New Page 1

``ОНУНЧУ Сөз

ХАШИР БАЯНЫ

Эскертүү

(Бул чыгармалардагы салыштырууларды жана тамсилдерди икая түрүндө жазганымдын себеби; аны жеңилдештирүү жана Ислам Акыйкаттарына канчалык ыңгай, ылайык болгонун жана бирбирине кубаттуу таянганын көрсөтүү эле. Икаялардын маанилери соңундагы акыйкаттар. Бул тамсилдер аркылуу ыймандын шарттары далилденет. Демек, алар кыялдуу икаялар эмес, чыныгы акыйкаттар)

 

(Хашиу менен Акыретти оңой жана Тууган, элдин тилименен түшүнүктүү кылып көргөзгөн баянды уккуң келсе. анда нефсим менен бирге кулак салып тыңша:)

Бир заман эки адам Бейиш сыяктуу укмуштай сонун бир мамлекетке (бул дүйнөгө ишаарат) сапар тартышты. Карашса: Элдин баары үйлөрүнүн, дүкөндөрүнүн эшиктерин ачык таштап коргоосуна эч маани беришпөөдө. Мал жана акча ортодо ээсиз калууда. Ал адамдардан бири каалаган нерсесине колун узатып талап тоноп, нефсинин каалоосуна баш ийип ар түрдүү зулум жана кылмыш кыла баштады. Калктан эчким ага эч нерсе деген жок. Жанындагы жолдошу мындай деди:

- Эмне кылып жатасың? Жазаланасың, мени да балээге калтырасың. Бул буюмдар мамлекеттики. Бул калайыккалк бала-чакасы менен жоокер же кызматкер болуп алыщкан. Бул эл кийимдерин өзгөрткөн аскер сыяктуу иштеттирилүүдө. Ошол үчүн сага эчким унчугушпайт. Бирок, мыйзам абдан күчтүү. Падышанын ар жерде телефону жана сакчылары бар. Тезирээк барып кулдук уруп жардам тиле. Бирок ал селсаяк адам кежирленип мындай деди:

- Жок, мамлекет малы эмес, балким ээсиздир. Ар ким каалаганындай колдоноалат. Бул сонун нерселерден пайдаланууну токтото турган эч кандай себеп көрбөй турам. Көзүм менен көрмөйүнчө ишенбейм,

- деди. Жана кээ бир философторго окшоп көп тантырак болбогон бош сөздөрдү айтты. Ал экөөнүн арасында чындап эле талашыптартышуу башталды. Оболу ал селсаяк адам мындай деди:

- Падыша ким экен? Тааныбаймын... Андан кийин жолдошу ага жооп катары:

- Бир айыл башкармасыз болбойт. Бир ийне устасыз болбойт, ээсиз боло албайт. Бир тамга жазуучусуз боло албайт, билесиң. Анан кандайча укмуштай чексиз даражадагы мыйзамдуу бул мамлекет Акимсиз болот? Жана мынчалык көп байлык бар, ар саатта бир поезд (түшүндүрмө)1 кайыптан келип жаткандай кымбаттуу, че-берчилик менен жасалган нерселерге толтура келет. Бул жерде түшүрүлүп, андан ары ары жолун улайт. Кандайча ээсиз болот? Жана ар жерде көрүнгөн жарыялар, баяндамалар жана ар бир нерсенин үстүндө көрүнгөн мөөр менен белгилер, издер жана ар бир бурчунда булгаланган желектер кантип Маликсиз (ээсиз) болушу мүмкүн? Сен кыязы, бир барак динсиз философия окуптурсуң. Бул Ислам жазууларын окуй албай жатасың жана билген кишиден да сурабай жатасың. Кел анда, сага эң негизги буйрукту окуп берейин.

 

(Түшүндүщө): Жылга ишаарат кылып жатат. Ооба, жаз мезгили тамак-аш толгон вагон сыяктуу, кайыптан келет

 

Ал селсаяк адам кайрылып мындай деди:

- Макул, падыша бар; бирок менин жекече пайдалануум Ага эмне зыян бере алат? Казынасынан эмне кемийт? Анын үстүнө бул жерде түрмөмүрмө жок; жа-засы да көрүнбөй турат. Жолдошу ага жооп катары: "Эй, бул көрүнгөн мамлекет - машыгуу майданы, Султандын ажайып чеберчилигинин көргөзмөсү жана тез урай турган пайдубалсыз мейманканалары. Көрбөй турасыңбы күнүгө бири келет, бири кетет, жок болуп кетет. Дайыма толуп, бошолуп турат. Бир мезгилден кийин бул мамлекет башка башка бир мамлекетке алмаштырылат. Бул калайыккалк да башка жана түбөлүктүү бир мамлекетке көчүрүлөт. Ал жерде ар ким жасаган ишине жараша же жаза, же сыйлык көрөт,"- деди.

Ал селсаяк адам кежирленип: "Ишен-беймин. Эч мүмкүн бекен; бул мамлекет кыйрап жок болсун? Кантип башка бир мамлекетке көчө алат?", - деди. Буга каршы ишенимдүү досу минтип айтты:

- Ушунчалык каршы чыгып кежирлик көргөзүп жатасың. Кел анда, чексиз жана эсепсиз көп далилдердин ичинде "Он эки жол"менен сага көргөзөйүн: Бир Махкеме-и Күбра (улуу сурак жери) бар, бир сыйлык бериле турган жери менен жакшылыгы, азап бериле турган жери менен зынданы бар. Бул мамлекет күнүгө бир даража бошолгон өңцүү бир күн келет, бардык нерсе бошолуп кыйрап, талкаланып жок болот.

БИРИНЧИ ЖОЛ: Эч мүмкүн бекен; бир салтанат, айрыкча мындай таң калтыра турган кереметтүү салтанат, жакшы кызмат кылып баш ийгендерге сыйлыгы жана каршы чыккандарга жазасы болбосун? Бул жерде жок сыяктуу көрүнөт.

 

Демек башка жерде бир Махкеме-и Күбра бар.

ЭКИНЧИ ЖОЛ: Мына ушул көзгө көрүнүп турган иштерге карачы; эң жарды, эң алсыздан тартып бүт бардыгына кемсиз, эң сонун азыктар берилип жатат. Багаркөрөөрү жок оорулуулар абдан жакшы багылып жатат. Ошондой эле абдан кымбат баалуу жана укмуштай даамдуу тамак-аштар, идиштер кооздолгон кийимдер, саймалар, укмуштай урматсый бар. Дыккат эт, сен сыяктуу селсаяктардан башка бүт баары милдеттерине абдан кө-ңүл бурушат. Эч ким чегинен кичине болсо да ашпайт. Эң жогорку макам ээси Анын айбаты астында эң бийик баш ийүү жана кичипейилдүүлүк бир коркуу менен кызмат кылат. Демек, бул салтанат ээсинин абдан чоң бир кереми*, абдан кенен бир ырайымы бар. Ошондой эле эң чоң иззети*, абдан улуу хайсийети (касиети), намысы бар. А керем* болсо ырыскы нимет берүүнү каалайт. Ырайымдуулук болсо ихсансыз* боло албайт. Иззет* болсо гайретти (дыккаттуулукту) талап кылат. Касиет жана намыс болсо адепсиздердин тартипке келүүсүн каалайт. Чын чынына келгенде бул мамлекетте ошол ырайымга, ошол намыска ылайык иштерден миңден бирөө да жасалбай жатат. Заалим зулум көрсөткөн бойдон, кордук көргөндөр зордук көргөн бойдон бул дүйнөдөн көчүп кетип жа тыша т.

Демек, тигил дүйнөдөгү улуу сурак жерине калтырылууда.

ҮЧҮНЧҮЖОЛ: Карачы, кандай гана.улуу хикмет* менен, бир тартип менен иштер жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле кан-чалык чыныгы бир адилеттүүлүк, бир мыйзам менен мамилелер көрүлүүдө. Чынында бул мамлекеттин башчысынын хикмети* салтанатынын коргоо канатынын астына киргендерге сый-урмат көрсөткүсү келет. Адилеттүүлүк болсо баш и-йүүчүлөрдүн укуктарынын сакталышын каалайт. Эмне үчүн дегенде мамлекеттин касиети, салтанатынын улуулугу корголсун.

Чынында, бул жерлерде ал хикметке, ошол адилеттүүлүккө татыктуу иштерден миңден бири да жасалбоодо. Сен өңдүү селсаяктардын көбү жаза көрбөстөн бул жерден көчүп өтүп кетип жатышат.

Демек, бир Махкеме-и Күбрага калтырылууда.

ТӨРТҮНЧҮ ЖОЛ: Карачы, чектелбеген сан жеткис бул көргөзмөлөрдө болгон теңдеши жок кымбат баалуу байлыктар, бул дасторкондордогу теңдешсиз даамтамактар бул жерлердин Падышасынын, чексиз жоомарттыгын, эсепсиз толтура казыналары бар экендигин көрсөтүп жатышат.Чынында, мындай жоомарттык жана түгөнбөс казыналар - түбөлүктүү жана кааланган нерселердин бүт баары бар болгон бир сый-урмат жерин талап кылышат. Ошондой эле ал сыйдан татып лаззат* алгандардын ал жерде да жашоосунун улана берүүсүн каалайт. Неге дегенде, өлүп жок болуу жана айрылуу менен кыйналуунун азабын чегишпесин дейт. Анткени, кайгыкапалардын бүтүшү лаз-зат болгондой, лаззаттардын бүтүшү да кайгыкапа болот.

Бул көргөзмөлөргө карачы! Ушул жарыяларга дыккат эт! Жана бул жарчыларга кулак сал, мужизелүү* бир падышанын антиквардык чыгармаларын кейиптендирүүдө жана көргөзүүдө.Кемалатын* көрсөтүүдө.Теңдешсиз рухий жамалын баян кылууда. Жашыруун сулуулугунан сөз кылууда. Демек, анын абдан маанилүү, таң калтыруучу кемалаты жана рухий жамалы бар. Жашыруун, кемчиликсиз кемал* болсо - мактоочу, сулуулугун таанып "Машааллах"* деп күбө болуучуларга көрсөткүсү келет. Жашыруун, теңдеши жок жамал болсо - көрүнгүсү жана көргүсү келет. Башкача айтканда, өз жамалын эки жактан көргүсү келет. Биринчиси; көптөгөн күзгүлөрдөн Өзүн көргүсү келет. Экинчиси; судуулугун таанып, аны көрүүгө куштар болгондордун көздөрү аркылуу өз сулуулугун көрүүнү каалайт. Көрүү жана көрүнүү, ошондой эле түбөлүктүү көргүсү келет, ошондой эле күбөлөрдү дайыма көргөзгүсү келет. Ал түбөлүктүү жамал - Аны көрүп аңтаң калгандардын да денелеринин дайыма тирүү кала берүүсүн каалайт. Себеби, түбөлүктүү сулуулук тез өтүп кетүүчү куштарга ыраа-зы боло албайт. Анткени, эч качан кайта кайткыс болуп жок болуу туңгуюгуна кетип бара жаткан бир адамдын сүйүүсү душмандыкка айланат. Таң калуусу менен урматтоосунун ташталканы чыгат. Себе-би, адам баласы билбеген нерселерине душман болот. Чынында, ушул мейманканалардан баары тең тез чыгып кетип, жоголууда. Ошол кемал жана жамалынын бир шооласын, балким алсыз бир көлөкөсүн аз бир убакыт ичинде карап, тоё ал-бастан кетип бара жатат. , Демек, түбөлүктүү көрүү жеринде орду бар.

БЕШИНЧИ ЖОЛ: Карачы, бул иштер ичинде ал тевдешсиз Күчтүн абдан чоң бир мээрими бар экени көрүнүүдө. Анткени, балээге туш келгендердин баарына жардамга келүүдө. Ар бир суроого жана тилекталаптарга жооп берүүдө. Керек болсо, карагын, эң төмөнкү даражадагы баш ийүүчүлөрдүн эң кичинекей дартьга, маселесин көрсө мээримдүүлүк менен камсыз кылууда. Бир койчунун коюнун шыйрагы сынып калса же дары, же мал доктур жиберип турат. Жүрү кеттик, ушул аралда улуу бир жыйналыш бар. Бул мамлекетин бардык кадыр-барктуулары ошол жерге топтолууда. Карачы, абдан чоң белгиси бар бир Йавер-и Экрем* сөз сүйлөөдө. Мээримдүү Падышасынан бир нерсе тилөөдө. Калктын баары: "Ооба, ооба биз да каалай-быз' дешип, аны кубаттап колдошууда. Эми уккун, ал Падышанын сүйүктүүсү эмне деп жатат:

"Эй бизди ырыскыларга бөлөгөн Султаныбыз! Бизге көрсөткөн Бейиштин көргөзмөсүнүн аныгын, чыныгы жерлерин көрсөт. Бизди Салтанат сарайынын бор-боруна алып бар. Бизди бул чөлдөрдө курута көрбө.Бизди өзүңө ал. Бизге ырайым кыл. Бул жерде даамын таттырган даамдуу тамактарыңды ал жерде да таттыр. Бизди куугунтуктап жок кылуу менен жа-заландырба. Сага ашык, сага шүгүр кылуучужана баш ийүүчү ушул кулдарыңды ээн таштап жок кыла көрбө! ", - деп жалынып жалбарууда.

