар сыяктуу ар жылдагы, ар кылымдагы бар болгон нерселердин түрдүү түрлөрү, жер жана дүнүйө ар бири тар-типтүү ордо, балким ар бири моюн сунуу-чу аскер сыяктуу дүнүйөдөгү убудиет милдетинен  буйругу менен боштондукка чыккан убакытта, башкача айтканда Кайып ааламына жиберилген саатта - завалда, кайып болуу жайнамазында өтө тартиптүү "Аллаху Акбар" деп сежде кылгандары... Ары   буйругу менен тирилтүү, ары ойготуу үчүн бе-^илген дубасы менен дагы да жазда бир бөлүгү бирдей, бир бөлүгү да окшош бир бейнеде топтолуп, кыям этип, Мевла кызматына даяр болгондор сыяктуу бул ки-чинекей адам да аларга уюп, Ал Рахманы Зүлкамалдын, Ал Рахими Зүлжамалдын ку-зурунда хайрат толо махабат, баки толо кичипейилдик, иззат толо тазаллул ичинде "Аллаху Акбар" деп сежде кылуу, башкача айтканда Мираждын бир түрүнө чыгуу маанисинде болгон кечки намазды кылуу канчалык кош, канчалык сонун, кандай ширин, кандай бийик, канчалык кадырлуу жана лаззаттуу, канчалык акылга сыйган жана ылайык милдет, кызмат, убудиет, орчундуу болгонун албетте түшүндүң.

Демек, бул беш убакыттын ар бири улуу өзгөрүштүн ишараты, Раббани улуу иштердин аламаттары болгондорунан карыз болгон парзнамаздын; ал убакыттарга да-йындалуусу - чексиз даражада хикмет.

 

 

 

ЖЫЙЫРМА БИРИНЧИ СӨЗ

 (Эки Бөлүктүү) 

БИРИНЧИ БӨЛҮМ

 

Бир мезгилде жашы, денеси, даражасы улуу бир адам мага мындай деди элв: "Намаз жакшы нерсе. Бирок күндө беш маал кылуу көптүк кылат. Бүтпөгөндүгүндөн жадайсың.

Ал адамдын бул сөзүнөн бир топ убакыт өткөндөн кийин написими тыңшадым жана ал да дал ошол сөздөрдү сүйлөп жатат. андан кийин ага карап, бул дарсты Ал жалкоолук кулагы менен алганын көрдүм. Ошондо түшүндүм: Ал адам бул сөздү бардык напистердин атынан сүйлөгөн же болбосо сүйлөттүргөн сыяктуу. Ошондо мен да мындай дедим: "Эгер чын эле написим орундатуучу болсо, нап-исини тарбиялай албаган, башкасын тар-биялай албайт. Андай болсо, өз написимден баштайын."

Мындай дедим: "Эй, напис!.. Чексиз көп наадандык ичинде, жалкоолук төшөгүндө, гафлет уйкусунда сүйлөгөн сөздөрүңө каршы "Беш эскертүүнү" менден тыңша...

Биринчи эскертүү: Ай, бактысыз написим! -Ажеп, өмүрүң меңгиликпи? Анык түрдө кийинки жылга, балким эртеңки күнгө жете турган өмүрүңүн барды. Сени жадаткан нерсе, өзүңдү меңги деп ойлогонуң. Лаззат үчүн дүнүйөдө меңги кала тургансып назданасың. Эгер өнүрүңүн аздыгын, ары пайдасыз өтүп ба-раткан түшүнгөн болсоң... Албетте анын жыйырма төрттөн бири чыныгы бир меңги өмүрдүн бакытына жетүүгө себеп боло турган сонун, кош, рахат жана рахмет бир кызматка жумшоо: жадоо мындай турсун, балким чыныгы куштарлык жана кош лаз-зат алууга себеп болот.