Аны сен да угуп жатасың. Эч мүмкүн бекен; мынчалык мээримдүү жана кудуреттүү бир падыша эң төмөнкү даражадагы бир адамдын эң кичинекей тилегин маани берүү менен кабыл кылсын, бирок эң сүйүктүү Йавер-и Экреминин эң жакшы тилектерин кабыл кылбай койсун?! Чындыгында, ал сүйүктүүнүн максаты - көпчүлүктүн да максаты. Ошондой эле падышанын ыраазы болуп көңүлүнөн чыккан нерселери - ырайым жана адилетинин талап кылуусу. Ага бул иштер өтө оңой келет, оор келбейт. Бул мейманканалардагы туруксуз көрүлө турган жерлерди жараткан сыяктуу да оор келбейт. Үлгүлөрүн гана көрсөтүү үчүн беш-алты күн көргөзмөлөргө ушунчалык чыгым жасаган экен, бул мамлекетти курган экен, ал-бетте чыныгы казыналарын жана кемалатын*, өнөрлөрүн Салтанат сарайынын борборунда ушундай сонун көргөзмөлөрдү ачат дейсиң, акыл-эс айрантаң калат.

Демек, бул сыноо майданындагылар ээн ташталган эмес; аларды бакытка толгон саадат сарайлары жана зындандар күтүүдө.

АЛТЫНЧЫ ЖОЛ: Кел эми, карачы, бул шумдук поезддер, самолёттор, курал-жабдыктар, кампалар, көргөзмөлөр жана жасалып жаткан иштер парда аркасында Анын улуу салтанатынын бар экендигин көрсөтүүдө (Түшүндүрмө)?.

 

2 (Түшүндүрмө): Мисалы; азыркы заманда машыгуу майданында, согуш ыкмасы боюнча: " Мылтык ал, штык так!", - деген буйрук менен түмөндөгөн аскерлер найзалуу бир токойго окшогондой; Ар бир майрамда парадка чыгуу үчүн: "Формалары-ңарды кийгиле, орденмедалыңарды таккыла!",деген буйругуна каршы аскерлер түрдүүтүстүү гүлдөргө курчалып кооздолгон бакчага окшоп калгандай; ошол эле жер жүзүнүн майданында Султан-ы Эзелинин* чексиз көп аскерлеринен периште, жин, адам жана жаныбарлар сыяктуу эле акылга ээ болбогон өсүмдүктөрдүн тобу да жашоо үчүн болгон күрөшүндө "Күн фейекүн"* буйругу менен " Коргонуу үчүн курал-жарактары-ңарды алгыла!", - деген Кудайдын буйругун алышкандарында; Жер жүзүндөгү бардык тикенектүү өсүмдүктөр жана бакдарактар найзачал^рын таккан маалында, кудум штыктарын тагып согушууга даяр турган аскерлерге окшоп калат.

Ошондой эле, жаз айынын ар бир күнү, ар бир жумасы ар түрдүү өсүмдүктөр тобунун майрамы болуп саналганы үчүн, ар бир тобу дагы да өз Султанынын ошол топторго тартуу кылган сонун белектерин көрсөтүү үчүн кооз белптлерди тагып алып, Султан-ы Эзелинин* көз алдынан параддан отет; бүткүл өсүмдүк жана бакдарактар "Сан'ат-ы Раббанийе * түрлөрүн жана гүл менен жемиш деп аталган Аллахтын жаратуусунун белгилерин таккыла, гүл ачкыла! ", - деген Аллахтын буйругун угушкандыктарынан жер бети кулпунуп аскердик формалары менен курал-жарактарын асынып парадка чыккан аскерлерди эске келтирет.

Мына ушундай даражада хикметтүү*, курал-жарактар жана жасалгалар албетте чексиз кудуреттүү бир Султандын, өтө адилеттүү бир Хакимдин буйруктары менен болуп жаткандыгын сокур болбогондорго көрсөтөт.

 

Мындай бир салтанат өзүнө татыктуу баш ийүүчүлөрдү каалайт. Өзүң көрүп тургандай бардык баш ийгендер бул мейманканада жыйналышкан. Ал мейманкана болсо күнүгө толуп бошолуп турат. 0шондой эле баш ийүүчүлөр (кулдар) бул сыноо майданында машыгуу үчүн гана. Майдан болсо саат сайын алмашып турат. Ошондой эле кол астындагылардын баары Падышанын кымбат баалуу тартууларынын үлгүлөрүн жана укмуштай чыгармаларынын антиквардуу экендигин көргөзмөлөрдө көрүү үчүн мына ушул көргөзмөлөрдө бир нече мүнөт токтоп карап жатышат. Көргөзмөлөр болсо мүнөт са-йын алмашып турат. Кеткен келбейт, елген кетет. Бул кубулуш ушул турган турпаты менен ; бул мейманкана, булмайдан жана бул көргөзөлөрдүн аркасында түбөлүктүү сарайлары өзгөрбөс орунда ушул көрүнгөн үлгүлөр менен сүрөттөрдүн аныгына толтура бакчалар, казыналардын бар экендигин көрсөтүүдө.

Демек, булжерде иштөө алар үчүн. Бул жерде иштетет, ал жерде акысын берет. Ар кимдин кылган ишине жараша ал жерде бактысаадаты бар.

ЖЕТИНЧИ ЖОЛ: Жүрү бираз кыдырып келели. Бул маданий калктын ичинде эмне бар, эмне жок экенин көрөлүк. Мына карачы!... Ар жерде, ар бир бурчта көптөгөн фотоаппараттар орнотулган, сүрөт тартып жатышат. Карачы, ар бир жерде көптөгөн катчылар отурушат, бир нерселерди жазышууда. Ар бир нарсени тиркеп жатышат. Эң маанисиз бир ишти, болбогон жөнөкөй окуяларга чейин жазып жатышат. Аа!.. Тээ тигил бийик тоодо Падышага тиешелүү бир чоң фото аспабы курулган экъъ.(Тушундүрмө)3. Бул жерде эмне окуя болсо бүт баарын сүрөткө түшүрүп алууда. Демек, ал Падыша мамлекетиндеги жасалып жаткан кыймыл-аракеттин бардыгын тиркеп-жазып турууга буйрук берген. Демек ал чоң Падыша бүт окуяларды жаздырат, сүрөттөрүн тарттырып алат. Мына бул дыккатттуу жазып а луулар жана тиркеп сактоолор - албеттч суракка тартуу үчүн. Андай болсо эң ки чинекей кулдун эң кичинекей кыймыл аракеттерин көздөн качырбаган бир Хаким-и Хафыз*, эч мүмкүн бекен; кулдарынын эң жогоркуларынын эң чрң кыймыл-аракеттерин сактабасын, суракка тартпасын, акысын жана жазасын бербесин?! Чынында, ал Падышанын иззетине* жана намысына тие турган жана ырайым дуулугу эч кабыл этпей турган мамилелерди эң жогорку даражадагылар жасоодо. Бул жерде жазага тартылып жаткан жери жок.

 

3 (Түшүндүрмө): Ушул жолдун ишаарат кылган маанилеринин бир бөлүгү жетинчи акыйкатта ба-ян кылынган. Бир айта кете турган нерсе, бул жердеги Падышага тиешелүү фото аспап ишаараты жана акыйкаты - "Левх-и Махфуз"* демек. Левх-и Махфуздун бар экени Жыйырма Алтынчы Сөздө мындайча далилденген: Кандайча кичине кичине күбөлүктөр чоң бир дептердин бар экендигин далилдейт жана кичине кичине эсеп кагаздары чоң бир эсеп дептеринин бар экендигин көрсөтөт. Сы-зылып аккан кичинекей суулар чоң бир булактын бар экендигин билдирет. Так эле ошондойчо: кичине кичине күбөлүк сыяктуу; жана кичинекей Левх-и Махфуз маанисинде; ошондой эле чоң Левх-и Махфузду жазган калемден чыккан кичине кичине чекиттер түрүндө болгон адамзаттын эске тутуу жөндөмдүүлүгүн, бакдарактын жемиштери, жемиштердин данектери, уруктары албетте бир Хафыз-ы Күбраны*, бир чоң дептерди жана Левх-и Махфуздун бар экендигин далилдейт. Акылы барларга көрсөтөт.

 

Демек, бир Махкеме-и Күбрага * калтырылууда.

СЕГИЗИНЧИ ЖОЛ: Кел, сага ал Падышадан келген кабарды окуп берейин. Карачы, кайта кайта убада берип жатат жана катуу эскертүүдө: "Силерди ал жерден алып, Салтанат Сарайымдын борборуйа алып келемирг жана мага баш ийип мый-замдарымды аткаргандарды бакытка бөлөймүн, мага каршы чыккандарды түрмөгө камаймын. Ал туруксуз жерди талкалап, түбөлүктүү сарайлары, зындандары бар болгон башка бир мамлекет курамын Г. Берген убадасын аткарыш ал Падыша үчүн опоңой. Баш ийген кулдары үчүн да өтө маанилүү. Убадасына турбай сөзүнөн таюу - Кудуреттүү Күчүнө терс келет.

Мына эй селсаяк! Сен жалган пикириңди, түшүнүксүз акылыңды, алдатуучу нефсиңди колдоп жатасың. Эч бир жактан каршы чыгууга мажбурлугу болбогон, эч бир тараптан каршылык касиетине жарашпаган жана көрүнгөн иштердин бардыгы сыддыкына*(тууралыгыйа) күбөлүк кылган Бирөөнү жалганга чыгаргың келет. Албетте абдан күчтүү жазага татыктуу болосуң. Мындай бир мисалдагы а~ дамга окшошсуң: Бир жолоочу күндүн жарыгынан качып көздөрүн жумат, кыялына карайт, ою бир жаркырак коңузу сы-яктуу башынын чырагынын шооласы менен коркунучтуу караңгы жолун жарыктандыргысы келет. Убада береген экен, андай болсо сөзсүз аткарат. Аларды орун датуу Ал үчүн опоңой, бизге, бардык нерсеге, Ага жана салтанатына абдан керектүү.

Демек, бир Махкеме-и Күбра бар, чексиз бакыттаалай жери бар.

ТОГУЗУНЧУ ЖОЛ: Кел эми! Бул үйлөрдүн жана жамааттардын кээ бир башчыларына кара: (Түшүндүрмө^ Ар биринин Падыша менен жекече көрүшө турган менчик бирден телефону бар. Алардын кээ бирлери Падышанын бетмаңдайына чыгышкан. Эмне деп жатышат, карачы: Алар биргелешип бир ооздон кабар беришүүдө: Ал Падыша сый-урмат жана жаза берүү үчүн абдан сонун жана абдан коркунучтуу бир жер даярдаган. Өтө ишенимдүү убада жана коркунучтуу эскертүүлөр берүүдө. Ошондой эле Анын иззети* менен улуулугун кай жагынан алсаң да убададан таюуга уруксат бербейт.

 

4 (Түшүндүрмө): Ушул тогузунчу жолдун далилдеген маанилерин "Сегизинчи Акыйкатта" көрсө болот. Мисалы, үйлөрдүн башчылары бул тамсилде пайгамбарларга жана олуяларга ишаарат кылынган. Телефон болсо - вахй* келген жер жана илхам келген жери болгон жүрөктөн чыккан Аллах менен болгон байланыш. Жүрөк - ал телефондун башы жана кулагы сыяктуу.

 

 

Чынында ал кабарчылар болсо биргелешип бирин бири колдоп мындайча кабар беришүүдө: Ушул кээ бир жасаган иштери көрүнгөн улуу салтанатынын негизги жери бул жерден узак башка бир мамлекетте жана ушул сыноо майданындагы имараттар - убактылуу нерселер. Кийин түбөлүктүү сарайларга алмаштырылат. Бул жерлер өзгөрөт. Себеби, чыгармалары менен улуулугу билинген бул укмуштай бүтпөс салтанат: мындай тез өтүүчү, кайталангыс, туруксуз, маанисиз, кубулмалуу, чектүү жана кемчиликтүү иштер үчүн курулбайт, тургузул-байт...Демек, ага ылайык, түбөлүктүү, туруктуу, чексиз, бүтпөс, кемчиликсиз иштер үчүн курулган.

Демек, бир башка дүйнө бар, албетте ал дүйнөгө барылат.

ОНУНЧУ ЖОЛ: Кел бүгүн Нооруз майрамы (Түшүндүрмө)

 

5 (Түшүндүрмө): Бул жолдун ишааратын "Тогузунчу Акыйкатта" көрөсүң. Мисалы, Норруз күнү жаз мезгилин билдирет. Гүлдүү жашыл талаа болсо - жаз мезгилиндеги жер жүзү. Өзгөрүп турган пардалар менен көрүнүштөр болсо - эрте жаздын башталгычынан тартып жайдын аягына чейин Сан-и Кадир-и Зулжелалдын*, Фатыр-ы Хаким-и Зулжелалдин* укмуштай тартип менен алмаштырган жана кемал-и рахмет* менен жаңылаган жана бири бири аркасында жиберген жаз айьпщагы макулуктардын түрлөрүнө жана жаныбарлар менен адамдарга жиберип турган ырыскытамак-аштарга ишаарат этилет.

 

Бир алмашуу болот, ажайып иштер чыгат. Ушул жаздын сонун күнүндө, бул а-жайып гүлдүү жапжашыл талаага сейилдеп баралы. Мына карачы! Калайыккалк бул тарапка келе жатат. Карачы бир сыйкыр бар. Ал имараттар күтүлбөгөн жерден кыйрады. Башка бир кейипке кирди. Карачы бир мужизе* бар. Ал талкаланган имараттар бир заматта бул жерге курулду. Кудум бул чөл жери бир маданий шаарга айланды. Назар сал, кино пардалары (фильмдин экрандары алмашкандай) сыяктуу ар саата башка бир аалам көрсөтөт. Башка бир көрүнүш алат. Буга көңүл буруп кара: ушунчалык аралаш, тез, көптөгөн, чыныгы пардалардын ичинде ушун-чалык сонун тартип бар, ар нерсе орду ордуна коюлат. Кыялыбыздагы кино пардалары дагы мынчалык тартиптүү боло албайт. Миллиондогон сыйкырчылар топтолсо да бул кереметтүү иштерди жасай албайт. Демек, бизге көрүнбөгөн ал Падышанын абдан чоң мужизелери* бар.

Эй селсаяк! Сен:"Бул чоң мамлекет кандайча талкаланып башка бир жерде курулат?",- дейсиң.

Мына көрүп турасың: Ар бир саат, сенин акылыңа сыйбаган ал жер алмаштыруу сыяктуу көптөгөн төңкөрүштөр, ооштурмалар болууда, Ушул жыйналуу, чачылуудан жана башка көрүнүштөрдөн мындайча түшүнсө болот: бул көрүнгөн чагылган ылдамдыгындай болгон жыйналыштар, тарап кетүүлөр, жаралуулар, кыйроолор ичинде башка бир максат бар. Бир саатык жыйналыш үчүн он жылдык чыгым жасалууда. Демек бул ахыбалдар максуд-у биззат* эмес. Ал - бир тамсил, бир окшоштуруп тууроо. Ал Падыша буларды мужизе менен жаратууда. Эмнеге дегенде сүрөттөрү алынып жана натый-жалары сакталып жазылуусу үчүн. - Кандайча машыгуу майданында ар бир иш тиркелип, жазылып коюлган эле - Демек, "улуу жыйналыштагы" мамилелер булардын үстүнө уланат. Ошондой элс улуу көргөзмөдө түбөлүккө көргөзүлөт. Демек, бул туруксуз, чечимсиз жагдайлар соңунда туруктуу көрүнүш, түгөнбөс-бүт-пөс жемиштерин берет.

Демек, бул кубулуштар жөн жай эле эмес, бир улуу саадат, бир Махкеме-и Күбра жана биз билбеген бийик максаттар үчүнжасалуда..

ОНБИРИНЧИЖОЛ: Кел эй кежир до-еум! Бир самолётко... батышка же чыгышка.... башкача айтканда өткөн заманга жана келечекке бараткан бир Поездке минели. Ушул кереметтүү, мужизе көрсөтүүчү Падышанын башка жерлерде не бир түрдүү мужизе көрсөткөнүн көрөлү. Мына карачы, биз көргөн жер жана майдан менен көргөзмөлөр сыяктуу ажайыптуу иштер ар жерде бар. Бирок, чеберчилиги жана өңтүсү боюнча бири-биринен айырмаланып турат. Бирок, буга жакшылап көңүл бур: Жанагы туруксуз мекен-жайларда, ошол тез өтүп кетүчү майдандарда, ошол чектүү көргөзмөлөрдө; канчалык ачык бир хикметтин* тартиптүүлүгү, кандай гана даражада ачык көрүнгөн жардамдын ишаараты, өтө жогорку адилеттин белгиси, кандай гана даражадагы кенен бир ырайьшдуулуктун жемиштери көрүнүп турат. Келечекти билбеген өтө жакындан муну түшүнөт: Анын хикметинен ашкан хикмет*, анын жардамынан ашкан жардам жана ырайымындан жакшыраак ырайымдуулук жана адилетинен ашкан башка адилетүүлүктүн болуусу мүмкүн эмес. Эгер, мисалы: сен ойлогондой анын мамлекетинде туруктуу мекендер, улуу жерлер, түбөлүктүү үйлөр, жашаган калкы, баш ийген бактылуу кулдары болбосо: ушул хикмет*, инайет (жардам), ырайым жана адилеттүүлүк түн акыйкаттарына мына бул жалган мамлекет ылайык боло албай тургандыгы маалым жана аларга ылайык боло тургандар башка жерде да болбосо; анда күндүз чак түштө Күндүн жарыгын көрүп туруп Күндүн бар экенин кабыл этпөө даражасындагы бир акмактык менен, ушул көзүбүздүн алдындагы хикметти жок деп айтуу жана биз күбө болуп турган жардамды жокко чыгаруу жана ушул биз көргөн ырайымдуулукту жок деп эсептөө жана ушул абдан кубаттуу ишаараттарды, издери көрүнүп турган адилеттүүлүктөрдү жокко чыгарышыбыз керек. Ошондой эле биз көргөн бул ижраат-ы хакиимаане* жана эф'ал-и керимаане* жана ихсанат-ы рахимааненин* Ээсин жокко чыгаруу; -хаша, сүмме хаша (Кудай сактасын) - ач көз бир оюнчу жана заалим экенин кабыл этишибиз керек. Бул болсо акыйкаттардын терстерине айлануусу болуп саналат. Бардык акыл ээлеринин биргелешүсү менен муну акыл кабыл этүүсү мүмкүн эмес. Жалгыз гана бардык нерсени жокко чыгарган, жок деп эсептеген акмак софестаилерден башка.

Демек, бул жерден башка бир жер бар. Ал жерде бир Махкеме-и Күбра, жогорку диражадагы адилеттүүлүк жана сыйлоо жери, бир жазаландыруу жери бар; Эмнеге дегенде, мындай ырайымдуулук, мындай хикмет, мындай (инайет) жардам жана адилеттүүлүк толугу менен көрүнсүн.

ОН ЭКИНЧИ ЖОЛ: Кел эми, кайталык. Мына бул жамаатттардын раистери жана миңбашы, жүзбашылары менен көрүшөлү, кандай жабдыкталган экенин көрөбүз: Ал курал-жарактар жалгыз гана ал майдандагы кыска бир мөөнөт үчүн берилгенби? Же башка жерде узун бир саадат жашоосуна ээ болуш үчүн берилгенби? Карап көрөлүк. Ар кимге жана ар жабдыкка карай албайбыз. Бирок мисал үчүн ушул жүзбашынын күбөлүгүнө, дептерине карайбыз: Бул күбөлүктө жүзбашынын наамы, айлыгы, милдети, тилекталаптары менен дыймыл-аракет эрежеси бар. Карагын, бул наам бирнече күндүк убакыт үчүн эмес; абдан узун убакыт үчүн берилиши мүмкүн.

"Айлыгыңды казынадан мынчанчы күндө аласың", - деген убадалуу жазуу бар. Чынында ал убадалуу күн көп убакыттан кийин жана бул майдан жабылгандан кийин келет. Ушул милдет болсо; бул түбөлүксүз майданга жараша эмес, балким Падышанын өзүнө жакын жерде түбөлүктүү саадатты ала алыш үчүн берилген. Талап кылынган нерселер болсо - бир нече күндүк бул мейманканада жашоо үчүн боло албайт. Узун жана бактылуу жашоо үчүн болушу мүмкүн. Бул эре-же муну түшүндүрөт: күбөлүк ээси башка жерге чакырылат, башка дүйнө үчүн кызмат кылат. Карачы, ушул дептерлерде курал-жарактардын пайдалануу жолдору жана аны колдонуудагы жоопкерчилиги көрсөтүлгөн. Эгер жалгыз гана бул майдандан башка чексиз, түбөлүктүү жерлер болбосо; ушул маанилүү дептерлер менен күбөлүктөрдүн эч бир мааниси калбайт болчу. Ошондой эле ушул кадырлуу миң-башы менен жүзбашы жана азиз раис; элдин баарынан төмөн, баарынан бечара, алсыз, жарды жана эң төмөнкү даражага түшүп калмак болчу. Ошого карап салыштыр. Кайсы нерсеге дыккат этсең эт буга күбө болушат: Бул жалган дүйнөдөн кийин бир түбөлүктүү чын дүйнө бар...

Эй досум! Демек, бул убактылуу мамлекет бир талаа сыяктуу. Бир таалимтарбия алуу жери жана бир базар жери. Албетте аркасынан бир Махкеме-и Күбра жана улуу бүтпөс бакыттаалай келет. Эгер муну кабыл этпесең; жокко чыгарсаң; бардык башчылардагы күбөлүктөрдү, дептерлерди, жабдыктарды, эрежелерди, балким ушул мамлекеттеги бардык тартилти, керек болсо өкүмөттү жокко чыгарууга мажбур болосуң жана бардык болгон иштерди жок деп эсептөө керек. Анда сага адам баласы жана акыл ээси деп айтыл-байт. Софестаилерден* да акылсыз болсуң...

Мекен алмаштыруунун далилдери ушул "ОН ЭКИ ЖОЛ"мъъен. гана бүттү деп ойлобо. Керек болсо, сан жеткис далилдери бар. Ушул чечимсиз, туруксуз мамлекет бүтпөс туруктуу бир мамлекетке алмашат. Ошондой эле санак жеткис ишаараттары, алааматтары :Бул калайыккалк ушул туруксуз мейманканалардан алынып Салтанат Сарайынын борборуна алпарылат.

Айрыкча, кел сага "ОН ЭКИ ЖОЛдОН" да күчтүү бир далил көрсөтөйүн. Кел анда, эмесе, карачы: ушул узакта көрүнгөн чоң жамаат ичинде мурда биз көргөн чоң белгиси бар бир Йавер-и Экрем сөз сүйлөөдө. Барып ошону угалык. Карагын, ал нурдуу Йавер-и Экрем, назар сал, жогоруда турган улуу буйрукту элге билдирип жатат жана мындай дейт: "Даярдангыла, башка бир түбөлүктүү мамлекетке барасыңар. Ал мамлекет ушунчалык сонун мамлекет, бул мамлекет анын жанында зындан сыяктуу болуп калат. Падыша быздын Салтанат Сарайынын борборуна барып ырайымына жана тартууларына бөлөнөсүңөр, эгер бул кабарды жакшылапугуп башийсеңер... А эгер каршы чыгып баш көтөрө турган болсоңор, коркунучтуу зындардарга камаласы-ңар".Сен да көрүп турасың, ал Улуу Буйрукта ушундай бир кереметтүү мөөр бар, эч ким аны окшоштуруп жасай албайт. Сен өңдүү селсаяктардан башка бүт баары; ал кабар Падышанын кабары болгонун даана билет жана ошол нурдуу Йавер-и Экремде ушундай белгилер бар, сен сы-яктуу сокурлардан башка бүт баары Аны Падышанын абдан ишенимдүү кабарчысы болгонун жакындан таанышат. Ал Йа-вер-й Экремдин улуу кабар менен бирге бар күчүн салып жеткизүүгө тырышкан ушул мекен алмаштыруу маселесин жокко чыгаруу эч мүмкүнбү? Жокко чыгаруу үчүн көргөн нерсебиздин бардыгын жокко чыгарышыбыз керек.

Эми эй досум! Сөз сенде, сүйлө эмне

десең ошо де!

- Мен эмне деп айтайын, буга каршы дагы эмне деп айтууга болот. Чак түштө Күндү жок деп айтса болмок беле? Жалгыз гана мындай дейм: Элхамдулиллах*, Кудайга жүз миң жолу шүгүр болсун, нефсимдин* кулдугунан кутулдум, түбөлүктүү түрмө жана зындандан кутулдум жана буга ишендим: Бул аралаш, чечимсиз мейманканалардан башка бакыттаалай жери, жанында шаттык сарайы: Биз да алжакка чакырылабыз.

Мына, хашир менен акыреттен турган ушул тамсил икаясы ушул жерде аякталды. Азыр Аллахтын жардамы менен улуу акыйкаттарга өтөбүз. Өткөн "ОН ЭКИ ЖОЛГО" каршылык " ОН ЭКИ МҮТЕсАНИД* АКЫЙКАТ" менен бир кириш сөздү баян кылабыз.

 

КИРИШСӨЗ

( Бир нече ишаарат менен башка жерлерде, башкача айтканда, Жы-йырма Экинчи, Он Тогузунчу, Жы-йырма Алтынчы Сөздөрдө баяндалган бирнече маселеге ишаарат кылабыз)

БИРИНЧИ ИШААРАТ: Икаядагы селсаяк адам менен анын ишенимдүү жолдошу арасындагы талашта: "Үч акыйкаттары" бар.

БИРИНЧИСИ: Жүгөнсүз тил албаган нефсим менен жүрөгүм.

ЭКИНЧИСИ: Философия шакирттери менен Кур'ан- ы Хакимдин шакирттери.

ҮЧҮНЧҮСҮ: Ислам үммөтү менен Кудайга ишенбеген атеисттер.

Философия шакирттери жана Кудайга ишенбегендер менен жүгөнсүз нефсимдин эң күчтүү каршы чыгуулары -Женаб-ы Хакка * ишенбөөлөрү болуп саналат. Икаядагы ишенимдүү адам кандай деген эле: "Бир тамга жазуучусуз болбойт, бир мыйзам акимсиз болбойт". Биз да дейбиз:

Маселен бир китеп бар болсо, бирок жөнөкөй китеп эмес, кереметүү китеп; ар бир сөзүнүн ичине кичинекей калем менен бир китеп жазылган. Ар бир тамгасы ичине ичке калем менен тартиптүү түрдө бир касыйда* бар. Жазуучусуз болуусу эч мүмкүн эмес. Ушул сыяктуу эле, ушул каинат* дагы Кооздоочусуз болуусу таптакыр мүмкүн эмес. Анткени, бул каинат (бүткүл аалам) ушундай бир китеп: арбир бети көптөгөн китептерди камтыйт. Керек болсо, ар бир сөзүнүн ичинде бир китеп бар. Ар бир тамгасы ичинде бир касыйда бар.

Жер жүзү - бир барак кагаз сыяктуу. Ичинде көптөгөн китептср бар. Бир дарак - бир сөз. Көптөгөн барактары бар. Бир мөмө- бир тамга.; бирданек- бир чекит. Ал чекитте бийик бир дарактын программасы, мазмуну бар. Мына мындай китеп Желал* жана Жамал* сыпаттарына ээ, соңсуз кудурет жана хикметке ээ болгон бир Зат-ы Зулжелалдин* гана кудурет калеминин чыгармасы болушу мүмкүн. Демек, ааламды көрүп туруп ыйманга кел-бей коюу мүмкүн эмес. Жалгыз гана, атеизмге мас болуп, көзүн ача албай калгандардан башка.