Экинчи эскертүү: Эй, напис! Күндө нан жейсиң, суу ичесиң, аба менен дем аласың - алар сени жадатпайбы? Албетте жадатпайт, анткени муктаждыгын кайталана берген соң жадоо болбойт, балким лаззат алуудасың. Андай болсо денемдин ички бөлмөсүндө сенин досторуң болгон жүрөгүмдүн азыгы, рухумун тиричилик суусун жана Раббани сезимдин несим аба-сын өзүнө тарткан намаз да сени жадатпоосу керек. Ооба, чексиз көп кайгыкасиреттер менен азаптарга дуушар жана тап болгон, ары чексиз лаззат-тарга, армандарга куштар, ары сүйүү толо жүрөктүн күчү менен кубаты бардык нерсеге кудурети жеткен бир Рахими Ке-римдин эшигин нияз менен каккылоо аркылуу табылуусу мүмкүн. Ооба, бул пани дүнүйөдө фирак айкайын өтө чапчаң көтөрүп кеткен, көпчүлүк бар болгон нер-селер менен байланыштуу богон рухуңдун тиричилик суусу болсо намаз менен багытталуу аркылуу бардык нерселердин ордуна бир Магбуды Бакинин, бир Махбу-бу Сармадинин рахмет булагынын ичилүүсү мүмкүн. Ооба, табиятындан меңгиликтин каалаган жана меңгилик үчүн жаратылган, аары эзели, ары эбеди Аллахтын күзгүзү болгон, ары адамдын чексиз даражада назик, кош, таза болгон бир саналуу сыры, нурдуу бир Раббани се-зими бул кайгүлуу, эзүүчү жана кыйноочу, өтүп кетчү, караңгы жана тумчуктуруучу болгон дүнүйө тиричилигинде албетте дем алууга өтө муктаж жана ал жалгыз гана Намаз терезеси аркылуу дем ал алат.

Үчүнчи эскертүү: Эй, сабырсыз напи-сим! Ажеп, өткөн күндөрдөгү ибадат кы-йынчылыктарын, намаздын машакатын жана касиреткыйынчылыгын бүгүн ойлоп кыжаалат болуу, ары келечек күндөрдөгү ибадат милдетин, намаз кызматын, азапкордугун бүгүн ойлоп, сабырсыздык кылуу эч бир акылга сыябы?

Ошол сабырсыздыктагы абалың мындай-ча бир делдейген кол башчынын кылгандарына окшойт: Душмандын оң канаттагы күчү анын оң канаттагы күчүнө кошулуп, ага жаңы күч болгон тапта, ал маанилүү кубатын оң канатка жөнөтүп, борбордогу кубатын алсыратып алат. Ары сол канатта душмандын аскери жок туруп, ал жакка аскер жөнөтүп, "аткыла" буй-ругун да берет. Борборду таптакыр алсы-ратат. Душман да жагдайды түшүнүп, бор-борго чабуу коюп, анын быт-чытын чыгарат. Ооба, сен да ошого окшойсуң. Анткени, өткөн күндөрүңдүн кыйынчылыгы рахметке кошулуп, машакаты соопко айланган. Ошондой болсо андан жадоо эмес, балким жаңы бир каалоо, жаңы бир куш-тарлык жана улантууга чечкиндүү кайрат алуу керек. Келечек күндөр али келбеген болсо, аларды азыртан ойлоп жадоо жана үмүтсүздөнүү, дал ошол күндөрдөгү ачтык менен суусуздукту бүгүн ойлоп, бакырып-чакыруу акмакчылыктыр.

Эгер, акыйкат ушундай болсо, акылдуу болсоң ибадат тарабынан жалгыз бүгүнүңдү гана ойло. Ары "анын бир саа-тын акысы өтө чоң, машакаты өтө аз, кош жана сонун, ары улуу бир кызматка жумшап жатам" - де. Ошол учурда сенин ачуу үмүтсүздүгүң таттуу күчкайратка айланат.

Мына, эй, сабырсыз написим! Сен үч са-быр кылууга милдеттүүсүң:

Биринчиси: Кулчулукка сабыр.

Экинчиси: Күнөөлөргө каршы сабыр.

Үчүнчүсү: Кайгыкасиретке каршы са-быр.

Акылың бар болсо бул үчүнчү эскертүүдөгү мисалда көрүнгөн акыйкат-ты жол нускоочум деп бил. Эр жигит сыяктуу "Ыя Сабур" деп, үч сабырды да үстүңө ал. Жанабы Хактын сага берген сабыркубатын эгер жаңылыш жолдо таш-табасаң ар бир машакатка жана ар бир касиретке жетиштуу боло алат... Жана ал кубат менен чыдагының...

Төртүнчү эскертүү: Эй, делдең напи-сим! Ажеп, бул убудиет милдети на-тыйжасызбы? Сени жадатканына караганда акысы аз бекен? Чынчынына келгенде бир адам сага акча берсе, же сени коркутса кечке чейин иштеттирет, сен да үмүттөнө иштейсиң. Ажеп, бул дүнүйө мейманканасында алсыз, ары жарды жүрөгүңө кут, байлык жана ал-бетте үйүң болгон кабириңди азык, нур жана ар жагдайда сот мекемең болгон Махшарда баалуу кагаз жана бошонуу үчүн пайдалуу нерсе жана кааласаң да, каалабасаң да үстүнөн өтүлө түрган Сырат көпүрөсүнде нур жана бурак боло турган намаз натыйжасыз бы? Же болбосо акысы азбы?

Бир адам сага жүз теңгелик бир белек убада берсе жүз күн сени иштеттирет. Ал убадасында турбашы да мүмкүн, бир