Ошондой эле кандайча бир үй устасыз болбойт. Үй болгондо да кандай үй: Ажайып чеберчилик менен, таң калаарлык оймосаймалары менен, көз жоосун алган жасалгалар менен кооздолуп салынган. Керек болсо ар бир ташына бир сарайга сарпталгандай чеберчилик берилген. *'Устасыз салынган" деген пикирди эч бир акыл кабыл этпейт, ал абдан чебер бир устанын иши.Айрыкча ар бир сарайдын и-чинде кинофильмдин кадрлары сыяктуу ар саата чыныгы жерлерди жаратып, укмуштай тартиптүүлүк менен кийим алмаштыргандай өзгөртүүдө. Керек болсо ар бир чыныгы "кадрдын" ичинде көптөгөн кичине кичине жерлер жаратылууда. Ошол сыяктуу эле ушул каинат* дагы соңсуз хакиим*, алиим*, кудуреттүү бир устага муктаж. Себеби,; ушул укмуштай сонун каинат* ушундай сонун бир сарай дейсиң: Ай, Күн анын лампалары, жылдыздар анын шамдары, заман бир жип сыяктуу, ал жипке Сани-и Зулжелал* жылыга бир башка ааламды илип көргөзүүдө. Жипке асылган аалам - 360 (үч жүз алтымыш) түрдүү көздүн жоосун алган укмуштай көрүнүштөрдөн турат. Көрүнүштөрдү абдан сонун тартип менен жана хикмет* менен алмаштырууда. Жер жү-зүн берекетке толгон дасторкон кылган экен, ар бир жаз мезгилинде 300 000 (үч жүз миң) ар түркүн искусстволордун түрлөрү менен жасалгалоодо. Сан жеткис ихсанат* түрлөрү менен толтурууда. Болгондо да кандай дейсиң, бири бирине аябай аралашып кетсе дагы укмуштай сонун а-йырмалоо менен айырууда. Буга башка жактарын салыштырып көр... Мындай сарайдын Устасын кантип тааныбай койо аласың?

Ошондой эле, маселен; булутсуз абада, Күн чакыйып тийип турганда, Күндүн де-ңиздеги бардык көбүктөрдүн үстүндө жана топуракта жаркырак нерселердин үстүндө жана кардын ар бир бөлүгүндө шооласы чагылып көрүнгөндө Күндү жок деп эсептөө кандай гана акмактык, акылсыздык. Себеби, бир гана Күндү жокко чыгаруу менен жана кабыл этпөө менен канча суу тамчылары бар болсо ошон-чолук, канчалык көбүк бар болсо ошон-чолук, канчалык кесим бар болсо ошон-чолук санда кичинекей чыныгы Күндөрдү кабыл этүү мажбурлугун алып келет. Ар бир молекулада (бир молекула араң бата тургандай) чоң бир Күндүн бар экендигине ишенүүгө мажбур болгондой; так эле мисал сыяктуу ушул иреттүүлүк и-чинде ар дайым хикмет менен кубулуп турган жана тартиптүүлүк ичинде ар да-йым жаңырып турган ушул мыйзамдуу каинатты* көрүп туруп Халык-ы Зулжелалди* укмуштай кемал сыпаттары менен тааныбоо, жокко чыгаруу - жанагындан да жаман акмактык, барып турган келесоолук болот. Анткени, ар бир нерседе, керек болсо ар бир атомдо Улухийет-и Мутлаканын* бар экендигин кабыл этүү керек. Мисалы, абанын ар бир атому ар бир гүл менен жемишке, ар бир жалбы ракка кире алат.. Мына ушул атом, эгер Аллахтын кызматчысы болбосо, анда кире алган жана жумушун аткара алган бардык нерселердин түзүлүшүн жана көрүнүштөрүн билүүгө тийиш.Неге дегенде алардын ичинде иштерин жасай алыш үчүн. Демек, мындай иштерди жасаш үчүн деңиздей терең билимдүү, ашкан кудуреттүү болуу керек.

Мисалы, топурактын ар бир молекуласы түрдүү түрдүү бардык үрөөндөр жана данектерге башталгыч боло алат. Эгер кызматчы болбосо, анда канча өсүмдүк менен дарактар бар болсо ошончолук ру-хий курал-жабдыктар менен станоктор керек. Же болбосо алардын бардык түзүлүшүн биле турган, жасай турган, аларга кийгизилген көрүнүштөрдүн бардыгын тааный турган, тиге ала турган бир чебер-чилик жаан кудурет керек. Дагы башка жаратылган нерселерди буга салыштырып көр. Ар бир нерседе бир Вахданийеттин* көптөгөн апачык далилдери бар экенин көрөсүң. Ооба, бир нерседен бардык нерсени жасоо жана ар нерсени бир нерсе кылып жасоо - бардык нерселердин Жаратуучусуна тиешелүү бир касиет.

деген Улуу Буйрукка көңүл бур, дыккат эт. Демек, Вахид-и Эхадцы* жок деп эсептөө менен, канчалык макулук бар болсо ошончолук кудайларды, жаратуучуларды кабыл этүүгө туура келет.

ЭКИНЧИ ИШААРАТ: Икаяда бир Йа-вер-и Экремден* сөз козголгон жана мындай деп айтылган: Сокур болбогон ар ким Анын белгилерин көрүү менен Ал кишинин Падышанын буйругу менен иш кылганын жана ал Падышанын тандалган кулу экенин түшүнөт. Мына ошол Йавер-и Экрем - Расул-и Экрем* - Хз.Мухаммед (а.с.м) болот. Ооба, мындай жасалгаланган бир каинаттын ушундай ыйык Устасына бул Расул-и Экрем, шоола Күнгө кандай керек болсо ошондой керек болот. Себеби: Күн кандайча шоола чачпастан тура албайт, так ошондойчо Аллах дагы пайгамбарларды жиберүү менен өзүн көрсөтпөөсү мүмкүн эмес.

Ошондой эле теңдеши жок сулуу бир жамал көрсөтүүчү жана тааныштыруучу аркылуу өзүн көрсөтүүнү каалообоосу эч мүмкүнбү?

Ошондой эле укмуштай сонун жамалда бир кемал-и сан'ат көңүлдү бурган бир жарчы аркылуу көрүнүүсүн каалообоосу эчмүмкүнбү?

Ошондой эле, жалпы Рубубийетинин* учукыйыры жок салтанатЫу көпчүлүк жана жеке түрдө Вахданийет* жана Самеданийетин* "кош канаттуу" бир элчи аркылуу жарыялоосун каалообосу эч мүмкүнбү? Башкача айтканда, ал элчи кулчулук жагы менен көпчүлүккө Аллахтын элчиси болуусу менен бирге Аллахка жакындык жана элчилик жагы менен көпчүлүккө Кудайдан келген кызматкер болуп эсептелет.

Ошондой эле, чексиз даражада бир сулуулук ээси жамалынын сулуулугун , көркүнүн летаифин* күзгүлөрдө көргүсү жана көрсөткүсү келбөөсү эч мүмкүнбү? Башкача айтканда, ошондой сүйүктүүрасул* аркылуу көрүнбөөсү эч мүмкүнбү? Ал- сүйүктүү элчи, кулчулугу менен өзүн. Ага сүйдүрөт, күзгү кызматын аткарат. Ошондой эле ал Расул Аны макулуктарына сүйдүрөт, Жамал-и Эсмасын* көрсөтөт.

Ошондой эле, эч мүмкүн бекен: ажа-йып мужизелер менен, кызыктуу жана кымбаттуу нерселерге толтура казыналардын Ээси, кымбат баалуу нерселерди сарптаган бир таанытуучу жана чеберчилигин көргөзгөн көрсөтүүчү аркылуу калктын назарына көрүнүү менен жашыруун кемалатын* баяндабай койсун?

Ошондой эле эч мүмкүн бекен; бул каинатты бардык ысымдарынын кемалатын түшүндүргөн сан'ат* менен жасалгалап көрүш үчүн кызыктуу жана назик сан'аттар менен кооздолгон бир сарайга окшотсун, андан кийин ага бир жол көрсөткүч мугалим дайындабай койсун?

Ошондой эле, эч мүмкүн бекен; бул каинаттын ээси ушул каинаттын кубулушундагы максаттын эмне боло турганын, билинбес сырларын ачууну жана жаратылган бардык нерселердин "Каяктан? Кайсыл жакка? Кимсиң?" деген үч мүшкүл суроосуна бир элчи аркылуу жооп бербей койсун?

Ошондой эле, Эч мүмкүн бекен; бул сонун сан'атттар менен Өзүн акылы барларга тааныттырганжана кымбат баалуу ни9меттер* менен Өзүн сүйдүргөн бир Сани-и Зулжелал*; анын каршылыгында акылы барлардан эмне каалаганын бир элчи аркылуу билдирбей койсун?

Ошондой эле, эч мүмкүн бекен; адам баласын акыл боюнча көп нерсеге ашык, жөндөмдүүлүк боюнча улуу кулчулукка жарай турган ахыбалда жаратып, мугалим көрсөткүч аркылуу алардын жүздөрүн көп кудайга сыйынуучулуктан бир тек Кудайга бурууну каалабасын?

Булар сыяктуу дагы көптөгөн пайгам-барлар милдети бар, ар бири бирден мындайча далил даана далил болот: Аллах -элчисиз боло албайт.

Азыр жана өткөн заманда Мухаммед-и Араби Алейхисселату Весселамдан - баян болгон милдет - артык жана жамааты көп ким бар? Элчилик даражасында жана аны жаюу боюнча Андан артык, өтө ыла~ йьщ ары үстөм бирөө болгонун заман көргөзгөн бекен? Жок, мүмкүн эмес! Ал - бардык пайгамбарлардын мырзасы, бардык элчилердин имамы, бардык окумуштуу аалимдердин башчысы, бардык мукарребиндин* эң жакыны, бардык макулуктардын кадырлуусу жана бардык мүршиддердин* Султаны.

Ооба, бардык мужизе изилдөөчүлөрдүн биргелешип колдоосу менен Айдын экиге бөлүнүүсү жана бармактарынан суунун агуусу сыяктуу миңдеген мужизелерин жана пайгамбарлыгын далилдеген сан жеткис далилдеринен башка Кур'ан-ы Азимүшшан* сыяктуу бир акыйкат деңизи жана кырк илим боюнча мужизелиги далилденген улуу мужизе Күн сыяктуу анын пайгамбарлыгын апачык көрсөтүүгө толук жетет. Башка рисалелерде* жана "Жыйырма Бешинчи Сөздө" Кур'андын кыркка жакын түшүндүрмөсү болгону үчүн бул жерде кыскартып койдук.

ҮЧҮНЧҮИШААРАТ:Еуя кичинекей адам баласынын эмне мынча мааниси бар, бул чоң дүйнөдө анын иш-аракеттеринин сурагы жабылып башка жерде ачылгандай?", - деген ой акылга келбесин. Анткени, бул кичинекей адам баласы жамиййет-и фытраты* менен бирге ушул бардык жаратылган нерселердин ичинде бир устабашы жана Аллахтын салтанатынын жарчысы жана улуу кулчулукка каршы болгону үчүн абдан чоң мааниси бар. Ошондой эле кыска бир өмүрдө кандайча түбөлүктүү бир азапка татыктуу болот?, деген ойго кетпегиле. Анткени атеизм -ушул мектубат-ы Самеданийенин* дара-жасында жана баасында болгон каинатты маанисиз, максатсыз жана эң төмөнкү даражага түшүргөнү үчүн бардык каинатка каршы акаарат кылганы үчүн, ушул бардык жаратылган нерселерде чагылуулары, жасалгалары көрүнгөн Аллахтын бүт ыйык ысымдарын жокко чыгарып ишенбөө менен, кабыл этпөө менен жана Женаб-ы Хактын* бар экендигин жана тууралыгын көрсөткөн бүтпөс далилдерин жокко чыгарып ишенбегени үчүн соңсуз кылмыш кылган болуп эсептелет.

ТӨРТҮНЧҮ ИШААРАТ: Жогорудагы икаяда ОН ЭКИ ЖОЛ менен көрдүк: Ушундай Падышанын ошондой тез өтүп кете турган туруксуз мейманкана сыяктуу бир мамлекети болсун, Туруктуулугуна жана улуулугуна ылайык жана улуу салтанатына татыктуу башка түбөлүктүү бир мамлекети, болбосун?! Бул мүмкүн эмес. Ошондой эле бул жалган дүйнөнүн түбөлүктүү Жаратуучусу муну жаратып, башка, соңсуз ааламды жаратпай коймок беле?

Бул көргөзмө жана сыноо жери жана талаа сыяктуу турган дүйнөнүн Хаким*, Кадир* жана Ырайымдуу (атыры бул дүйнөнү жаратсын, бирок анын бардык максаттарына ылайык Акырет* жерин жарата албасын?! Бул Акыйкатка "ОН ЭКИ ЭШИК" менен кирилет. "ОН ЭКИ АкЫЙКАТ" менен ал эшиктер ачылат. Эң кыска жана эң оңоюнан баштайбыз.

БИРИНЧИ АКЫЙКА Т: Рубубийет* жана Салтанат эшиги. "Раб" ысымынын чагылуусу.

Эч мүмкүн бекен; Ше'н-и Рубубийет* жана Аллахтын салтанаты, айрыкча мындай бир каинатты кемалатын көрсөтүү үчүн абдан бийик максаттар менен жаратсын, Анын каалоо жана максатына каршы ыйман келтирүү жана кулчулук кылуу аркылуу аракет кылган момун мусулмандарга сыйлыгы болбосун? Жана ал максатка каршы чыгып кабыл этпөө менен аракет кылган динсиз адамдарга жазасы болбосун?

ЭКИНЧИ АКЫЙКАТ: Керем* жана Рахмет* эшиги болуп, булар Керим* жана Рахим*ысымынын чагылуулары.

Эч мүмкүн бекен; Көрсөткөн сан'аттары менен соңсуз бир керем жана соңсуз бир рахмет жана соңсуз бир иззет* жана соңсуз бир гайрет* ээси болгон ушул ааламдын Рабби; керем жана рахметине ылайык сыйлыгы, иззет жана гайретине татыктуу жазасы болбосун?

Ооба, ушул дүйнөнүн болуп жаткан иштерине карасак бул нерсе көрүнөт: эң алсыз, эң дармансыздан баштап (Түшүндүрмө^эц алдуукүчтүүгө чейин ар бир жандыкка бир ырыскы берилүүүдө. Эң алсыз, дармансызга эң сонун тамак-аш берилүүдө. Ар бир дарттууга күтүлбөгөн жерден жардам келүүдө. Укмуштай улуу керем* менен жана ар түрдүү даамдар берилүүдө. Чексиз жоомарт колдон берилип жатканы апачык көрсөтүлүүдө.

 

6 (Түшүндүрмө): Адал ырыскы күч менен алын-баганына, балким жокчулукта болгону үчүн берилгенине так далил: бардык жан-жаныбарлардын жана адамзаттын кичинекей күчсүз балдарынын жан багуусунун жеңилдиги жана алдуукүчтүү жаныбарларын күн көрүүсүнүн кыйындыгы ; ошондой эле акылсыз балыктардын семиздиги жана алдамчы куу түлкү менен маймылдын күн өткөрүүсүнүн кыйындыгы менен денеси боюнча арыктыгы. Демек, ырыскы күч жана тандоо менен болсо насибинен кур калат. Канчалык өзүнүн күчкубатына жана өз эркине ишенсе ошончолук күн өткөрүүнүн кыйындыгына туш келет.

 

Мисалы, жаз мезгилинде Бейиштин Үр кыздары сыяктуу бакдарактардын бардыгын жибек сымал кийим менен кийдирип, гүл жана түрдүү жемиштерин абдам сонун жасалгалар менен кооздоп кызматчы кылып, алардын назик колдору болгон талдары менен түрдүү түрдүү эң татттуу, эң даамдуу жемиштерди бизге тартуулоо; ошондой эле уулуу бир аарынын колу менен шыпалуу, эң таттуу балды бизге таттыруу; ошондой эле, эң сонун жана жуп-жумшак бир кийимди колсуз курттун колу менен бизге кийдирүү, ошондой эле рахметтин чоң бир казынасын кичинекей бир данектин ичине биз үчүн сактоо канчалык сонун бир сый-урмат, канчалык латиф* бир рахметтин чыгармасы болгону апачык эле билинип турат. Ошондой эле, адам жана кээ бир жырткыч айбандардан башка, Күн, Ай жана жерден баштап тээ эң кичинекей макулукка чейин бүт нерсе милдетин укмуштай сонун жана дыккаттуу аткаруусу, кичине болсо да чегинен чыкпоосу, чоң бир айбат астында жалпы бир баш ийүүнүн болуусу; чоң бир улуулук жана иззет* Ээсинин буйругу менен иш-аракет этишкендигин көрсөтүүдө. Ошондой эле өсүмдүктөрдүн болсун, жаныбарлардын болсун жана адамдардын болсун бардык энелеринин ошол ыра-йымдуу мээримдери менен (Түшүндүрмө) жана сүт сыяктуу назик тамак-аш менен ошол алсыз жана дармансыз наристелердин тарбиясы - канчалык кенен бир рахметтин чагылуусу болгону апачык эле билинип турат.

 

7(Түшүндүрмө): Ооба, бир ач арстан алсыз баласын өзүнөн үстөм көрүп тапкан тамагын жебестен баласына берүүсү; ошовдой эле, коркок тоок бала-панын коргош үчүн итке, арстанга канат серпип каршылык көрсөтүүсү; ошондой эле анжир* дарагы өзү баткак суу ичип, балдары болгон мөмөлөрүнө таза сүт берүүсү апачык соңсуз Ырайымдуу, Керим*, Мээримдүү Бирөөнүн эсеби менен иш-аракет кылгандарын көр болбогондорго көрсөтүүдө. Ооба, өсүмдүктөр жана жаныбарлар сыяктуу а кыл-эси жоктордун абдан сонун акылдуу сыяктуу жана хакимаане* иштерди кылуулары апачык муну көрсөтүүдө: Укмуштай даражада Алим* Хаким* бирөө бар, аларды иштеттирип жатат. Алар Анын ысмы менен иштеп жатышат

 

Бул ааламдын башкаруучусунун мындай соңсуз кереми*, мындай соңсуз рахмети, мындай соңсуз улуулугу жана иззети бар экен, андай болсо албетте, ошол улуулук менен иззет* адепсиздердин тартипке келүүсүн каалайт. Чексизкерем - чексиз сый-урмат көрсөткүсү келет, чексиз рахмет өзүнө ылайык ихсан* бергиси келет. Чынында бул жалган дүйнөдө жана кыска бир өмүрдө, деңиздин бир тамчысы сыяктуу миллиондогон бөлүктөн жалгыз гана бир бөлүгү жерлешет жана чагылышат. Демек, ошол керемге ылайык жана ошол рахметке шайкеш бир саадат жсри курулат. Ал жер курулбай турган болсо, күндүздү шооласы менен толтурган Күндү жокко чыгаруу сыяктуу бул көрүнгөн рахметтин бар экенин да кабык этпөөгө туура келет. Анткени, кайта кайтпай турган жок болуу болсо - мээримди балээге, сү-йүүнү ич күйдүлүккө жана ни'метти күчтүү азапка жана акылды жаман аспапка, лаззатты кайгыга айландырып жиберүү менен чыныгы рахметтин өчүрүүсүн керектирет. Ошондой эле улуулук жана иззетке ылайык бир жазаландыруу жери курулат. Анткени, көбүнчө заалим иззети менен, кордук көргөндөр азап тарткан бойдон калып бул жерден көчүп кетишүүдө. Демек, Махкеме-и Күбрага калтырылууда, кечиктирилүүдө. Болбосо, карал-бай жатат эмес. Илгерки замандарда болгон Кудайга каршы чыккан жана кежирлигин токтотпогон урууларга келген азаптар муну көрсөтөт: Адамзаттын башы бош эмес. Улуулук жана гайрет* Ээсинин соккусуна ар дайым учуросу мүмкүн. Оо-ба, эч мүмкүн бекен; адам баласы бардык жаратылган нерселердин ичинде маанилүү бир милдети, маанилүү бир жөндөмдүүлүгү болсун, адамдын Раббиси* да ага мынчалык тартиптүү сан'аттары менен өзүн таанытса; каршылыгында адам баласы ыйман келтирүү менен Аны тааныбаса... Ошондой эле мынчалык рахметтин кооздолгон жемиштери менен Өзүн сүйдүрсө, каршылыгында адам баласы ибаадат менен өзүм Ага сүйдүрбөсө.... Ошондой эле мынчалык түрдүү түрдүү ырыскылары менен сүйүүсүн жана рахметин ага көрсөтсө; каршылыгында адам баласы шүгүр жана мактоо менен Ага урмат кылбаса; анан кантип жазасын калсын?' Башы бош ташталсын?! Ал иззет жана гайрет ээси Зат-ы Зулжелал*жаза жерин кантип эле даярдабай койсун?! Ошондой эле, эч мүмкүн бекен; ошол Рахман-ы Ра~ химдин* Өзүн тааныттыруусуна каршылык.ыйман келтирип таануу менен жана сүйдүрүүсүнө каршылык ибаадат менен, сүйүү, сүйдүрүү жана рахметине каршылык шүгүрчүлүк кылуу менен, урмат көрсөтүү менен иш-аракет кылган момун мусулмандарга бир сыйлык жерин жана тү-бөлүктүү саадат жерин бербей койсун?!

ҮЧҮНЧҮ АКЫЙКАТ: Хикметжана Адилеттүүлүк эшиги болуп, Хаким* жана Адил* ысымдарынын чагылуусу.

 Эч мүмкүн бекен; (Түшүндүрмө/

 

8(Түшүндүрмө): Ооба, бул сүйлөм көп жолу кайталанат. Анткени, маанилүү бир сырды түшүндүрөт. Мывдайча: жалпы атеизм менен Ислам дининен чыгуу - истиб'аддан* улам келет. Башкача айтканда, акылдан узак көрөт,"акылга сыйбайт" деп ойлойт жана жокко чыгарат. Мына бул Хашир Сөзүндө дапдаана көрсөтүлгөн: Чыныгы истиб'ад, чыныгы акылга с^шбоочулук жана "акылдан узактык" жана чыныгы кыйынчылык , керек болсо мүмкүнсүздүк даражасында мүшкүлдүк ( атеизм жолунда жана Ислам дининен адашкандардын кесибинде... жана чыныгы мүмкүнчүлүк жана чыныгы акылга сыйгандык, керек болсо вужуб* даражасында жеңилдүүлүк - Ыйман жана Исламият жолувда.

Натыйжада: философия менен алек болговдор "акыл кабыл этпейт" деген ой менен Аллахты жокко чыгаруу пикирине барышат. Онунчу Сөз "акылга сыйбоочулук" кайсы тарапта болгонун ошол түшүнүк менен көрсөтөт. Алардын жаагын жап кылат.

 

Атомдордон Күнгө чейин жайылган хикмет жана тартиптүүлүк, адилеттүүлүк жана мыйзам менен Рубубийетинин* Салтанатынын көрсөткөн Зат-ы Зулжелал, Рубубийетин* коргоо канаттарына сы-йынган жана хикмет менен адилеттүүлүккө ыйман келтирүү жана ибаадат менен жакшы иш-аракет кылган момун мусулмандарды сыйлыкка бөлөбөсүн?! Жана ошол хикмет менен адилеттүлүкө атеизм жана зулум менен каршы чыккан адепсиздерге кантип эле жаза бербей койсун?! Чынында, бул жалган дүйнөдө ошол хикметке, ошол адилеттүлүккө ылайык иштердин миңден бири да адам баласында көрүнбөөдө, кийинкиге калтырылууда. Кудайга ишенбегендердин көбү жаза ал-бастан; Кудайга ишенип, Анын буйругун аткаргандардын да көбү акысын албастан көчүп бара жатышат.

Демек, бир Махкеме-и Күбрага, сөз менен түшүндүрүлгүс башка улуу бакыттаалай жерине калтырылууда.

Ооба, көрүнүп турат: ушул ааламдын башкаруучусу, чексиз хикмет менен иш кылууда. Далил керек дейсиңби? Бардык нерседе бир пайда жана туура иш-аракет кылуу бар. Көрбөй турасыңбы: Адамдын бардык мүчөлөрүндө, сөөктөрү менен тамырларында, керек болсо денесинин клеткаларында, ар бир жеринде, ар бир кичинекей бөлүгүндө пайданын жана хикметтердин көрүнүүсү, керек болсо кээ бир мүчөсү бир дарактын канчалык мөмөсү бар болсо ошол мүчөгө ошончолук пайда жана хикметтерди берүүсү мына муну көрсөтүп турат: чексиз бир хикмет колу менен иштер жүрүп жатат. Ошондой эле ар нерсени жаратуусундагы өнөрдө укмуштай тартиптүүлүктүн болуусу - соңсуз бир хикмет менен иш жасалганы көрүнүп турат.

Ооба, кооз бир гүлдүн чебер жазылган программасын кичинекей бир уругуна орноштуруусу, чоң бир дарактын амал дептерин, өмүр баянын, жабдыктарынын мазмунусун кичинекей бир данекке рухий тагдыр калеми менен жазуусу соңсуз хикметтүү бир калемдин иш аткаргандыгын көрсөтүүдө.

Ошондой эле, бүт нерсенин жаратуусунда абдан сонун чеберчиликтин болуусу - соңсуз даражада Хаким бир Устанын оймо-чиймесин көрсөтот. Ооба, ушул ки-чинекей адамдын тулку бою ичинде бардык каинаттын мазмунун, рахмет казынасынын бардыгынын ачкычтарын, бардык ысымдарынын күзгүлөрүнүн орноштуруу - абдан сонун сан'ат ичинде бир хикметти көрсөтөт. Эми, эч мүмкүн бекен; ушундай ижраат-ы рубубийетке* ээ бир хикмет; ошол Рубубийеттин коргоо канатынын астына коргологон жана ыйман келтирүү аркылуу моюн сунгандарга сый-урмат бербесин жана түбөлүктүү кубанычка бөлөбөсүн?!

Адилеттүүлүк жана мыйзам менен иш аткаргандыгына далил каал айсыңбы?! Бардык нерсеге укмуштай мыйзам менен, тиешелүү өлчөмдөр менен денесин жаратуу, өңтүс берүү, орду ордуна койуу - соңсуз бир адилеттүүлүк жана мыйзам менен иш жасаганын көрсөтөт.

Ошондой эле ар бир акыл ээсине жөндөмдүүлүгүнө жараша акысын берүү, башкача айтканда, денесине керектүү нерселердин бардыгын, өмүр сүрүүсү үчүн мүчөлөрүн эң ылайык түрдө берүүсү - соңсуз бир адилет колун көргөзөт.

Ошондой эле, жөндөмдүүлүк тили менен жаратылышынан келген муктаждык тили менен, чарасыздык тили менен суралган жана кааланган ар бир нерсеге дайыма жооп берүүсү - укмуштай бир адилеттүлүктү жана хикметти көрсөтөт.

Эми, эч мүмкүн бекен; мындай эң ки-чине бир макулуктун, эң кичинекей кажатынын жардамына чуркаган бир адилеттүлүк жана хикмет, инсан сыяктуу эң чоң макулуктун түбөлүктүүлүктү сураган эң чоң талабын орундабай койсун?! Өтө маанилүү өтүнүчүн жана эң чоң суроосун жоопсуз калтырсын?! Рубубийетинин ай-батын, кулдарынын укугун коргоп келип, андан кийин коргобой койсун?! Чынында бул жалган дүйнөдө кыска бир өмүр сүргөн адам баласы, ошондой адилеттүүлүктүн акыйкатына ээ боло албайт жана боло албоодо. Андай болсо бир Махкеме-и Күбрага калтырылууда. Себеби, чыныгы адилетттүүлүк мындай нерсени каалайт: Ушул кичинекей адам баласы кичинелигине жараша эмес, кылмышынын чоңдугу, ич жүзүнүн маанилүүлүгү жана милдетинин улуулугуна жараша сый-урмат, же жаза көрсүн. Ушул тез эле өтүп кетүүчү жалган Дүйнө; түбөлүктүү жашоо үчүн жаралган адам баласы ошондой адилеттүүлүк менен хикметке ээ болуудан абдан узак болсо... албетте адилеттүү болгон ошол Зат-ы Желил-и Зулжемалдын* жана Хаким болгон ошол Зат-ы Жемил-и Зулжелалдын* түбөлүктүү бир Тозогу жана түбөлүктүү бир Бейиши бар болот.

ТӨРТҮНЧҮ АКЫЙКАТ: Жоомарттык жана Жамал эшиги. Жеввад* жана Жемил* ысымдарынын чагылуулары.

Эч мүмкүн бекен; чексиз жоомарттык жана колу ачыктык, түгөнбөс байлык, бүтпөс казыналар, теңдеши жок түбөлүктүү жамал, кемчиликсиз түбөлүктүү кемал*; бир саадат жери жаңа сый-урмат и-чинде түбөлүктүү боло турган муктаж, шүгүр кылуучуларды, күзгү кызматын аткарган ашыктарды, айрантаң калган көрүүчүлөрдү каалабасын?! Ооба, дүйнө жү-зүн мынчалык кооз сан'атттар менен кооздоо, Ай менен Күндү лампа жасап, Жер жүзүн бир ырыскы дасторкону кылып, тамак-аштын эң даамдуу түрлөрү менен толтуруу, мөмөлүү бакдарактардын ар бирин бирден идиш кылуу, ар бир мезгилде бир нече ирет жаңыртуу - чексиз бир жоомарттыкты жана колу ачыктыкты көргөзөт....

Мындай соңсуз жоомарттык жана колу ачыктык; ошондой түгөнбөс казыналарды жана рахметти, ошондой эле түбөлүктүү, арзуу кылынган ар нерсе ичинде табыла турган бир сый-урмат жерин жана саадат үйүн каалайт. Ошондой эле бул нерсени сөзсүз каалайт: Ошол сый-урматтан татып көргөндөр ошол саадат үйүндө кала беришсин, түбөлүктүү калышсын. Неге дегенде, жок болуу жана айрылуу менен кыйноо көрүшпөсүн. Анткени, кайгынын бүтүшү жыргакчылык болгондой, жыргалчылыктын да бүтүшү - кыйноо жана азап болот. Мындай жоомарттык жана колу ачыктык кайгы чектирүүнү каала-байт.

Демек, түбөлүктүү бир Бейишти жана ичинде түбөлүктүү муктаж болгондорду каалайт. Анткени, соңсуз жоомарттык жана колу ачыктык бүтпөс ихсан бергиси келет, ырыскы бергиси келет. Соңсуз ихсан* жана азыктандыруу болсо, соңсуз миннеттарлык* жана ни'меттендирүүнү каалайт. Бул болсо, ихсанга ээ болгондордун дайыма тирүү кала берүүсүн каалайт. Неге дегенде, ошол түбөлүктүү ырыскыларга каршы шүгүр жана карыз экенин көргөзсүн. Андай болбосо, жок болуу менен ачуулашкан кичине бир тат алуу, кыпкыска бир убакытта болгондуктан ошондой жоомарттык жана колу ачыктыктын талабына ылайык келбейт.

Ошондой эле, Аллахтын сан'атынын көргөзмөсү болгон мына бул ааламга на-зар сал. Жер бетиндеги өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын колдорунда болгон Раббаний* жарыяларга дыккат эт. (Түшүндүрмө) ° рубубийетинин кооздуктарынын жарчылары болгон Пайгамбарларга жана олуяларга кулак сал. Кандай гана бирге аракеттенишип Сан-и Зулжелал- . дин* кемчиликсиз кемалатын*, укмуш тай сан'атын жарыялоо менен көрсөтүүдө, баян кылышууда. Калктын назарларын тартууда.

 

0 (Түшүндүрмө): Ооба, сөөк сыяктуу кургак бактын учундагы зым сыяктуу ипичке бир сапта; абдан кооз, жасалгалуу бир гүл жана абдан чебер жана кооз жасалган бир мөмө, албетте сан'атын абдан сүйгөн мужизекар* жана хикметтүү иш кылган бир Устанын сан'атынын сулуулуктарын акылы барларга окуттурган бир жарыянаамасы болот. Мына эми, жаныбарларды да өсүмдүктөргө салыштырып көр...

Демек, бул ааламдын Устасынын абдан маанилүү жана таң калаарлык жашыруун кемалаты бар. Бул укмуштай сан'аттар менен аларды көрсөткүсү келет. Себеби; жашыруун, кемчиликсиз кемалат* болсо мактоочу жана жактыруучу, "Машааллах" деген көрүүчүлөргө көрүнгүсү келет. Тү-бөлүктүү кемалат* болсо түбөлүктүү көрүнүүнү каалайт. Ал болсо: мактоочулардын жана жактыруучулардын дайыма тирүү кала берүүсүн каалайт. Түбөлүктүү болбогон жактыруучулардын назарында кемалатынын кадыры калбай калат. (Түшүндүрмө)! Ошондой эле, каинаттын жү зүндө жайылган абдан сонун, чебер, жаркырак жана кооздолгон ушул бардык жаратылган нерселер; шоола Күндү билдиргендей, теңдеши жок рухий бир жамалдын сулуулугун билдирет жана эч нерсеге окшобогон жашыруун бир сулуулуктун летаифин* билдирүүдө (Түшүндүрмө) °

 

(Түшүндүрмө) Ооба, кеңири тараган ылакап бар: Бир Дүйнө сулуусу бир убакыт өзүнө ашык болгон карапайым адамды адам катары санабай, кабыл этпей коёт. Ал адам өзүн өзү сооротуш үчүн: "Тфу, абдан түрү суук экен", - деп айтат. Ошол сулуунун сулуулугун жокко чыгаргысы келет.

Ошондой эле бир убакыт бир аюу, абдан таттуу бир жүзүм багынын алдына келет. Жүзүмдөрдү жегиси келет. Бирок, колу жетпейт. Жүзүмзарга да чыга албайт. Өзүн өзү сооротуш үчүн өз тили менен: "Кычкыл экен", - деп күңкүлдөп кетип калат.

0 (Түшүндүрмө) Күзгү сымал жаратылган нерселердин бир-бири аркасында жок болуу жана өлүүлөрү менен бирге, аркаларынан келгендердин үстүндө жана жүздөрүндө ошол эле сулуулук жана жамалдын чагылуусунун бар болуусу муну көрсөтөт: Жамал алардыкы эмес... Ал жамалдар бир Хүсн-ү Мүнеззех* жана бир Жамал-и Мукадцестин* аяттары жана ишаараты.

 

Ал кемчиликсиз сулуулук ошол ыйык жамалдын чагылуусунан, ысымдарда, балким ар бир ысымда абдан жашыруун ка-зыналардын бар экенине ишаарат кылат. Мына, ушунчалык сулуу, теңцеши жок жашыруун бир жамал болсо; өз сулуулугун бир күзгүдө көрүү жана сулуулугун даражасын жана жамальвдын салыштырмаларын акылдуу жана ашык бир күзгүдө көрүүнү каалаган сыяктуу, башкалардын назары менен кайра эле ошол сүйүктүү жамалына кароо үчүн көрүнгүсү келет. Демек, эки жак менен өз жамалына кароо; Биринчиси: Ар бир башка башка түстө болгон күзгүлөрдө жалгыз өзүн көрүү. Экинчиси: ашык болгон көрүүчү жана айрантаң калгандардын көрүүсү менен көргүсү келет. Демек, ал сулуулук жана жамал; көргүсү жана көрүнгүсү келет. Көрүү жана көрүнүү болсо; куштар көрүүчү, айрантаң калуучулардын бар болуусун каалайт, сулуулук менен жамал - түбөлүктү, соңсуз болгондуктан куштарлардын ар дайым тирүү болуусун каалайт. Анткени, түбөлүктүү жамал болсо туруксуз куштарга ыраазы бопло албайт. Себе-би, кайра кайткыс болуп жок болууга кетип бара жаткан өлүмүн, жок болуусун ойлоо аркылуу сүйүүсү душмандыкка айланат. Тандануусу чолок ойлонууга, урматы акааратка айлана баштайт. Анткени, ө-зүмчүл адам билбеген нерсесине душман болгондой, колу жетпеген нерсесине да каршы чыгат. Чынында, соңсуз сүйүү, чексиз бир каалоо жана жактыруу менен каршылык берүүгө ылайык болгон бир жамалга каршы жашыруун душмандык, жек көрүү жана жокко чыгаруу менен каршы чыгат. Мынакей, атеист - Аллахтын душманы болгонунун сыры мындан билинип турат.

Ошол соңсуз колу ачык жоомарттык, ошол теңдеши жок сулуу жамал, ошол кемчиликсиз кемалат*; түбөлүктүү шүгүр кылуучуларды, куштарларды, жактыруучуларды талап кылат. Чынында, ушул "Дүйнө" мейманканасында ар дайым көрүүдөбүз: Бүт бардыгы тез эле кетип, жок болууда. Ошол жоомарттыктын казынасынан аз эле нерсе татат. Табити (аппетит) ачылат. Бирок жей албастан кете берет. Ошол жамал, ошол кемалдын жалгыз гана бир шооласына, балким бир алсыз көлөкөсүнө аз гана карап, тоё албастан кете берет. Демек, түбөлүктүү бир көргөзмөгө коюлууда.

Натыйжада: Мына бул аалам бүткүл макулуктары менен Сани-и Зулжелалине* далдаана далилдик кылат: Сани-и Зулжедалдин да сыпаттары жана ыйык ысымдары акыретке ишаарат кылат, көрсөтөт жана талап кылат.

БЕШИНЧИ АКЫЙКАТ: Мээримдүүлүлүк эшиги жана Хз.Мухаммеддин (а.с.м.) кулчулугу. Мужиб* жана Рахим* ысымдарынын чагылуусу.

Эч мүмкүн бекен: эң жөнөкөй бир түйшүктү эң жөнөкөй бир макулугунан көрүп абдан мээримдүүлүк менен күтүлбөгөн жерден жойгон жана эң жашыруун бир үндү эң жашыруун бир макулугунан угуп жардамга келип, ахыбал тили менен жана сөз тили менен суралган ар бир нерсени кабыл эткен соңсуз бир мээримдүүлүк жана бир ырайымдуулук ээси бир Раб; эң улуу бир кулунан (Түшүндүрмө) 0 Эң сүйүктүү бир макулугунан эң чоң, эң керектүү муктаждыгын камсыз кылба сын, орундатпасын?! Эң чоң дубасын угуп кабыл этпесин?!

 

0 (Түшүндүрмө): Ооба, бир миң үч жүз элүү жыл салтанат сүргөн жана улана берген жана көп жылдардын ичинде үч жүз элүү миллиондон көп үммөтү болгон жана күнүгө бардык үммөтү Аны менен ыймандарын жаңылап турган жана Анын кемалатына күбөлүк кылган жана урматтап баш ийүү менен буйруктарын аткарган жана Дүйнө шарынын жартысы жана адамзаттан бештен бири ал Кишинин нуру менен нурданса, башкача айтканда рухий түсү менен боёнсо жана ал Киши алардын жүрөктөрүнүн сүйүктүүсү жана рухтарынын тарт биячысы болсо; албетте ал Киши ушул каинатты башкарган Раббинин эң урматтуу кулу болуп саналат. Ошондой эле, башка каинат түрүнүн ар бири бирден ал Кишинин мужизе мөмөсүн ташуу менен Анын милдетин жана кызматчылыгын алкыщтаса, албетте ал Киши - ушул каинаттын Жаратуучусунун эң сүйүктүү макулугу болуп эсептелет. Ошондой эле, бардык адамзат бардык жөндөмдүүлүгү менен каалаган "түбөлүктүүлүк" сыяктуу бир ка-жа.ты экен: ал кажат болсо, адамды эң төмөнкү, эң ылдыйкы жерден эң бийик, эң жогорку даражага чыгарууда. Албетте ал кажат эң чоң кажат болуп саналат жана эң урматтуу кул, жалпы элдин атынан аны Кадиййүл-Хажаттан* каалайт.

 

Ооба, мисалы: жаныбарлардын алсыздарынын жана наристелеринин ырыскысы жана тарбияларындагы көрүнгөн камкордук менен жеңилдик мына муну көрсөтөт: Ушул каинаттын Ээси , соңсуз бир рахмет менен Рубубийетин* аткарат. Ру-бубийетинде көрүнгөн мынчалык ыра-йымдуу бир мээримдүүлүк, эч болушу мүмкүн бекен; макулугунун эң кадырлуусунун эң сонун дубасын кабыл этпесин?! Бул акыйкатты "Он Тогузунчу Сөздө" ачыктап түшүндүргөнмүн, оңтою келген соң бул жерде да баяндап кетелик:

Эй нефсим менен бирге мени тыңшаган дос! Тамсилдүү икаяда мындай дегенбиз: Бир аралда жыйналыш бар... Бир Йавер-и Экрем жарыя окууда. Анын ишаарат кылган акыйкаты мындайча: Кел бул замандан чыгып, кыялыбызга минип алып Саадат Кылымына* жана Араб Жарым Аралына баралы. Эмнеге дегенде Расул-и Экремди* (Алейхисселату Весселам) мил-детин аткарып жаткан убакта жана кулчулук ичинде көрүп, зыярат кылабыз. Карачы! Ал; пайгамбарлыгы жана хида-йети* менен түбөлүктүү саадаттын келишине себеп болууда. Ал сыяктуу, кулчулугу менен жана дубасы менен ошол саадаттын бар болуусуна жана Бейиштин жаралуусуна себеп болду

Мына карачы!.. Ал киши ушундай бир улуу намазда, улуу бир ибаадатта түбөлүктүү саадат үчүн Кудайга жалбарууда, кудум бул арал, керек болсо бүткүл Жер Шары Анын улуу намазы менен намаз окуйт, жалбарат. Себеби, кулчулугу болсо; Ага баш ийген үммөтүнүн кулчулугун камтыган сыяктуу; шайкештик сыры менен бүткүл Пайгамбарлардын кулчулук сырын камтыйт. Ошондой эле, Ал, улуу намазды ушундай көп жамааттын ичинде окууда жана жалбарууда; кудум адам баласынын Хз.Адамдан биздин кылымга чейин, балким кыяматка чейин нурдуу жана камил* адамдардын бардыгы Ага баш и-йүү менен Аны ээрчип дубасына "оомийин" дешет (Түшүндүрмө)

 

0 (Түшүңцүрмө): Ооба, Мүнажаат-ы Ахмедиййе Алейхисселату Весселам заманынан азыркыга че-йин бардык үммөтүнүн бүткүл намаздары жана салаваттары Анын дубасына түбөлүктүү "ооми-йин" дешет жана ортоктош болушат. Керек болсо Ага айтылган ар бир салават дагы, Анын дубасына "оомийин" жана үммөтүнүн ар бири, ар бир намаздын ичинде Ага салават жана салам берүү жана каметтен* кийин Шаафилердин* Ага дуба этүүсү; Анын түбөлүктүү саадат үчүн дубасына абдан кубаттуу жана жалпыга орток бир "оомийин" болуп саналат. Мына, бардык адамзаттын адамзаттык жаратылыш тили менен, бардык күчү менен каалаган соңсуздук жана түбөлүктүү саадатты; ошол адамзат наамына Зат-ы Ахмедиййе ( А.С.М) суроодо жана адамзаттын нурдуу бөлүгү Анын аркасында "оомийин" дешүүдө. Эч мүмкүн бекен; ушул дуба таптакыр кабыл кылынбасын?!

 

Карачы, ошондой эле "түбөлүктүүлүк" сыяктуу жалпы элдин тилегин каалап жалбарууда. Ал дубага тек гана Жер Шарынын тургундары эмес, асманда жашоочулар жана бардык жаратылган нерселер да кошулуп өз тилдери менен: "Ооба, эй Аллахым, бер, дубасын кабыл кыл. Биз да каалайбыз"- деп жатышат. Карачы!.. Ушундай хазинаане* ушундай сүйкүмдүү, ушундай куштар, ушундай кумардуу бир түбөлүктүү саадатты сурап жатат; бүткүл каинатты ыйлатып, дубасына ортоктош кылдырып жатат.

Карачы, ушундай бир максат, ушундай бир тилек үчүн саадат сурап жалбарууда: адамды жана макулуктардын бардыгын эсфел-и сафилиин* болгон жок болуудан, жамандыктан, пайдасыздыктан, бош нерселиктен ала-йы иллиййин* болгон кым-баттуулукка, түбөлүктүүлүккө, улуу милдетке, Самеданийе* каты болуу даражасына чыгарууда.

Карачы, ошондой эле ушундай улуу бир жалбаруу менен жардам сурап жатат жана өтүнүү менен суроодо: Кудум бүт жаратылган нерселерге, асманга, аршка* угузуп, дубасына коштуруп: "Амин, Аллахумме амин" дедиртүүдө. (Түшүндүрмө) °

 

0 (Түшүндүрмө)

Ооба, ушул ааламдын Башкаруучусунун бүткүл тасарруфатты* апачык көрүп билимдүү, акылдуу, хаким болуп туруп; эч бир жактан мүмкүн эмес: ошол Башкаруучу өзүнүн макулуктары ичинде эң сонун тандалган Бирөөнүн кыймыл-аракеттеринен кабардар болбосун... ошондой эле эч бир жактан мүмкүн эмес: ошол Мутасаррыф-ы Алим* ошол тандалган адамдын иш-аракетин жана дубаларын билип туруп, билмексен болсун, маани бербесин. Ошондой эле эч бир жактан мүмкүн эмес: ошол Мутасаррыф-ы Кадир-и Рахим* анын дубаларына алака көргөзүп туруп ошол дубаларды кабыл этпей койсун. Ырас, Зат-ы Ахмедийе (а.с.м)*нин нуру менен ааламдын кейпи алмашты. Адамдын жана бүткүл каинаттын чыныгы, негизги ич жүздөрү эмне экендиги билине баштады. Башкача айтканда, ошол нур, ошол жарык менен ортого мына бул нерсе чыкты жана көрүндү: Ушул каинаттын бүткүл нерселери - Аллахтын ысымдарын окуткан ар бири бирден Самеданийе* каттары, ар бири бирден милдеттүү кызматчы жана түбөлүк түүлүккө ылайык кымбаттуу жана маанилүү мев-жуд*болуп саналат. Эгер ал Нур болбосо, бүткүл нерсе түбөлүктүү жок болууга учурап жана кым-батсыз, маанисиз, пайдасыз, бош, аралаш, тесадүф (кокустук) оюнчугу болуп кайгылуу караңгылыкта калып калмак. Мына ушул сырдан улам: адамзат Зат-ы Ахмедийенин (а.с.м.)* дубасына "оомийин" деп айтышкандай, арш* жер жүзү атомдордон баштап планеталарга чейинки бүткүл нерсе Анын Нуру менен сыймыктанып, байланыштыгын көрсөтүп жатышат... Ансыз деле Ахмеддин (а.с.м.) кулчулугунун руху - дуба болуп саналат. Балким, каинаттын кыймыл-аракеттери жана аткарган кызматтары - дубанын бир түрү. Мисалы, бир данектин кыймылы: Жаратуучусунан бир дарак болуусу үчүн бир түрдүү дуба болуп саналат...

 

Карачы, ушундай Семи* жана Керим* бир Кадирден*, ушундай Басир* жана Ра-хим* бир Алиимден саадат жана түбөлүктүүлүктү суроодо: эң жашыруун жандуулардын эң купуя тилегин абдан жөнөкөй жалбаруусун апачык көрөт, угат, кабыл этет, ырайымдуулук кылат. Өзүнө тиешелүү тил менен болсо дагы кабыл этилет. Ушундай бир сурет-и хакиимане*, көрөгөчтүүлүк менен, ырайымдуулук менен берет жана кабыл этет: Шек, күмөн калтырбас ошол тарбия жана тедбир*; ошондой Семи* жана Басирге* тиешелүү, ошондой Керим* жана Рахимге* тиешелүү... Бүткүл адамзатты аркасына алып ушул Дүйнө үстүндө туруп, Арш-ы Азамга* жүзүн буруп, алаканын жайып, адам-заттын кулчулуктарынын жыйынтыгын камтыган Ахмеддин (а.с.м.) кулчулук акыйкаты ичинде дуба этип жалбарган ушул адамзаттын ичиндеги эң ардактуусу жана каинатта теңдеши жок бир тек адам болгон фахр-и Каинат (а.с.м.) эмне каалап жатат, угалы. Карачы, өзүнө жакын үммөтүнө түбөлүктүү саадат, бакыттаалай каалап жатат. Соңсуздук каалоодо, Бейиш каалоодо. Ошондой эле, мевжудат күзгүлөрүндө чагылышкан жамалын көрсөткөн Аллахтын ыйык ысымдарынын бардыгы менен суроодо. Ал ысымдардан шефаат* талап кылууда, көрүп турасың. Эгер Акыретти далилдеген эсепсиз көп далнлдер болбой калган күндө да; жалгыз гана ушул адамдын тек бир дубасы жаз айынын жаратылышы сыяктуу Халык-ы Ра-химдин* кудуретине оңой келген ушул Бейиштин жаралышына себеп болмок эле...(Түшүндүрмө)

 

0 (Түшүндүрмө); Ооба, тигил дүйнөгө салыштырмалуу абдан тар бир барак сыяктуу болгон Жер Жүзүндө санак жеткис укмуштай сонун искусство үлгүлөрүн, Хашир жана Кыяматтын белгилерин көрсөтүү жана үч жүз миң китеп сыяктуу болгон укмуштай тартиптүү искусство түрлөрүн ошол тек баракка укмуштай тартиптүүлүк менен жазып орноштуруу; албетте абдан кенен Акырет ааламында латиф* жана укмуштай кооз Бейиштин имаратынан жана жаралуусунан да кыйын. Ооба, Бейиш; жаз айынан канчалык жогору болсо ошончолук жаз айындагы бакчалардын жаратылышы Бейиштен кыйыныраак жана таң калаарлык деп айтсак болот.

 

Ооба, жаз айында Жер Жүзүн бир Махшер кылган жүз миңдеген хашир үлгүлөрүн жараткан Кадир-и Мутлакка* Бе-йишти жаратуу кандайча оор болушу мүмкүн? Демек, кандайча Анын пайгам-барлыгы сыноо жеринин ачылуусуна себеп болду

 сырына татыктуу болду. Ошол сыяктуу кулчулугу да тигил дүйнөдөгү саадат жана бакыт жеринин ачылуусуна себеп болду... 

Эми эч мүмкүн бекен; бүткүл акылдарды айрантаң калтырган ушул укмуштай тартиптүү, мыйзамдуу аалам жана кенен рахмет ичиндеги кемчиликсиз абдан сонун сан'ат, теңдеши жок Жамал-и Рубу-бийет*; ошол дубага жооп бербөө менен мындай жаман ишти, мынадй ырайымсыздыкты, мындай тартипсиздикти кабыл этсин?!..

Башкача айтканда, эң кичинекей, эң маанисиз арзууларды, үндөрдү маани берүү менен угуп орундатсын, ошол эле убакытта эң маанилүү, керектүү арзууларды маанисиз көрүп укпай койсун, түшүнбөсүн, орундатпасын?! Жок мүмкүн эмес, жүз миң мертебе мүмкүн эмес. Мындай бир Жамал мындай жагымсыз нерсени кабыл кылып жек көрүмчү боло албайт (Түшүндүрмө)

 

0 Түшүндүрмө): Ооба, инкылаб-ы хакаик* бирлешкенде мүмкүнсүздүк пайда болот жана инкылаб-ы хакаик ичинде мүмкүнсүздүк ичинде мүмкүнсүздүк бар, бир терстин өзүнүн терсине оошуусу жана бул терсликтин өзүнүн терсине айлануусу ичиндеги көрүнгөн миң даража кыйындык, мүшкүлдүк мындайча: терс терс боюнча калып ошол эле убакта өзүнүн терсинин окшошу болсун. Мисалы: соңсуз бир сулуу жамал чыныгы жамалдын өзү болуп туруп ошол эле убакта чыныгы тири суук, жагымсыз боло алабы?

Мынакей... Дүйнөдөгү акылга сыйгыс кыйындык жана батыл* жомоктордун сандырагы...

 

Демек, Расул-и Эй^ем Алейхисселату Весселам пайгамбарлыгы менен Дүйнөнүн эшигин ачкандай эле Кудайга кулчулугу менен да Акыреттин эшигин ачат....

АЛТЫНЧЫ АКЫЙКАТ: Хашмет* жана Сермедийет* эшиги болуп, Жэлил* жана Баки* ысымдарынын чагылуусу.

Эч мүмкүн бекен бүткүл жаратылган нерселерди; Күн болсун, дарак болсун, атом болсун, бардыгын буйрук алган аскер сыяктуу кызмат кылдырып башкарган бир Рубубийет* улуулугу ушул "Дүйнө" деп аталган мейманканасында кыска өмүр сүргөн бечара макулуктардын үстүндө турсун... соңсуз, түбөлүктүү улуулук жери чексиз, улуу бир Рубубийет жерин жаратпай койсун?! Ооба, ушул каинатта көрүнгөн мезгилдердин кубулуусу сыяктуу улуу йштер жана планеталардын самолёт сымал кыймыл-аракеттери сыяктуу улуу кыймыл-аракет жана Дүйнө Шарын адамзатка бешик, Күндү лампа жасоо сы-яктуу укмуштай баш ийдирүү жана өлгөн куруган Жер Шарын тирилтүү, жасалгалоо сыяктуу кенен өзгөрүш муну көрсөтүп турат: Парда аркасында абдан улуу бир Рубубийет бар, укмуштай сонун салтанат менен башкарууда. Мындай бир Рубу-бийет Салтанаты өзүнө ылайык кызмат-чыларды каалайт. Чындыгында көрүп турасың: мааниси боюнча эң маанилүү баш ийүүчүлөрдү жана пенделерди ушул Дүйнө мейманканасында бечара өңдөнүшүп убактылуу топтолушкан экен. Мейманкана болсо күнүгө толот, бошолот. Ошондой эле бүткүл баш ийгендер кызмат тажрыйбасы үчүн ушул сыноо майданында у-бактылуу жашап жатышат. Майдан болсо саат сайын өзгөрүп турат. Ошондой эле ошол бүткүл баш ийүүчүлөр Сани-и Зул-желалдин* кымбаттуу ихсанатынын* үлгүлөрүн жана укмуштай сонун антикаларын* аалам базарынын көргөзмөлөрүндө, соода назарында көрүш үчүн ушул көргөзмөлөрдө бир нече мүнөт токтоп карап жатышат, андан кийин жок болушууда. Ушул көргөзмө болсо ар бир мүнөт ку-булуп турат. Кеткен келбейт... келген кетет. Мына бул ахыбал жана жагдай дапдаана муну көрсөтүп турат: Ушул мейманкана жана ушул майдан; ушул көргөзмөлөрдүн аркасында : ошол түбөлүктүү Салтанатка ылайык жана татыктуу боло турган түбөлүктүү сарайлар, соңсуз мекен жайлар, ушул дүйнөдө көрүнгөн үлгүлөрдүн жана көрүнүштөрдүн таптаза жана абдан бийик негиздерине толтура бакча жана казыналары бар. Демек, бул жерде тырышып иштөө - алар үчүн. Бул жерде иштеттирет, тигил жерде акысын берет. Ар кимдин кылган ишине жараша - эгер туура жолдон тайбаса - ал жерде бир саадаты, бир бакыты бар. Ооба, ошондой тү-бөлүктүү салтанаттын ушул убактылуу, тез өтүп кетүүчү бечаралардын үстүнө туруусу мүмкүн эмес (мүшкүл).

Ушул акыйкатка мына ушул тамсил дүрбүсү менен карап көрчү: Мисалы, сен жолдо кетип бара жатасың. Карасаң жол үстүндө бир кербен сарай турат. Бир атактуу хан ошол кербен сарайды өзүнө келген меймандары үчүн курдуруптур. Ошол меймандардын бир түнкү эс алуусу жана ибрет* алуусу үчүн ошол үйдүн жасалгасына миллиондогон алтын сарптайт экен. Ошондой эле ал меймандар ошол жасалгалардын аз эле жерине аз бир убакытта карап ошол ырыскылардын абдан аз бир убакытта кичине эле ооз тийип тоё албастан кетип бара жатышат. Бирок ар бир мейман өзүнө тиешелүү фотоаппарат менен ал үйдөгү нерселердин көрүнүштөрүн сүрөткө тартып алышууда. Ошондой эле ошол Атактуу Хандын кызматкерлери да меймандардын көрүнүштөрүн, кыймыл-аракеттерин, мамилелерин абдан дыккаттуулук менен жазып жана тиркеп коюшууда. Ошондой эле көрүп турасың: Ал Хан күнүгө, ошол кымбаттуу жасалгалардын көбүн буздуруп турат. Жаңы келе турган меймандар үчүн жаңы жасалгаларды жасоодо. Муну көргөндөн кийин эч күмөн шегиң калышы мүмкүнбү: Бул жолдо бул үйдү курган Хандын түбөлүктүү, улуу жерлери ары түгөнбөс, абдан кымбаттуу казыналары... ары соңсуз, чексиз, абдан чоң байлыгы бар. Ушул үйдө көргөзгөн сый-урмат мет*ен меймандарынын табитин өзүнүн жанындагы нерселерге ачууда. Жана аларга даярдап койгон белектерге арзууларын ойготууда. Так эле ошондой сыяктуу ушул Дүйнө мейманканасындагы ахыбалды, жагдайды мас болбостон абайлап карап көрсөң ушул "Тогуз негизди түшүнөсүң.

Биринчи Негиз: Мына муну түшүнөсүң: ошол кербен сарай сыяктуу бул дүйнө дагы өзү үчүн эмес... Өзүнөн өзү да бул көрүнүштү алуусу мүмкүн эмес. Макулук кербендеринин келип конуп жана көчүп кетүүсү үчүн толуп бошолгон хикмет менен жасалган бир мейманканасы болуп саналат.

Экинчи Негиз: Ошондой эле мындайча түшүнөсүң:Ушул кербен сарайдын ичинде жашагандар - коноктор. Алардын Рабб-ы Керими* аларды Дар-ус Селамга* чакырат.

Үчүнчү Негиз: Мындайча түшүнөсүң: ушул дүйнөдөгү жасалгалар жалгыз гана рахатка батуу үчүм, көңүлкөтөрүү үчүн эмес. Анткени, бир жолу лаззат берсе, андан айыруу менен узак убакыт кайгы берет. Сага таттырат, табитиңңи ачат, бирок тойгузбайт. Себеби, же анын өмүрү кыска, же сснин өмүрүң кыска. Тоюга жетээрлүү эмес. Демек, баасы кымбат, өмурү кыска болгон ушул жасалга-зыйнат - сабак алуу үчүн. (Түшүндүрмө) 0 Төртүнчү Негиз: Мындайча түшүнөсүң: Ушул дүйнөдөгү жасалгалар болсо (Түшүндүрмө-1) Ыйман келтиргендер үчүн Бейиште Рахмандын* рахмети менен топтолгон ырыскылардын үлгүлөрү, көрүнүштөрү сыяктуу.

 

0 (Түшүндүрмө): Ооба, ар нерсе кымбат жана назик чеберчилиги абдан жогору жана кооз болсо дагы өмүрү кыска, мөөнөтү аз. Демек ал нерселер - үлгүлөр болуп саналат. Башка нерселердин көрүнүштөрү өкүмүндө. Жана кардарлардын назарын жанагы көргөзмөлөрдөгү нерселердин асыл нускасына буруп жаткандай бир жагдай бар.Андай болсо, албетте ушул дүйнөдөгү ошондой жасалга-зыйнаттар - бир Рахман-ы Рахимдин* рахмети менен сүйгөн кулуна даярдап койгон Бейиш ырыскыларынын үлгүлөрү деп айтса болот жана ошентип айтылат жана чындыгында деле ошондой.

0 (Түшүндүрмө-1); Ооба, ар нерсенин жаратылышынын көптөгөн максаттары жана жашоосунун көп сандаган натыйжалары бар. Кудайга ишенбегендердин кокуйлап коркушкандары сыяктуу дүйнөгө, нефистерине караган максаттарга гана тиешелүү эмес. Неге дегенде, бош нерселик, хикметсиздик ичине кире албасын. Ар нерсенин жаратылышынын максаттары жана жашоо натыйжасы үч бөлүктөн турат:

Биринчиси жана эң улуусу - Устасына карайт. Ошол нерсеге таккан укмуштай чебердүүлүк менен жасалган жасалгаларды Шахид-и Эзелинин* назарынан өткөзүп алыш керек, ошол назарга келипкетүүчү ар бир жашоо жетиштүү келет. Балким, жарала электе, билкувве* ниетинде болгон жөндөмдүүлүк да жетиштүү келет. Мына, тез өлүүчү назик кооздолуп жасалган нерселер жана жарашбаган, башкача айтканда машак бербеген ар бири бирден укмуштай искусствосу болгон данектер, үрөөвдөр, уруктар ушул максатты толук орундайт. Пайдасыздыкка жана бош нерселикке жол бербейт. Демек, бардык нерсе жашоосу менен, денеси менен Устасынын кудурет мужизелерин, сан'ат-өнөрүн, чыгармачылыгын көрсөтүп Султан-ы Зулжелалдын* назарына буруу - биринчи максаты...

Экинчи бөлүм жаралуу максаты жана жашоо натыйжасы - акылы барларга карайт. Башкача айтканда бардык нерсе ар бири бирден Сани-и Зулжелалдын* акыйкаттарды көрсөткөн каттары, кулакка жагымдуу касыйдасы*, хикмет толо сөзү сыяктуу; периштелердин, живдердин, айбанаттардын жана адамзаттын назарына сунат жана мүталаа* этип ойлонууга чакырат. Демек, ага караган ар бир акыл ээсине ибрет* алуучу бир жер.

Үчүнчү бөлүм жаралуу максаты жана жашоонун натыйжасы - ошол нерсенин нефсине* карайт; лаззаттануу, көңүл көтөрүү, түбөлүктүүлүк жана рахат өмүр сүрүү сыяктуу эң кичинекей натыйжалар. Мисалы: Улуу Султандын кемесиндеги бир кызматкердин руль башкаруучулук кылуусунун максаты - кеме боюнча 1% (пайыз) өзүнө, акысына тиешелүү... 99% (пайызы) Султанына тиешелүү болгон сыяктуу эле; бардык нерсенин нефсине жана дүйнөгө тиешелүү максаты бир болсо, Устасына токсон тогуз болот. Мына мындай максаттардын көптүгүнөн бири-бирине карамакарш ы, терс сыяктуу көрүнгөн хикмет менен үнөмдөө, жоомарттык жана колу ачыктык жана ашкере чексиз жоомарттыктын тевфик* сыры мындай-ча: Бир жактан алып карасаң жоомарттык менен колу ачыктык көрүнөт. Жеввад* ысмы чагылышат. Мөмөлөр, үрөөндөр ошол жалгыз гана максат жагынан алып көрсөк эсепкысапсыз көп. Соңсуз жоомарттыкты көргөзөт. Бирок, жалпысынан алып карап көрсөк хикмет өкүмдук кылат. Хакиим* ысмы чагылышат. Бир дарактын канчалык мөмөлөрү бар, балким ар бир мөмөнүн ошончолук максаттары бар, баян кылынган үч кысымга карап көрүңүздөр. Ушул жалпы максаттар - соңсуз бир хикметти жана үнөмдү көргөзөт. Терс сыяктуу көрүнгөн соңсуз хикмет соңсуз жоомартт*"* жана колу ачыктык менен жыйналууда. Мисалы, калың аскер баталъонунун бир максаты - тынчтыкты сактоо. Бул максатка ылайык канча аскер кааласаң бар жана абдан көп. Бирок, чекараны коргоо жана жоого каршы туруу сыяктуу милдеттер үчүн бул аскерлер арандан зорго жетиштүү келет. Кемал-и хикмет менен өлчөлүүдө. Мына, өкүмөтүн хикмети хашмет (айбат)* менен топтоодо. Андай oщол аскерликте ашыкчалык жок деп айтса болот.

 

Бешинчи негиз: Мындайча түшүнөсүң:Уитул кооздолуп жасалган түбөлүксүз жасалгалар убактылуу үчүн эмес, бир жалт этип жоголуп кетүү үчүн жаратылышкан эмес. Балким денеде убактылуу топтолуп, керектүү бир жагдай алууда; неге дегенде көрүнүштөрү алынсын, үлгүлөрү тутулсун, маанилери билинсин, берген натый-жалары сакталып коюлсун.

Мисалы эхл-и эбед* үчүн түбөлүктүү көрүнүштөр даярдалсын. Ошондой эле, соңсуздук ааламында башка максаттар үчүн колдонулсун. Нерселер түбөлүктүүлүк үчүн жаратылганын, түбөлүксүз үчүн жаратылбаганын, балким көрүнүштө у-бактылуу болуп көрүнгөнү менен белгилүү бир милдетти аткарганын жана дем-алышка чыккандыгын мындайча түшүнсө болот: Түбөлүксүз бир нерсе бир жактан жок болуп кетсе, көп жактан түбөлүктүү калат. Мисалы: "Кудурет" сөзү жазылган ушул гүлгө карачы: Кыска бир убакыт и-чинде ал гүл бизге жылмайып карайт. Андан кийин түбөлүксүздүк пардасы аркасына жамынып, көздөн кайым болог, сенин оозуңдан чыккан сөз сыяктуу жоголот. Бирок миңдеген үлгүлөрүн кулактарга сиңңирип кетет. Аны уккан канча акыл бар болсо ошончолук маанилерди акылдарга сиңдирил, түбөлүктүү кылат. Себе-би: маанисин түшүндүрүү милдети бүткөндөн кийин кетет. Бирок, аны көргөн ар кимдин эсинде сырткы көрүнүшүн жана ар бир уругунда мааневи (рухий) ич жүзүн калтырып андан кийин кетет. Ар бир акыл-эс менен ар бир урук- хыфз-ы зинети* (тышкы көрүнүштү сактоо ) үчүн ар бири бирден фотоаппарат жана түбөлүктүү болуусу үчүн ар бири бирден жер сыяктуу. Эң жөнөкөй жашоо түрү болгон өсүмдүк ушундай болсо, эң жогорку жашоо түрү болгон жана соңсуз рухтун ээси болгон Адамзат түбөлүктүүлүк менен канчалык байланышта болгону бат эле билинет. Гүлдүү жана мөмөлүү чоң өсүмдүктөрдүн бираз рухка окшогон ар бирисинин жаралуу мыйзамдары, көрүнүшү атомдор сыяктуу уруктарда укмуштай сонун тартип менен, төңкөрүштөр ичинде дайыма кала берүүсү жана сакталуусу -абдан биримдүү жана абдан бийик ич жү-зүнө ээ, башкача бир дене кийдирилген, акылдуу, нурдуу бир мыйзамдын буйругу болгон адмзаттын руху- түбөлүктүү соңсуздук менен кандай даражада тыгыз байланышта экени түшүнүктүү болот.

Алтынчы Негиз: Мындайча түшүнөсүң: адам баласы жиби мойнуна байланып каалаган жерде оттош үчүн башы бош калтырылган эмес; балким бүткүл амалдарынын көрүнүштөрү алынып жазылат жана бүткүл кыймыл-аракеттеринин натыйжалары суракка тартуу үчүн тиркелип коюлат.

Жетинчи Негиз: Мынадайча түшүнөсүң: Күз мезгилиндеги жай, жаз ааламынын сонун жаратылган нерселериңин кыйрап талкалануусу таптакыр жок болуп кетүү эмес, өлүм эмес. Балким милдеттери аяктагандан кийин дем алышка чыгуусудур.